Бул айымды көпчүлүк Байра деп тааныйт. Өзүнүн ысымын билбегендер үчүн айта кетели, аты Толгонай. “Байра” брендин негиздеген дизайнер. Дүйнөлүк подиумдан кыргыздын улуттук колоритин таанытып жаткан айымдын бейнесине саякатка чыгалы.
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 13-сентябрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык экономика бөлүмү
4 кыздын энеси
Хоббиси – сууда сүзүү
– Толгонай айым, саламатсызбы? Кесибиңиз экономист экен. Мода дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?
– Эгер окуучу кезде айланамда мода тармагында иштеген адамдар болсо, балким, мен да алардын жолун жолдоп, ошол багыттагы окуу жайга тапшырмакмын. Мен мектепти бүтүп жатканда юрист, экономист кесиптери мода болчу. Бирок мага чет өлкөлүк адамдар менен баарлашкан жакчу. Ошондуктан дипломат болгум келчү. Атама “дипломат, элчи болгум келип жатат” десем, ал “сен кыз баласың, бул кесипти тандап алып кийин кантип иштейсиң? Күйөөң артыңдан ээрчип жүрмөк беле?” деген. Мындан улам экономист адистигин тандагам. Атам ошондо биринчи кезекте үй-бүлө турушу керек деп тагдырыма жол салып койгон окшойт.
18 жашымда турмушка чыктым. 19 жашымда эне болдум. Удаасынан бала төрөп, бир нече жыл үйдө отуруп калдым. Ал ортодо университетти да бүтүрдүм. Банкка жумушка орношсом кайын журтум “үйдө отур” деп жумушка чыгарбай койгон. Бир нече жыл үйдө отура берип чыдай албай калдым. Иштеп, дараметимди өстүргүм келди. Бир жолу бала бакчада кыздарымдын балаты майрамы болмок, ошол майрамга кыздарыма көйнөк тигиш керек болду. Колум кычышып өзүм тикким келди. Базарга барып кездеме алып, бир күндүн ичинде кыздарыма көйнөк тигип бердим, баары суктанышты. Ошондон кийин мени эч ким токтото алган жок. Ушул иш жан дүйнөмө жагып, тигүүчүлүк, моделинг, конструкциялоо курстарына жазылдым. 1 ай окугандан кийин жеке “Байра” аталышындагы коллекциямды чыгарып, мода жумалыгына катыштым. Ошондон кийин кийимдерим сатылып, жумушум илгерилей баштады.
Азыр эстесем, мода дүйнөсү менде бала кезимде эле жашачу экен. Анткени бала бакчада керебеттерге кыздарды тизип отургузуп коюп, ортого чыгып мода көргөзчү элем. Мектепте сүрөттү жакшы тартчумун. – Кайсы жердин кызы болосуз?
– Кайсы бир жердин кызымын деп айта албайм. Анткени ата-энем Чүйдөн болот. Өзүм түштүктө төрөлгөм. Атам юрист болгондуктан ишине байланыштуу бир шаардан экинчи шаарга которулуп турчу. Турмушка чыкканча Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жашадым.
– Жолдошуңуз менен ажырашып кеткениңизге эмне себеп болду?
– Ажырашууга жумушум себеп болгон жок. Кыздарыбыз чоңоё баштаганда аларга тарбия берүүдө көз карашыбыз дал келбей калды. Тил табыша албай баштадык. Айымдар ортодо балабыз бар, убакыт өткөндөн кийин өзгөрүлүп калар деп үмүт кылат экенбиз. Чогуу жашаганыбызга 10 жылдан ашса да дос боло алган жокпуз. Ошондо “азыр жаш кезим, жашоом ушинтип өтүп кетеби? Бул турмушума чекит коёюн. Мамилебиз ушунча жылдан бери өзгөрбөсө, кийин деле өзгөрбөйт. Балдарыбыз кичинекей кезинде ажырашсак, аларга да жеңил болот” деген чечим чыгардым.
– Оор болсо керек?
– Оор болду. Бизди төрт кыз байлап тургандан кийин ага деле кыйын болду. Жаралган жараны “сүф-сүф” деп эле айыктыра албайсың, убакыт керек. Мен кыйналдым. Сыртымдан билинбегени менен, ичимде согуш болуп жатты. Талыкпай иштеп, депрессияга жеткирген жокмун. Мурунку жолдошумдун пейили кенен, кыздары эмнени кааласа ошону алып берип, күнүгө байланышып турат.
– Кыздарыңыздын ичинен жолуңузду улай турганы барбы?
– Төртүнчү кызымды 31 жашымда төрөдүм. Улуу кызым 18 жашта. Кимиси жолумду жолдой турганын так айта албайм. Ар бири өзүн ар тармактан көргөзүп жатышат. Бирок үчүнчү кызым менден өткөн чыгармачыл, ошол кызым улап калышы мүмкүн. Төртүнчү кызым болсо “чоңойгондо “Байра” компаниясында иштейм” деп калат.
– Сиздин эмгектер дүйнөлүк подиумду кантип багындыра баштады?
– Бренд 2013-жылы негизделди. Соода борборлорунун биринде дүкөн ачып, көпчүлүк кардарларымды ошол жактан таптым. Ошол жактан бутума туруп, бул мен үчүн чек эмес экенине көзүм жетип тойбой баштадым (күлүп). Жаңы ачылган соода борборунда чоң дүкөн ачып, кардарлар аз болуп, ката кетирген учурум да болду. Ошол маалда жолдошум менен ажырашып жүргөм. Бирок бат эле жөнгө салып кеттим. Карантин башталганда ал жактан кетип, кийимдерди онлайн сата баштадык. Күнүгө дүйнөнүн ар бурчуна жөнөтүп жаттык. Быйыл 2 кабаттуу дүкөн ачтым. Жакында Ошто, кийин Кыргызстандын бардык облусунда дүкөн ачуу планым бар.
– Жакында Италияда өткөн Мода жумалыгына катышып келдиңиз...
– Буга чейин балдарым кичинекей болуп чет өлкөдөн келген чакырууларга бара албай калчумун. Бир жолу Борбор Азиядагы мода жумалыгы болгондо Нью-Йоркко чакыруу утуп алып, бара албай калгам. Мени менен чогуу катышкан 2 кыргыз жигити Америкага барып, ошол жакта калып калышкан. Быйыл Италиянын Милан, Сицилия шаарларында өткөн мода жумалыгына катышып, кызматташуу боюнча келишимдерди түзүп келдим. Эми кийимдердин дизайнын алып барып, Европадагы фабрикалар менен иштешип, “Байра” деген дүкөндөрдү ачуу планым бар.
Онлайн буйрутмалар көп келет. Африка, Америкада, Европа өлкөлөрүндө кардарларым бар. Башында ошол жакта жашаган кыргыздар гана буйрутма беришчү. Былтыртан бери чет өлкөлүк жарандардан да буйрутмалар түшө баштады.
– Кийимдердин баасы өтө кымбат эмеспи?
– “Кийимдериң сонун, бирок кымбат болсо керек?” деп калышат. “Кийимдер 2 жарым миң сомдон башталат. Андай суммага базардан деле аласыңар го” десем таң калышат. “Дизайнерлик кийимдер 1000, 2000 доллар турат” деп угуп жүргөн досум меникин да ошондой кымбат деп ойлоп жүрүптүр. Бир күнү “орточо баа канча?” деп сурап калды. “7-8 миң сом” десем таң калды.
– Канча адамды иш менен камсыз кыласыз?
– 60 айым иштейт. Алардын ар бирин сыйлайм, жакшы көрөм, ыраазымын. Социалдык тармактан келген “колуң дарт көрбөсүн, колуңа береке” деген элдин батасын кызматкерлериме буруп коём.
– Ийгиликтерди багынта бериңиз. Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова