Ырына бийи жарашып, элдин бүйүрүн кызыткан ырчы бар. Мурунку интервьюсунда "бир күндө 12 тойго жетишкен учурум болгон” деп таң калтырса, бул жолу “эркиндик эмне экенин билбейм” деп таң калтырды. Эмесе, кызыктуу маекке көз чаптыралы.
– Салам, Айтурган, Ош шаарындагы тойлор сенсиз өтпөйт дешет. Чынбы?
– Саламатсызбы? Ошентип айтышат бекен, ээ (күлүп)? “Калк айтса, калп айтпайт” дешет го, бул сөздүн чындыгы деле бар. Ырчылар да бөлүнөт, кайсы ырчы тойду шаңга бөлөйт, кайсы ырчы элди ала алат, эл билет. Мен бул нерсе менен сыймыктанам.
– Тойлордо көбүнчө “Гүлбаданга” бийлеп калышты.Каракалпактардын ыры экен, ээ?
– Ооба, көпчүлүк муну өзбек тилинде деп ойлошот экен, бирок бул каракалпактардын ыры. Муну мага жолдошум “сага ушул ыр аябай жарашат болуш керек” деп сунуштаган. Башында мага жарашпайт болуш керек деп ойлогом. Студияга барып жаздырып көрүп, бул ыр меники экенин билдим. 3 жылдан бери “Гүлбадан” экөөбүз тойлордо жүрөбүз
(күлүп). Ушул ырым жемиштүү болду, көп ийгиликтерди алып келди.
– Бийлегениң өзгөчө, бул табигый шыкпы же окудуңбу?
– Табиятымдан шыктуумун, атам, апам, үй-бүлөдө баарыбыз жакшы бийлейбиз. “Кыз-Бурак” командасына да дал ушул бийим үчүн алынгам. Гүлшайыр Садыбакасова, Кенже Дүйшеева эжелерим “бийи өзгөчө экен” деп кабыл алышкан. Концерт болобу, той болобу, “ушул жерин минтип бийлейин” деген менде даярдык болбойт. Өзүнөн-өзү уланып кете берет.
– Киного да тартылганга жетишипсиң, ошол тууралуу айтып берсең...
– Негизи мен ырчылыктан мурун актриса болом деп кыялданчумун. Жаңы ырдап чыгып келе жатканымда киного тартылып, бирок продюсерлердин келишпестигинен улам кинолор экранга чыкпай калган. Ташкентте тартылган “Тимур” деген тасмада башкы ролдордун бирин ойнодум. Өзбектердин Мирза Азизов деген таанымал режиссёру бар. Ош шаарына делегация менен келгенинде ал кишилерди тосуп алгам. Алай жергесине алып барып, сыйлап, 6 күндө бир туугандай эле болуп калдык. Мүнөзүмдөн улам ал киши мени тартам деп жүргөн тасмадагы ролго ылайык көрүптүр. Орусиядан Голливуд актёру Игорь Жижикин келди. Казактардан “Рекетир” тасмасы менен белгилүү болгон Саят Исембаев, кыргыздардан мен роль жараткам. Бул ролго өзбек актрисалары деле тартылмак, бирок режиссёр ошол ролго мени көрүптүр. Саят Исембаев менен бир тасмага тартылуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кантип аткарам деген коркуу болгон, бирок жакшы эле аткардым окшойт. Өзүм байкасам, мен олуттуу ролдорго эмес, күлүп, жаркылдаган комедия жанрындагы тасмаларга тартылгым келет экен.
– Кыргызда көп учурда келиндерди эркин коё беришпейт эмеспи, мындай эркиндикти кантип алдың?
– Эркиндикти жолдошум берет. Бирок мен өтө эркинмин деп айта албайм. Эмне кылсам, кайсы жерге барсам, кандай ыр ырдасам, бүт бардыгы жолдошумдун көзөмөлүндө. Ал “бар” деген жерге барабыз, “барбайсың” десе барбайбыз. Үйлөнгөндө мени “ырдабайсың” деп айтса ырдамак эмесмин, анткени мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда. Жолдошум Дамир “сен уча турган адамсың, канаттарыңды кыркпайм” деп өзү колдоп ырдап чыгышыма көмөк көрсөттү. Мен сырттан өтө эркин жүргөндөй көрүнсөм керек, бирок мен эркин деле эмесмин, эркиндик эмне экенин билбейм (күлүп). Коргоо, көзөмөл Кудайга шүгүр эле бар. “Өзүң бара бер” деп калган күндө деле мен бара албайм, сөзсүз түрдө жанымда күйөөм, ал бошобой калса кайнилерим болот.
– Көзөмөлгө башынан эле даяр белең же кыйын болдубу?
– Атам 35 жыл күч түзүмдөрүндө иштеген, бекем тартипке кичинемден көнгөм. Ары жагымдан эле мен бул нерсеге даяр болчумун. Андан кийин “Кыз-Бурак” тобуна келдим. Андагы темирдей тартипти өзүңүздөр билесиздер. Жолдошумдун тартипке бекемдиги алардыкынан да өтүп кетет (күлүп).
– Жолдошуң дайыма жаныңда жүрөт экен, бул эрдикпи же алсыздыкпы?
– Өзүнүн кесиби бар, бирок ал тууралуу айта албайм. Жеке ишкер, бир нече бизнеси бар, аларды телефон менен жайгарып, дайыма жанымда жүрөт. Ушундай инсан, тили менен, сөзү менен баарын жайгарып, акылы бардык нерсеге жетет. Анын жанында ишенимдүү жүрөм.
– Жакында эле “үй-бүлөбүзгө киришпегиле” деген мааниде пост жаздың...
– Жашооңдо болуп жаткан ар бир нерсени эле элге жарыя кыла албайсың. Күйөөм экөөбүз өз оокатыбызды өзүбүз кылып эле келе жатабыз. Чыгармачылыктагы белгилүү эле агабыз “жылдызың жанган сайын бир туугандарың да душман боло баштайт” деген. Дамирдин же менин бир туугандарыма бул сөздүн тиешеси жок, бирок айланабызда ич күйдүлүк кылгандар бар. Биздин жашообузга аралашкандар болду, ошолорго жиним келип жазган элем.
– Кандай апасың деп сурагым келип жатат...
– Балдардын үстүнө үйрүлүп күйпөлөктөп эркелете берген апа эмесмин. Мактачу жерден мактайм, туура эмес кылса жазалайм. Кызым кээде “апа, мени көп эркелетпейсиң” деп калат. Апам бизди да ушундай өстүрдү. Жүрөгү менен жакшы көрөт, ал сезилет. Апам өзү жоош, урушчаак эмес, конфликтке баргандан көрө аны айланып өтүүнү жактырган адам. Балдарына да сүйүүсүн жооштугунан билгизе албай калдыбы деп ойлойм. Атама деле мамилеси ошондой, көп ачыла бербейт. Бул эми мүнөз да.
– Анда сен кимге окшошсуң?
– Атама окшошмун. Атам шайыр, ачык, сөзгө чебер, оюндагысын тарс айтып салган киши. Адамдардын көңүл борборунда болгонубуз да окшош.
– Демек, лидерсиң?
– Жылдыз төлгөм боюнча арстанмын. Арстандар лидер болушат эмеспи. Эч тартынбайм, сахнада иштөө, элди өзүмө тартып алуум да ошол тартынбаганымдан болуш керек.
– Маегиңе рахмат.
Нуржамал Жийдебаева