– Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүшчүлөрдөн 500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө, чекене баалары мурунку баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү,- деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.
Лунара Бекиева