15-НОЯБРДАН 21-НОЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Койгон эски максаттарыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кайсы ишти баштабаңыз, ийгилик сиз тарапта болорунан кам санабаңыз. Идеяларыңыз ашып-ташып, аны башкаларга да сунуштап каласыз. Карама-каршы пикирлер менен күрөшөсүз, өзүңүз тууралуу адамдардын оюн жакшы жакка бурууга аракет кыласыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Дарегиңизге көп мактоо сөздөрү айтылат. Букачар айымдар бир өмүр жанында боло турган жакшы санаалаш курбу табуусу мүмкүн, ал эми букачар мырзалар киреше алып келчү булак таап, материалдык абалын жеңилдетип алышат. Апта аягында жагымсыз кабар угасыз. Чарчаңкы абал сизди жүдөтүп, жан дүйнөнүн тынчтыгын издеп каласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптанын башында сизге тынчтык керек, ден соолугуңузга зыянын тийгизбесин десеңиз, татаал жумуштарыңызды баштабай турганыңыз оң. Түгөйүңүз менен тил табышууда көйгөйлөр жаралат, маселени уруш-талашка жеткирбей чечкениңиз туура, анткени ортодо айтылган сөздөр менен анын сизге болгон сезимдерин өчүрүп алышыңыз мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ойдо жок жерден кирешелүү бизнес булагын таап аласыз. Адамдарга болгон эски таарынычтарды коё берип, жашооңузду жакшы нукта баштап алыңыз. Жалгыз калып өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп көрүңүз. Сүйүүдө ийгиликтүү жума, үй-бүлөлүү бөйөндөрдүн сүйүү мамилеси мурункудан да бекемделсе, жалгыз бой бөйөндөр түгөйлөрүн табышы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кайсы ишти баштабаңыз ийгиликсиз жыйынтык бериши мүмкүн. Мындай учурда капаланбаңыз, мүмкүнчүлүгүңүздү башка мезгилде пайдаланып көрүңүз. Жиниңиз келе турган, ачуулана турган кырдаалдар жаралат, жакшысы, эмоцияңызды көзөмөлдөп өзүңүздү басууга аракет кылыңыз. Эс алуу күнүңүз жаңы таанышуулар менен жыйынтыкталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жумушта кесиптештер арасындагы шек саноо, күмөн саноолор ачык карама-каршылыктарга алып келип, бул кырдаалда сиз мыкты тынчтыкты орнотуучунун ролунда боло аласыз. Бул апта сиздин оюңуздагыдай өтпөшү мүмкүн. Бирок убактыңызды өзүңүздү өстүрө турган кызыктуу китептер же жакын курбуңуз менен баарлашуу үстүндө өткөрсөңүз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жалгыз бой таразалар баш айланткан сүйүүгө жолугушу мүмкүн, бирок ал мамилеңиз көпкө узабайт, өнөктөшүңүз менен узак убакытка план түзбөй коё турганыңыз туура. Буга чейин артка жылдырып жүргөн иштериңизди тезинен чечүүгө туура келет. Эс алуу күндөрү алыс жолго чыгууну пландап жатсаңыз, рулга отурбаңыз. Кырсыктап же жараат алышыңыз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Сиздин жоопкерчиликтүүлүгүңүз, тактыгыңыз үй-бүлөлүк бюджетке материалдык киреше алып келиши ыктымал. Аптада кесиптештериңиз, жакындарыңыз менен талашып-тартышуудан алыс болуңуз. Үйүңүзгө буюм сатып алууга, түгөйүңүз менен романтикалык кече уюштурганга ыңгайлуу жума болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Буга чейин болуп жаткан үй-бүлөлүк чырларга чекит коюуга убакыт келди. Ишиңизде жылыштар болуп, маанайыңыз көтөрүлөт. Талаш-тартыш, ызы-чуудан алыс болуңуз, анткени сиздин пайдаңызга чечилбейт. Ашыкча сөздөрдү сүйлөп репутацияңызды түшүрүп алуудан абайлаңыз. Дем алыш күндөрү балдарыңыз менен эс алып, үй-бүлөңүздүн курчоосунда болсоңуз, кийинки жумага жетерлик энергия топтойсуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кызматыңызда карьералык өсүшкө мүмкүнчүлүк ачылат. Мүмкүнчүлүктү коё бербей кармап калыңыз. Жалгыз бой текечерлер үчүн болочоктогу түгөйүн табууда ийгиликтүү апта болот. Андыктан алдыңыздан өткөн ар бир адамды кылдаттык менен карап өтүңүз, анткени ал сиздин болочоктогу жубай же өмүрлүк жарыңыз болуп калышы толук ыктымал. Эс алуу күндөрү алыстагы тууганыңызга конокко барып көңүл көтөрүңүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушуңузда ири долбоорлорду ишке ашырып, анын артынан өзүңүзгө болуп көрбөгөндөй аброй топтойсуз. Сүйүүдө туруксуз апта болот, түгөйүңүз менен көйгөйлүү маселелер жаралып ортодогу келишпестиктер сиздерди эки ажырым жолго алпарышы мүмкүн. Эмоцияга алдырбай, амбицияларыңызды ооздуктап ийкемдүү болуңуз. Себеби бир күндө бир өмүрлүк нервиңизди коротуп аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Баштаган ар бир ишиңиз ийгилик менен коштолот. Жумушуңузда эксперимент кылбаңыз, тандалып иштелип чыккан ыкмалар менен гана иштеңиз. Жакын досуңузга берген кеңешиңиз анын тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан жакыныңызга кеңеш берүүдө абайлаңыз. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүз менен кызыктуу кино көрүп же сүйгөн тамагыңызды чогуу жасап эс алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан