“Бактылуумун дайыма,
Койгула мени жайыма.
Жүрөгүмдө бар менин
Анжеликанын кызы Айыма”,- деп жооп берет экен каарманым Сагынбек достору кыздар тууралуу сөз кылып калышкан учурда. Айыма Бекболиеванын фанатымын деген Сагынбек Муратали уулу ырчыны көчөдөн көрүп, учураша албай калганы үчүн өкүнүп жүргөнүн да айтып берди.
– Сагынбек, салам. Алгач сени менен таанышып алалы, ээ?
– Макул. Мен 17 жаштамын. Баткендин Лейлегинен болом. Былтыр 9-классты Давха-Сокулук жатак мектебинен аяктадым. Өзүм кичинемден чыгармачылыкка жакынмын. Сүрөт тартам, бийлейм, ыр жазам. Кичине кезимден актёр болууну кыялданам. 2 жылдан бери Кыргыз драма театрынын астындагы студияга тапшырайын деп тапшыра албай жатам. Актёр болуп Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да киного тартылып атактуу болгум келет. 1-2 жолу кастинг тууралуу угуп барсам, кечигип калыптырмын. Бир жолу кастингге барып, менин кезегим келгенде чыгып, сүрдөгөнүмдөн кайра кетип калып уят болгом.
– Ырчы Айыманы жакшы көрөрүңдү айтып калдың...
– Ооба. Айымканы жакшы көрөм. Апасын да, өзүн да чын жүрөктөн жакшы көрөм, баалайм.
– Айыманы алгач кайдан көрүп жактырып калдың эле?
– Телевизордон көргөм. Биз жатак мектепте окудук да, жалаң балдар окучубуз. Кыздарды көрүп калсак “ушул кыз меники” деп тандап алчубуз. Бир жолу телевизор көрүп отурсак Айыма ырдап калды. Мен “ушул кызды жакшы көрдүм” дедим. Балдар “ал сени тоготпойт” деп шылдыңдап калышты.
– Кайсы ырлары жагат?
– “Заблокируй”, “Умтул алдыга” деген ырлары жагат. Айымканы бир жолу парктан көргөм. Ал мени көргөн эмес. "Панфилов" паркында 2 курбусу менен кетип баратыптыр. Мен болсо күнүмдүк турмушта кийчү кийимим менен эле жүргөм. Ал жасанып алган, ушунчалык сулуу эле. Көргөндө сүрдөп, сүйлөөр сөзүңдү эмес, өзүңдү жоготуп коё тургандай болосуң. Карап эле өтүп кеткем. Бирок кайра барып сүйлөсөмбү, эмне десем деп көпкө ойлонуп баргандан тартындым. Жолугуп, жок дегенде бир жолу колунан кармап учурашып койсом болмок экен деп кийин өкүнүп калдым. Айыманы көргүм келет, достошкум келет. Жолугуп сүйлөшүп калсам ага арнап чыгарган ырларымды окуп бермекмин, сүрөтүн тартып белек кылмакмын, дос бололу деп сунуш кылмакмын. Бирок ал мени кабыл албайт деп ойлойм. Ага башка балдар, байдын, депутаттын балдары деле жазат да. Мен ага Инстаграмдан көп жолу жазгам, бирок жооп келген эмес. Анан да ал орусча сүйлөйт. Мен орусча сүйлөй албай уят болуп калбаймынбы деп да ойлоном.
– Ырларыңды бизге окуп бересиңби?
– Түбөлүккө өзүңдү сүйөм, жаным,
Сени карап жылмайып күлөм, жаным.
Чын сүйүүмдү бир өзүңө айта албай,
Кыялданып арман кылып жүрөм, жаным.
Сен менин арманымсың, кыялымсың,
Унутулбас жүрөктөгү чырагымсың.
Ачык айтам, жашырбаймын сүйүүмдү,
Сен менин катылбас бир сырларымсың.
Мындан башка да ага арналган ырларым бар. Айыма мен үчүн өзгөчө. Анын интервьюларын кайра-кайра көрө берем, тажабайм. Айымага жетип калсам арманым жок болмок. Сүйүү бизге эрте го, бирок аны чын жүрөктөн жакшы көрөм деп айта алам.
Перизат Музуратбекова