Жанар Акаев: “АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ ЖАКТАГАН ПРИНЦИБИМДЕН ЭЧ КАЧАН КАЙТПАЙМ”

– Жанар мырза, элди кызыктырган эң негизги маселе, эмне үчүн шайлоого дал ушул “Альянс” партиясы менен аттандыңыз?

– Туура бир жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин өз көз карашы бар, прогрессивдүү, курч, эл оозуна алынган саясатчылар ар кайсы партияларга чачырабай, бир күчкө чогулсак гана кудуреттүү болорубузду баарыбыз түшүндүк. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек
Сулайманов, “Республика” партиясынын төрагасы Мирлан
Жеенчороев баштаган депутаттар чогулуп, жеке амбицияларды жыйыштырып, саясий күрөшкө бирге, “Альянс” менен аттаналы деп чечим кабыл алдык. Адилеттүүлүк болсун, мыйзамдуулук орносун деген саясий ишмерлер, кайсы бийлик болбосун эл менен эсептешүүгө мажбур кылдырчу саясий эрки бар, духу бар лидерлер бир пикирге келе алдык. Альянс деген сөз – бул максатташ бир союз, бирикме дегенди түшүндүрөт. Кыргызда жакшы макал бар, “курама темир курч болот” дейт. Партия түптөлөр замат катарыбызга кыргыздын мыкты уул-кыздарын чакырдык, алардын дээрлик көпчүлүгү дароо бизди колдоду. Муну мен сыймыктануу менен айта алам. Мурдагы тышкы иштер министри, билимдүү, чыныгы дипломат Чынгыз Айдарбеков, мыкты экономист Эльдар Абакиров, дайыма элдин таламын талашкан, мыкты демилгелерди ишке ашырып келе жаткан эл өкүлдөрү
Абдывахап Нурбаев, Айсулуу
Мамашова жана башка чыгаан кесиптештерибиз, жаштар, экономисттер биздин партияга кошулушту. Чынында, жалаң адискөйлөрдү бир командага чогулта алганыбыз биздин алгачкы жеңишибиз десем болот. Азыркы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүндө деле, ачык айтайын, олуттуу мыйзам долбоорлорун ишке ашырууда же бийликтин өкүм зордугуна каршы турууда, мен айтып өткөн Жеенчороев,
Сулайманов баш болуп чогуу турдук. Партия түзгөнгө чейин эле биз пикирлеш, идеялаш катары бирге иш алып бардык. Ушунун баары бизди жаңы күч чогултуп, эл мүдөөсүнө төп келген жаңы партия түптөп чыгууга өбөлгө болду. Эң башкысы – дал ушул команда шайлоо системасын өзгөрткөн мыйзам долбоорун каршылыктарга карабай өткөрдүк. Президент аны колдоого алды. Мисалы, мурда конкреттүү талапкерге добуш бере албайт элеңиз, партияга гана добуш берип, анан партиядан кимдер гана депутат болгонун кийин көрчүсүз. Азыр болсо партиянын ичинен өзүңүзгө жаккан, ишенген адамга гана добуш бересиз. Биз шайлоо укугун элге кайтарып бердик. Бул деген сапаттуу эл өкүлдөрү келет, элге жакпаган адам шайланып келе албайт дегенди билдирет. Ушундай өзөктүү өзгөртүүлөрдү биз жасай алдык.

– Чынында, соңку эки жыл ичинде ушул даректүү добуш берүү системасы үчүн көп талашып-тартыштыңар. Натыйжасы кандай болор экен?

– Буга чейин партия лидери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, бир миллион долларга чейин акча берип, эл менен иштебей, үгүт ишине да чыкпай үйүндө чыйт түкүрүп жатып депутат болуп келгендер көп эле. Бул олигархтар. Же мыйзам жазбайт, же эл кыдырып иштебейт, бийликтин айтканынан чыкпайт. Мына ушулардын айынан парламент “чимкирик” атка конду. Бизнестен келген депутаттардын көбү бизнесинен, байлыгынан кол жууп калуудан коркушат экен. Азыр биз сунуштап ишке киргизген шайлоо системасында өзүңө жаккан талапкердин номерине гана добуш бересиң. Мисалы, бюллетенден “Альянс” партиясын белгилеп, анын ичинде талапкерлердин конкреттүү номерин белгилейсиз. Өзүңүзгө жакпаган талапкерге добуш бербей коёсуз. Келечекте эл өкүлүн эл менен иштегенге мажбур кыла турган мыйзамыбыз кабыл алынып, ишке кирди. Демек, парламент сапаттуу куралса, сапаттуу мыйзамдар ишке ашат, элден колдоо алган депутаттын үнү да бийик чыгат. Депутаттын иши – мына ушундай системалык көйгөйлөр менен күрөшүш керек, айылга барып көпүрө куруп, бала-бакчанын ремонтун жасоо өкмөттүн иши. Баса, бул жолу эки бюллетень болот. Бир мандаттуудан райондон чыккан каалаган талапкерге добуш берсеңер болот, бирок партиядан чыккан талапкерге Кыргызстандын кайсы айылынан болсо да шайлоочу добуш бере алат.

– Буга чейин Жогорку Кеңешке эки башка партиядан бардыңыз эле. Эми “Альянсты” негиздегендердин бири катары кетип жатасыз. Буга эмне себеп болду? Жогорудагы эки партияга таарынычыңыз барбы?

– Эч кандай эч кимге таарынычым жок, алардын да мага капачылыгы жок. Мен кайсы партия менен шайлоого барбайын, негизги баалуулуктарым кымындай да өзгөрүүсүз калды. Адилеттүүлүктү жактаган принциптен кайткан жокмун жана эч качан кайтпайм. Ошол убакта бийликтин партиясы же башка акчага таянган партиялар чакырган жок дейсизби? Чакырышкан. Мен Жогорку Кеңешке жеңил жол менен барууну тандаган жокмун. Бийликтин куугунтугуна карабай оппозициячыл партия менен шайлоого чыктым. Бул жолу ойлондум, эмне үчүн өзүбүз, санаалаштар жаңы партия түзүп чыга албайбыз? Колубуздан келет, эл ишеними, Кудайга шүгүр, бар деп ойлойм. Ошентип өзүбүз партия түздүк, абдан туура кадам жасадык деп ишенем, анткени азыр ушул кадамыбызды колдогондор абдан көп экенин сезип жатам. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда деген жакшы сөз бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан