ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ: КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ 5-ОРУНДА

Белград шаарында 1-7-ноябрь күндөрү өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча чемпиондукта Кыргыз өлкөсү эки алтын, бир күмүш медалга ээ болду. Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 5-орунда жайгашты.

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев финалда армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсеби менен утуп, Дүйнө чемпиону аталды. Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерия менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңишке жетишип, Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды.

Чемпиондукта күмүш медаль тагынган Бекболот Мырзаназар уулу финалда азербайжандык балбан менен кез келген. Кармаш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталып, калыстар жеңишти азербайжандык балбанга ыйгарышкан. Буга кыргыз машыктыруучулары жеринде нааразычылыгын билдиришкен, бирок чечим өзгөргөн эмес. Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан бул финалдык беттешти кайра карап чыгуу үчүн Дүйнөлүк күрөш уюмуна кат жөнөтүлдү.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан