ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖАНА КӨМҮР БАШКЫ КӨЙГӨЙГӨ АЙЛАНУУДА

Кыргызстанда 2 маселе: электр энергиясы жана көмүр тартыштыгы учурдун башкы көйгөйүнө айланды. Токтогул суу сактагычындагы суунун жылдагыдан кескин аздыгы жана Кара-Кече көмүр кениндеги кырдаал абалды оорлотту. Азыркы тапта Министрлер кабинети элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, айрым чектөөлөрдү киргизүүдөн башка арга таппай жаткан учур. Муну элге кайрылуу жасаган президент Садыр Жапаровдун сөзү да ырастап тургансыйт.

ЭЛЕКТР ЭСЕПТЕГИЧТЕРГЕ ЧЕК КОЮЛДУ

“Түндүк электр” ишканасы электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка 5 жана 10 киловатт-сааттык чек киргизди. Тагыраагы, 1 фазалуу абоненттерге 5 киловатт, 3 фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек коюлду. Энергетика министрлигинин билдиришинче, буга себеп – абоненттердин электр кубатын сарамжал пайдаланбай жатышы. Энергетика системи жогорку басымда иштеп жатканы үчүн жабдыктарга күч келүүдө дейт министрлик.

– Көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык жөнөкөй абоненттердин эки же андан ашык тиричилик техникасын бир учурда иштетүүсүнө уруксат берилбейт. Көмөкчордондор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. Алар ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар. Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда. Аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз,- деп айтылат министрликтин маалыматында.

Садыр Жапаров: “КРИЗИСТЕН 2025-ЖЫЛЫ ЧЫГАБЫЗ”

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык кризистен чыгат деген ишеничте. Бул тууралуу Жапаров 9-ноябрда электр энергиясы маселеси боюнча атайын жасаган билдирүүсүндө айтты.

– Акыркы он жылдан бери бир дагы ГЭС курулган эмес. Суунун башында туруп, коңшулардан кышкысын электр энергиясын сатып алып турушкан. Бир киловатты 5 сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте, 5 сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен, чыныгы баасы арзан эле болсо керек... Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Ошентип жеп келишип энергетика системин банкрот абалга жеткирип, 140 миллиард сомго карызга батырышкан. Бул деген "банкрот" дегенди билдирет. Бүгүн импорттун баасы 2 сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөй, четинен кутулуп жатабыз. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык,- деди президент.

Энергетика системи 2024-2025-жылдары кризистен чыгарын айткан президент “ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “кууруп жесеңер” да маселе чечилбейт” деди.

КӨМҮР КАЗУУДА САБОТАЖ УЮШТУРГАНДАР КИМДЕР?

Жогорку Кеңештин 10-ноябрдагы жыйынында көмүрдүн баасы, тартыштыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

– Айрым аймактарда күйүүчү майдын баасы 85 сомго чыкты. “Бензин сырттан келгендиктен эч нерсе кыла албайбыз” дедиңер. Көмүрдү өзүбүз өндүрөбүз го, эмнеге баасын түшүрө албай жатабыз? Бүгүнкү күнгө чейин баа арзандабай жатат,- деди депутат Айсулуу Мамашева.

Октябрдын аягында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев көмүрдүн баасы жакын арада турукташат деп билдирген. Учурда баа күн санап өсүп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун маалыматына таянсак, “Кыргыз көмүр” ишканасында саботаж жүрүп жатат.

– Жай бою “Кыргыз көмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Азыр да саботаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз. Коррупцияга аралашкан бир канча адам камалды. Кыскасы, чирип калган системди тазалап жатабыз,- дейт өлкө жетекчиси.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан