Санкт-Петербург шаарында 4-ноябрда “Open FC” уюмунун алкагында эки кыргыз мушкери беттеш өткөрүп, мөөнөтүнөн мурда жеңип алышты. Бул тууралуу мушкерлердин менеджери Марат Бекмуратов буларды билдирди:
“Супер жеңил салмакта беттешке чыккан Асылбек Рустамбек уулу дагестандык Гусейн Халиковду биринчи раундда нокаутка учуратып, финалга жолдомо алды. Финалдык беттеш 2022-жылы болот. Ал эми орто оор салмакта Уран Сатыбалдиев орусиялык Илья Бочков менен беттешти. Бочков өзүнүн интервьюсунда “Уран жаш, менин деңгээлимде эмес” деп билдирген эле. Мындан улам уюштуруучулар Уранды ага оңой атаандаш болот дешкен. Себеби бел кур Орусияда калышы керек эле. Бирок Уран алгачкы раундда атаандашын нокдаунга учуратып, оор соккуларды узатты. Экинчи раундда Бочков беттештен баш тартып, чемпиондук курду Уран тагынды”.
Динара Акимова