Жашоодо ким гана жаңылбайт? Жадакалса мыкты режиссёрлор да чоң тасма жаратып жатып көптөгөн кемчиликтерди кетиришет. Кээде андай кемчиликтер билинбей да калышы мүмкүн. Бирок, кичинекей жаңылыштык болобу же чоң ката болобу, кыйын киносынчынын көзүнө илинип калса, анда киночулардын шору. Кино көрүп жатканда кунт коюп карасаңыз, жок дегенде бир ката таап чыгасыз. Кинодогу каталардын саны өтө көп болгондуктан, алардын атайын тизмесин жазып, энциклопедия чыгарып коюшкандар да бар. Гезитибиздин кино рубрикасына эң кызыктуу жана күлкүлүү кино каталарды чыгарууну чечтик. Балким, арасынан сиз да байкап калган каталар кездешээр.
айланып жаткан эле. Ал эми камера кадрды жайлатып көрсөткөндө куту саат жебеси боюнча айланып калат.
экранга “эта история могла произойти исключительно в новогоднюю ночь” деген титр жазылат. Сүйлөмдөгү «исКЮчительно» сөзү грамматикалык ката менен жазылганын мугалим көрсө, режиссёр Рязановго “2” коймок. Ушул тасмадагы дагы бир кемчилик: башкы каарман Мягковду алгач “ИЛ-62” маркасындагы учакка отургузушат. Асманда учуп баратканда ал “Ту-134” болуп калат да, Ленинградка конгондо табышмактуу жол менен “Ту-154” маркасына айланат.
Гарринин бетиндеги тырык кээде оң бетинен, кээде сол бетинен көрүнөт. Эң кызыктуусу, башкы каармандар сүзүп өткөн көл фильм аяктаганда такыр эле жоголуп кетет.Даярдаган Бегайым Мусакеева