МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ЖОЛ КИРЕНИ АРЗАНДАТУУ КЕРЕКПИ?

Борбор калаада коомдук унаада жол кире акысы 1-ноябрдан тарта көтөрүлдү. Жол кире муниципалдык автобус-троллейбустарда 11 сом, ал эми маршруттук таксилерде 15 сом болгон. Эл арасында “окуучуларга жол кире арзандасын” деген талаптар айтылууда. Окуучуларга жол кире акысын азайтуу реалдуубу? Тиешелүү тараптардын пикирин угуп көрдүк.

“ОКУУЧУЛАРГА ЖОЛ КИРЕНИ АРЗАНДАТУУ ДЕМИЛГЕСИН БИЗДИН КОМИССИЯ КӨТӨРДҮ”

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматкери Мээрим Керимканова төмөнкү маалыматтарды билдирди:

– Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 2-июнунда кароого киргизилген. Транспорт тармагындагы азыркы жагдай эске алынып, бул токтом долбоору жол киреге баанын жогорулоосун болжолдогон.

Кезектеги туруктуу комиссиянын жыйынында Бишкек шаарынын окуучулары үчүн жеңилдетилген жол кире акысын киргизүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Азыркы учурда окуучулар муниципалдык унаада жеңилдетилген жол жүрүү укугуна ээ, ошондуктан окуучулук электрондук жол жүрүү картасын сатып алса болот, бир айга – 240 сом турат (лимитсиз пайдаланылат). Электрондук карталарды автобус, троллейбустардан, оператордук сатуу түйүндөрүнөн сатып алса болот.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, азыр насыя берүүчүлөр менен газ жана электр менен иштөөчү муниципалдык унааларды сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бишкек шаарынын окуучулары үчүн бааны төмөндөтүү маселеси белгиленген тартипте өтүүсү керек, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү анализ жүргүзүп, токтом долбоорун иштеп чыгуусу жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүүсү кажет. Шаардык унаанын иштөөсү, ишти координациялоо маселеси Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына киргендиктен, Бишкек шаардык кеңеши бул процедураны сактоого милдеттүү.

«ТРАНСПОРТ ТАРМАГЫНДА «КУМТӨРДӨН» ӨТКӨН КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕР БАР»

Азиз Сагынбаев, №136 маршруттук каттамдын айдоочусу:

– Мектеп окуучуларына жол кире акысын арзандатуу демилгесин колдойм, бирок айдоочулардын пайдасын да караш керек. Борбордогу мамлекеттин балансындагы унааларга бюджеттен жылына
360 миллион сом бөлүнөт экен, бул деген күнүнө миллион сом бөлүнөт дегенди түшүндүрөт. Биз мэрияга барып 5-6-класстарга чейин окуучуларга жол кирени 10 сом кылалы, бирок пенсионерлер толук төлөсүн дедик. Ошол мамлекеттен бөлүнгөн 360 миллион сомдон пенсионерлердин банктык картасына жол киресин которуп берсин да. Бирок мэриядагылар бул сунушубузду уккусу келген жок. Анткени шайлоодо пенсионерлер добуш беришет, ал эми окуучулар беришпейт, кимдин пайдасына иштегенди билип жатышат. Бизде маршруттук таксини ижарага алып иштегендер бар, мурун ижара акысы күнүнө 1000 сом болсо, азыр 1500-2000 сом болуп калган. Айдоочу жыйынтыкта киреше таппай, чыгаша болуп калат. Ошондуктан маршруттук таксилердин саны көбөйө элек.

Дагы бир маселе, мэрия менен кагаз жүзүндө келишип алышкан фирмалар бар. Алар линияларды бөлүштүрүп, иш графигин түзүмүш болот, анан айдоочулардан линияга киргизиш үчүн акча талап кылышат. Бул фирмалар эки барак кагаз толтурганы үчүн эле олчойгон акча алып отурушат. Кезинде бир маршруттук линияга киргизиш үчүн 3000 долларга чейин алган фирмалар болгон. Азыр ставкасы 300 доллар.

Бизде жумушсуздук менен коррупция жуурулушкан. Кээ бир айдоочулар жумушсуз калбайын деп коррупциялык иштерге көз жумуп келишет. Чынында, унаа тармагында “Кумтөрдөн” өткөн коррупциялык иштер бар.

