– Бул кандай, өзүңдүн мүлкүңдү өзүң басып алмак белең? Биз болгону менеджмент акционерлердин кызыкчылыгын коргоонун ордуна, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргоп башташы керек деп эсептейбиз. Кирешени адилеттүү бөлүштүрүү болгон эмес, салыктар боюнча дагы, дивиденд жана киреше боюнча дагы. 20 жыл ичинде "Центерра" 410 тонна алтын алып чыгып кетти, 11,4 миллиард доллар. Бизге 1 грамм алтын калтырган эмес. Мындан тышкары компания таза кирешесин 2,9 миллиард доллар деп көрсөтүүдө, анын ичинен эң ири акционерге 74 миллион доллар гана дивиденд төлөнгөн,- дейт Жапаров.
Лунара Бекиева