Илияс & Айтурган, блогерлер: "2 СААТ КӨРҮШПӨЙ КАЛСАК ИЗДЕШИП КАЛАБЫЗ"

Айылда туруп ааламга сүйүүсүн даңазалаган бул жан шериктерди интернет айдыңында тааныбаган киши болбосо керек. Жөнөкөйлүгү, ачык-айрымдыгы менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан айылдан чыккан блогер жубайлар
Илияс Чыңгызбек уулу жана Айтурган Замирбек кызы биздин маек төрүбүздө.

– Илияс, Айтурган, кандайсыңар? Тойлордо жар-жар айтып жатасыңар, бул идея эмнеден улам жаралды? Чоң сахнага аттануу оюңар барбы?

Айтурган: – Жар-жар айтуу Чоранын (ред.: жолдошу Илиясты ушинтип айтат) идеясы, сөзүн өзү жазды. Менин оюма койсо ырдабай эле, жакшынакай болуп үйдө отуруп көйнөктөрүмдү тигет элем.

Илияс: – Бизге социалдык тармактардан “ырларды көп жаздыргыла, тойго чыккыла” деген көп сунуштар түшкөн. Негизи эле той бизнеси кирешелүү бизнес турбайбы. Апам менен Айтурган иштебейсиңби деп уруша берчү, иштесе иштейин дедим. Жар-жар айтып тойлордо кызмат кылып, атайын ырларды жаздырып жатабыз, бирок чоң сахнага аттануу оюбуз деле жок. Себеби музыкалык билимибиз жок, болгону талант бар. Ушинтип элге жаккан бойдон эле жүрө берели.

– Элге таанымал боло электеги Илияс, Айтурган азыр кандай болуп өзгөрдү?

А.: – Белгилүү боло электе 5 сомдук семичке чакчу элек, Чора ошондой алып берчү. Азыр болсо кымбатыраак семичке чагып калдым.

– Атактуулуктун кандай жакшы-жаман жактарын баамдай алдыңар?

А.: – Мен бир нерсени байкадым, атактуу болгондон кийин жакын адамдарыңдын чыныгы жүзү ачылат экен. Сени көрө албай артыңдан сөз кылганы, ийгилигиңе чын жүрөгүнөн кубанганы да билинип калат экен. Анан чоочун адамдар деле өлө сыйлашат экен. Эркин жүрө албай калганың жаман экен.

– Экөөңөрдү табыштырган жолдорду эстеп өтпөйсүңөрбү...

И.: – Анда мен Ысык-Көлдө MMA боюнча турнирде жүргөм. Кечинде беттештен кийин дем алып бөлмөмдө жатып, Инстаграмды барактап жатсам эле, бир кыздын сүрөтү чыгып калды. Менин көзүм менен караганда өтө сулуу кыз экен. Сүрөткө Сары-Челектин фонунда түшүптүр, "биз жактык эле карындаштардан окшойт" деп ойлоп койдум. Саламдашпай эле “жашың канчада?” деп жазып жибердим. Көп өтпөй “жашым жыйырмада” деген жооп келди. Окуп туруп, унчукпай койсом, “сиздики канчада?” деп кайра өзү жазды. Ичимден кымыңдап калдым. Ошентип сүйлөшүүлөр уланып кеткен.

А.: – Мага бирөө жазып калыптыр, жооп бербей туруп, сүрөттөрүн карап спортто жүргөнүн билдим, бир гана спортто жүргөнүн билсем жооп бербейт болчумун, китепканада китептер менен түшкөн, комуз черткен сүрөттөрү бар экен. "Кантип эле спортто жүрүп комуз чертип ырдайт?" деп ойлондум. Көңүлүмө жагып, сүйлөшүп көрөйүнчү дедим. Анан да бул жөн эле жөнөкөй сөздөрдү жазып койбостон, сөздүн каймактарын, мончокторун терип жазчу, көпчүлүк ал сөздөрдү колдонбойт. Кыргыздын нукура сөздөрүн колдонгонун өтө баалагам, акылы меникинен бийик экени билинген. Анан экөөбүздө тең тартынмай жок да, сүйлөй беребиз, ошон үчүн бат тил табышып кеткенбиз. Бири-бирибизди бат эле түшүнүп, баш кошуп алдык.

– Кайсы сапаттарыңар үчүн бири-бириңерди тандадыңар?

И.: – Айтурган чечкиндүү. Анан дагы бир сонун сапаты – шоктугу, мунун жанында зерикпейсиң. Мен ушундай кызды кыялданчумун.

А.: – Мага болсо мени эркелеткени жагат, орусча болбогон сөздөр менен эмес, нукура кыргыз сөздөрү менен эркелетет. Жакпаган сапаты – өтө эле пунктуалдуулугу. Чакырылган жерге бир саат эрте барыш керек. “Бол эле, бол” деп мени шаштыра берет.

– Ээрчишип эле жүрөсүңөр, баш кошкону бири-бириңерден канча убакыт алыс болуп көргөнсүңөр?

И.: – Эки саат алыстап калсак эле издешип калабыз. Кыз-жигит кезде деле мен Ошто, бул Өзгөндө болчу. 50 чакырым жерге күнүнө эки жолу келип-кетчүмүн.

А.: – Эң көп убакытка жүргөнүбүз 10 күнгө жетпейт. Мен айылда калып, Чора “батир таап даярдап, анан чакырам” деп Ошко кеткен. Бирибиз айылда, бирибиз шаарда болуп ашып кетсе 2-3 эле күн көрүшпөй калышыбыз мүмкүн. Үйлөнүп туруп Орусиялап кетип калгандарга таң калам, кантип жашашат? Мен Чора достору менен барып келейин десе да “үйдө жалгыз каламбы?” деп ээрчип алып, машинасынын аркасында жүрө берем. Бул достору менен кенен-кесири жүрө берет.

– Пикир келишпестиктер болобу? Мындай учурдан кантип өтүп кетесиңер?

И.: – Жаңы үйлөнгөндө аябай көп болчу, убакыт өткөн сайын бири-бириңди билип калат экенсиң. Азыр уруша элегибизге көп болду.

А.: – Мурда көп урушчубуз. Мен чекчейип тик карап туруп алчумун. Азыр болсо урушуп жатканда жерди карап унчукпай тура берем, анан өтүп кетет.

– Үйдө кандай жазылбаган мыйзамдар бар?

И.: – Ошол жазылбаган мыйзамдар адамдардын бактылуу болушуна тоскоол болот экен, биз андай нерселерди алып салганбыз жашообуздан. Бизде баары сонун, эң негизгиси сүйүүбүз ушул бойдон сакталып калса бизди эч ким бөлө албайт.

Негизи жашоо жеңил нерсе да, адам аны өзү татаалдаштырып алат. Мисалы, бир жолу Айтурган менин бутумду тазалап, бут кийимимди кийгизип жатканын Инстаграмга жүктөсөм, “атасы көрсө эмне дейт, аялын сыйлабайт” деген көп билдирүүлөр келди. Адамдар ушундай жазылбаган мыйзамдарды киргизип, чектерди коюп алышат, анан бакытты кантип сезишмек эле? Чек койбош керек деп ойлойм. Чек деген бакытты сезүүдө тоскоолдук жаратат. Жашоого бир келесиң, каалаганыңды кыла албасаң эмнеге жашап жүрөсүң?

“Эл эмне дейт?” деген бизде деле бар. Элдин айтканындай кылсак, алар бизге эмне кылып бермек эле деп ойлонобуз да, анан баарын четке кагып, өзүбүз каалагандай жүрө беребиз.

– Блогерликтин башы эмнеден башталды? Башында эле элге таанылуу максаты болгонбу?

И.: – Негизи блогерлик дегенди такыр түшүнчү эмеспиз, ал аркылуу акча табышарын деле билчү эмеспиз. Айтурган кызыкчу, видео тартып эле Тиктокко жүктөй берчү. Көрүү көп топтоп, катталуучулар көбөйүп баштаганда кызыгып калдык. Анан жарнама берели дегендер боло баштады. Биринчи жолу 200 сом алганыбызда аябай сүйүнүп, апабызга, досторубузга чейин сүйүнчүлөгөнбүз. Андан кийин катталуучулар да көбөйдү, жарнаманын баасы өстү, анан муну өнүктүрсөк болот турбайбы деп калдык. Блогер болуу үчүн шаар, айыл айырмасы жок, ар биринин өзүнүн көрүүчүсү болот. Эң негизгиси – аракет.

– Илияс, сиз эрежесиз эр уруш боюнча беттештерге чыгып жүрчүсүз, кайрадан спортко кайтуу оюңуз барбы?

И.: – Жакшы гонорар коюлган беттештерге сунуштар түшүп калса, албетте, даярданып кайтууга даярмын.

– Унаа алабыз деп жаттыңар эле, унаа алдыңар. Эми алдыга кандай максаттарды коюп жатасыңар?

И.: – Адамдын жаратылышы ушундайбы, акчаңа жараша пландар өзгөрө берет экен. Мисалы, мен мурун үйлөнсөм айылга барып чабан болом дечүмүн. Себеби мен спортто 9 жыл жүрдүм, спортто жүргөн убакта досторум, Орусияда, эки жакта иштеп үй алышты. Үйлөнүп, жайланышты. Мен үйдөгүлөрдөн уруш уксам деле спорт менен жүрө берип, эч бир каражат деле тапкан жокмун. Анан эле айылда жүрүп блогер болуп кеттик, анан акча түшүп баштады. Акча болсо план, максаттар өзгөрө берет экен.

– Максаттар орундала берсин. Маегиңерге рахмат!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Stervamyn
2021-11-15 09:20:32
Атактуубуз дешиптир,тааныбайткем бирок)
+1
akmanai
2021-11-15 16:13:29
Бактылуу болгула
+1
Bikosh2015
2021-11-20 07:52:46
Кимдер озу булар. Блогербиз, тиктокербиз, спортсменмин дейт. Ха....
0
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан