2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өлкөдө мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта эл каттоо жүрөрүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Талапкер Аалы Карашев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, анын арызын БШК канааттандырды.
Бишкек шаары 9-ноябрга карата дүйнөдө абасы булганган 5 шаардын катарына кирди.
Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары УКМК тарабынан пара алууга шектелип кармалды.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда учурда 26 Кыргыз жараны кармалып турганы маалымдалды.
УКМК: Ош шаарында “Хизбут Тахрир” экстремисттик уюмунун түштүк аймагы боюнча лидери кармалды.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун каржылык эрежелери тууралуу макулдашуу ратификацияланды.
Нурбек Исмаилов парламентте депутат катары ант берип, кызматына киришти.
Парламент депутаттары мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө салым кошкон жарандарга ыраазычылык кат тапшырууну сунушташты.
Италияда 9-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги ачылды.
Жалал-Абад шаарында абакка баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлганын ЖАМКдан билдиришти.
11-12-ноябрда президент Садыр Жапаров Стамбулда иш сапары менен болот.
Жалал-Абад шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга шектелген аял кармалды.
Аксы районунда үйлөрдүн биринен курал-жарак жана Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын терилери табылып, үй ээси кармалды.
Бишкекте 2 күндүк рейддин жүрүшүндө коомдук унаалардын айдоочуларына 131 миң сом айып салынганы жарыяланды.
Парламент депутаттары ооруканаларда балдарга орун жок калганын, кошумча бөлмөлөрдү ачуу зарылдыгын айтышты.
Учурда өлкөдө коронавируска каршы 1361 адам дарыланууда, алардын 233үнүн абалы оор.
Кыргызстанда 10-ноябрдан 10-декабрга чейин "Адам укугунун бир айлыгы" өтөрүн Акыйкатчы институтунан билдиришти.
2020-жылы илимий изилдөө иштерине мамлекеттик казынадан 722 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
Казакстан Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөрү маалымдалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.