«ФОРМАЧАНДАР ДЕЛЕ ТӨЛӨБӨЙ ТҮШҮП КЕТИШЕТ»

Бекболот Асанбаев, №4 троллейбустун айдоочусу:

– Азыр эл 11 сомдон төлөп жатат. Ачык нааразычылыктар байкалган жок. Бирок окуучуларга жол кирени арзандатыш керек деген пикирлерге кошулам. Айрым милициянын формасын кийген, УКМКда иштейм дегендер төлөбөй эле түшүп кетишет. Аларга салыштырмалуу окуучулар иштебейт, айлык албайт, ата-энесинин багуусунда. “Троллейбуска күйүүчү май кетпейт, эмнеге жол кире акысын көтөрдү?” дегендерге айтарым, бул унаанын да өзүнүн чыгымдары бар, электр энергиясына кетет, тез-тез бузулуп турат. Тетиктери кымбат, аны чет өлкөдөн буюртма берип алдырыш керек.

Эске салсак, мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй маршруттук такси эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы май айында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш ташташкан.

Окуучуларга жол кире акысын арзандатуу демилгесин колдойсузбу?

Мурат Калдыбаев, айдоочу:

– Окуучуларга, пенсионерлерге жеңилдиктер каралышы керек. Жок дегенде 1-5-класстагы окуучуларга 8 сомдон кылышса туура болот. Анткени маршруттук такси менен жүргөн мектеп окуучулары көп. Айдоочуларга да киреше калыш керек, алардын да үй-бүлөсү бар, балдары мектепке жол кире төлөп барат.

Мээрим Сагынбек кызы, үй кожойкеси:

– Бир үйдө 3-4төн окуучусу барлар кыйналууда. Иш убактысында мектеп окуучулары менен студенттерге 5 сомдон же бекер деле кылып коюшса жакшы болмок. Анткени мектептен сырткары ар кандай ийримдерге барышат. Балдардын билим алуусуна көмөк, колдоо болмок.

Замир Айылчиев, дипломат:

– Троллейбустун жол киресин 11 сомго көтөрүү туура эмес. Күйүүчү май колдонулса да мейли эле. Бизде “билим” деген коом ойгоно элек. Окуучуларга коомдук унаа акысыз болушу керек. Кыргызстанда студенттердин жана мектеп окуучуларынын укугун коргой турган уюмдар жокко эсе.

Шааникан Апазакова, үй кожойкеси:

– Окуучуларга жол кирени арзандатып троллейбус, автобустардын санын көбөйтүш керек. Жол кире 15 сом болгону менен, шарттары мурункудай эле. Саат 19:00гө чейин мектеп окуучулары үчүн атайын автобус, троллейбустарды жүргүзүп коюшса туура болмок.

Бегимай Маматова, тигүүчү:

– Мектепке айрым балдар эки жолу маршруттук такси которуп жетишет, алар иштегендерден кем эмес жол кире коротуп жатышпайбы. Бишкекте автобус менен троллейбустарды эле каттатып, жол киреси 15 сомдук маршруттук таксилерди конуштарга чыгарыш керек.

Жеңишгүл Исакова, үй кожойкеси:

– Мектепте окуган 3 балам бар. Күнүнө үчөөнүн жол киресине 90 сом кетет. Ар бирине түштөнүүгө деп 50 сомдон да берем. Бир айда 5 миң сомго жакын чыгып кетет. Айлыкка жашаган үй-бүлөлөр үчүн бул сумма кымбат. Азык-түлүк, жол кире кымбат, бирок айлык акылар көбөйбөй жатпайбы.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
i-bilim
2021-11-15 10:44:33
Арзандаткан эле эмес, автобус менен бекер ташычу убакка жетишибиз керек.
+1
Jaka1978
2021-11-15 11:59:49
Окуучуларга жеңилдик каралсын
+1
balzak
2021-11-17 11:17:21
окуучуларга талашсыз түрдө категорияга бөлүп, жеңилдетүү керек. Автобус, троллейбустардын жол кире акысынын көтөрулгөнү таптакыр туура эмес!!!!
0
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан