8-НОЯБРДАН 14-НОЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Башкалар менен мамилеңизде түшүнбөстүктөр орун алат. Алардын ичинде сиздин колдоого муктаж, бирок аны кантип айтуунун жолун билбеген адамдын бар экендигин сезесиз. Ага жакшы сөздөрдү айтып коюңуз. Карьерадан азырынча жылыш күтүлбөйт, ага карабай лидерлик сапатты көрсөтүүдөн жазбаңыз. Чыгашаңыз кирешеңизден ашып кетет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ички туюм күчөп, максатка туура баратканыңыз айкын болот. Жашооңузду кызыктуу кылуунун жаңы ыкмаларын издейсиз. Майда көйгөйлөр чоң иштерди батыраак бүтүрүүгө жолтоо болот. Каржы жаатында жакшы жыйынтык күтүлөт. Айрым маселелер боюнча бирөөлөр менен кеңешип, туура чечим кабыл ала аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Тажрыйбалуулар менен талашып-тартышып, акыл үйрөтпөңүз. Бөөдө элге жаман көрүнүп каласыз. Жаңы иш сунушташса мүмкүнчүлүктү коё бербей макул болуңуз. Кирешеңиз көбүрөөк болмокчу. Жакындарыңыздын бирине өзүм билемдигиңиз жакпай, таарыныша кетесиз. Ишке ашырмайынча план, кыялдарыңызды элге жарыя кылбай туруңуз. Сүйүктүүңүз сырын айтканга аракет кылат, угуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аракетиңиз жакшы болгону менен, көп ишти бир убакта бүтүрүүгө жетишпейсиз. Материалдык абалыңыз туруктуу болуп, көп керектүү буюмдарды алып жүргөн адамдын бар экенин байкап, аны менен таанышып калууңуз ыктымал. Эч кимге колдонууга буюм бербеңиз, сындырышат же уурдатышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Күндөн күнгө идеялар, аны ишке ашырууга энергия да көбөйөт. Чечкиндүү, өзүңүзгө ишенимдүү болуп, баштаган иштерди аягына батыраак жеткиресиз. Бирөөлөргө жардам берүү менен ишенимдүү достордун санын арбытасыз. Апта аягында ден соолукка кам көрүп, эс алуу, хобби менен алектенүү сунушталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сиздин көңүл бурууңуздун жетишсиздигинен сүйүктүүңүз нааразы болот. Таарынычын жазып, көңүлүн көтөрүңүз. Эски кекти сактап бирөөлөр менен чатакташып калуудан сактаныңыз. Ден соолукка кам көрүп тамактануу режимин сактап, көбүрөөк кыймылдаңыз. Жетекчиликтен кызмат ордуңуздан жогорулатууну же айлыкты көбөйтүүнү сурануудан коркпоңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ишиңизде өзгөрүүлөр күтүлөт. Дараметиңизди ашыкча баалабай, милдетиңизге так болуңуз. Булар коомдогу жана жеке жашооңуздагы абалыңызга таасир этет. Жан дүйнөңүзгө таасир этүүчү баарлашууга кез келесиз. Аты жүрөгүңүзгө жакын адам менен мамиленин жакшырышына тырышасыз. Бирок ал жоопкерчиликсиз болуп, жиниңизге тиет.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Бирөөлөргө кошомат кылуунун да, мактануунун да кереги жок. Акылман адамды кеңешчи кылып, реалдуу пландарды түзүп, аракет кылсаңыз көп нерселерге жетишесиз. Жакшы экен деп эле азырынча керексиз буюмду сатып албаңыз. Башы боштор өз чөйрөсүнөн эле бирөөнү жактырып, сезимин билдирүүлөрү ыктымал. Апта аягында жаңылыктар көп болмокчу.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көптөн бери кыялданып жүргөн ишти жүзөгө ашырууга белсенесиз. Иш бир калыпта жүрөт, ошондуктан жашооңузду анализдегенге убакыт болот. Үй-бүлөдө гармония болушу үчүн майда, сын сөздөрдөн качып, мээримдүүлүктү көрсөтүү зарыл. Жол жүрүүдө жаракаттардан сак болуңуз. Айрымдар курулуш, кыймылсыз мүлк жааттагы маселелерди чечүүгө акча издешет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Чөйрөдөгүлөр менен мамиле туруктуу болбойт, ич күптү болуп жүргүчө кимге нааразы болсоңуз айтып алганыңыз жакшы. Ишиңиз көп болот, бирок аны бүтүрүшө турган адам чыгып сүйүндүрөт. Акырындап жакшы доско айланчу адамдар менен таанышасыз. Жумушсуздарга ылайыктуу иш табылат. Иш графиги жакпаса да иштеп туруу кажет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Апта стандарттуу эмес кырдаалдарды тартуулайт. Кыйынчылыкты туура кабыл алып, андан чыгуу жолдорун издеңиз. Маалыматтарды колдонуудан мурда тактоо керек. Элдин көңүл борборунда болууга аракеттениңиз. Бул жакын аралыктагы ийгилигиңиздин негизи болуп берет. Айрымдар келишимдерди түзүүгө, банктан насыя акча алууга аракет кылышат.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Чакырган жерлерге баруудан, иш сапарына чыгуудан качпаңыз. Пайдалуу жактары болот. Иште ийгиликке жеткенсиз, бирок андан да бийикке көтөрүлүүгө убакыт келди. Жакын адамыңыз материалдык колдоо көрсөтүү менен кыйынчылыктан алып чыгып кетет. Бирөөгө сезимин билдирем дегендер чечкиндүү болбосо тилегинин ишке ашышы кыйын.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан