Апасынан кичинесинен үйрөнгөн узчулукту “бул аялзатка тиешелүү иш” деп жерибей 10 жылдан бери алып келе жаткан жигит бар. Ал – Калысбек Жайчыбаев. Кичи мекени Токтогулдун Өзгөрүш айылынан болгон 26 жаштагы каарманыбыз төшөк көктөп айына 50 миң сомдон ашык киреше табат. Сөз каарманыбызда.
– Үйдө кыз бир тууганым жок, төртөөбүз тең эркекпиз. Андыктан апама кичинебизден кол кабыш кылып жүрүп көп нерселерди үйрөндүк. Апам уз, чебер аял. Төшөк курайт, шырдак шырыйт, жууркан көктөйт. Айылдыктар, ал тургай коңшу айылдан бери кыздарына сеп бергендер апама буюртма берип калышат. Апам жетишпей жатканда биз жардамдашып калчубуз. Ошентип жүрүп шырдак шырып, төшөк, жууркан көктөгөндү агам экөөбүз мыкты өздөштүрүп алганбыз. Тагыраак айтканда, мен узчулукка 12 жашымдан баштап аралаштым.
Кийин мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырып, экономист адистигине ээ болдум. Бирок ал адистигим боюнча иштебей, апамдын жолун улап узчулукка ооп кеттим.
10 жылдан бери ушул жаатта иштеп келе жатам. Учурда бир дүкөндүн цехинде иштейм. Буюртмага жараша 1 күндө 10-20 чакты төшөк көктөйм. Иштегениме жараша айына 50 миң сомдон өйдө табам.
Мен тууралуу видео социалдык тармактарга тараган кезде көпчүлүк менин ишимди колдоп, ийгилик каалап жатышты. “Ушул да эркектин ишиби? Башка иш кылсаң болбойбу?” деген сыяктуу көңүл чөгөргөн комментарийлерди жазгандар да болду. Бул башында мага катуу тийди. Бирок, ойлонуп көрсөм, эл ушинтет экен деген менен, эч ким менин казаныма аш салып бербейт да. Менде ушундай талант болсо аны элден эмнеге жашырып, иштебей коюшум керек? Андыктан азыр андай сөздөргө көңүл бурбай калдым.
Буюртма көп болгондо тынбай иштей берип өтө чарчайм. Бирок бул ишти таштап, башка ишке кетейин деген оюм жок. Жөндөмүң болсо “бул эркектин, бул аялдын иши” дебей иштей берген туура.
Мен жасаган төшөктөрдү эл колдонуп, ошонун ырахатын көрсө, ошол мен үчүн кубаныч. Себин жасаткан кыздар бактылуу болушсун деп ичимден тилек тилейм.
Канымжан Усупбекова