Каарманым дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөн адам. Бир топ ырчыларды сахнага алып чыгып элге тааныткан, учурдун талыкпай иштеген продюсерлеринин бири, ырчы, алпаруучу Лутфилла Бусурманкул уулу менен маек курдук.
– Арыбаңыз, Лутфилла мырза. 17-ноябрга саналуу күндөр калды, концертке кызуу даярданып жатсаңыз керек?
– Албетте, аябай чоң жоопкерчилик экен. Билинбей эле шоу-бизнесте жүргөнүмө 15 жыл болуп калыптыр. Бул убакытта мен бардык жерге лифттин жардамы менен эмес, тепкич менен чыктым. Өнөр дүйнөсү 15 кабат болсо, мен ошонун 3-кабатына келдим деп ойлойм. Бул концертке устаттарым жана шакирттерим катышат. Каражаттын көп кетип жатканына карабай элди зериктирбеген өзгөчө сапаттуу концерт өткөрүү үчүн сценарийдин үстүнөн болушунча иштеп жатабыз. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнгөн адаммын, пенде көрбөсө дагы Кудай көрүп турат. Ушул концерттин арты менен көп адамдарды ылгаганга мүмкүнчүлүк болду. Айрымдарга ишим түшүп калды, өзгөрүп башкача сүйлөп калышты, айрымдар “эмне жардам керек, концерт сонун болот” деп мага колдоо көрсөтүп жатышат дегендей.
– Бала чагыңызга кайрылалы, чыгармачылыкка бала кезден кызыгууңуз бар беле?
– Балалыгым Чоң-Алай жергесинде өткөн. Ойлоп көрсөм, кичинемден эле уюштуруучулук жайым бар экен. Директор менен сүйлөшүп мөөрүн сурап, билет катары дептердин барагына мөөр басып, аны 2 сомдон сатып концерт койчубуз. Негизи мектепте география сабагын мыкты окучумун. 7-класста 11-класстын базасында райондук олимпиадага катышып жеңип алгам, бирок мага жеңишти бергенге болбойт экен. Экинчи орунду алган 11-класстын окуучусуна жеңишти ыйгарышкан. Ошондо айылга жеткенче ыйлап келгем. Көрсө, биз мыйзамды бузуп эле барыптырбыз да. Бирок мен дайыма 5-күндү күтчүмүн, себеби музыка сабагы кирчү. Агайыбыз аккордеондо, ямахада ойноп берчү. Ошондо эле өнөр жолуна кызыгуум бар болчу. Кийин Ошко келип окууга тапшырып, анан ырчылыкка аралаша баштадым. Оштон Бишкекке келип КТРКга режиссёр болуп жумушка орноштум. – Продюсерлик кылуу баарынын эле колунан келе бербейт. Бул ишке кандайча аралашып калдыңыз?
– Продюсерликти Ошто окуп жүргөндө эле баштаптырмын, 3 баладан турган “Ленин пик” деген топ ачып, аларды үйгө жашатып, кийимдерин алып берип, концерттерге алып барып ырдатчумун. Ошондо эле алдамчылар жанымда жүргөн экен, бири башкалар менен кетип калганда кой деп, өзүм ырчылыкка киришкем. Ошто жүргөндө продюсерлик кылып алгачкы чыгарган ырчым Айнагүл Орозбек кызы болду. Кутман Султановдун концерттерин уюштурдум. Бишкекке келгенден кийинки алгачкы кадрым Улан Осмон уулу болду. Жоодарбешим, Марсиана, Кудайберди Айтбосунов, Мурадил Данияров, Темир Дамирбеков, Нурмира Асанова өңдүү көп эле таланттарга жардам бериптирмин.
Продюсер болуу чынында эле кыйын, түйшүктүү жумуш. Өз балдарыңдан дагы ырчыга көп көңүл бурасың. Бир учурда Мурадил менен Темирди бир батирге жашатып, акчасын төлөп, кийим-кечек, азык-түлүгүнөн бери алып барып берчүмүн. Бир күнү Темир “биз чоң эле адамдарбыз, өзүбүздү өзүбүз карай алабыз, андан көрө сиз балдарыңызга алып барып бериңиз. Биз бул жакта бир нерсе жеп отурсак, балдарыңыз, балким, йогурту жок отурбасын” деди. Ошондон кийин анан ойлонуп калдым. Мен жакшы ырчыларды чыгара алдым. Эми, албетте, бузукулар болот, ошолордун тилине кирип, айрымдары душмандардын курмандыгы болду. Бирок анын тарыхында мен алтын тамгалар менен калдым. Ар бир жеп жаткан наны, минген унаасы ким аркылуу келгенин бардыгы билет. – Оозуңуз күйгөн деле учурлар болбой койбосо керек?
– Ооз күйгүзмөк тургай, жан дүйнөңө зыян келтиришет. Мен элдей болуп ырчы болом дегендерден алдын ала акча албай эле, өз чөнтөгүмдөн сарптап жүрө берчүмүн. Үстөк пайызга акча алып иштете берип, анан акталбай калып карызга батпадымбы. Телефон шыңгыраса коркуп калгам. Жебеген самсага акча төлөө өтө жаман экен. Ал учур менин жашоомдогу эң кайгылуу жылдар болду. Бирок ал кез дагы өттү. Анан “Шүмшүк” деген ырым популярдуу болуп, ошол ыр менен карыздарды жаптым. Айрымдар дайыма атыңды айта жүрөт, кээ бири көчтүн башы кайдан башталганын такыр эле унутуп калышат. Ошентсе дагы бул иш жүрөгүмө орноп калыптыр. Дагы деле таланттуу жаштарга жардам бере берем.
– “Шүмшүк” деген ырыңызга токтоло кетпесек болбос. Ыр кандайча жаралды эле?
– Эламан деген шакиртим бир өзбекче ырды угузуп, “ушул ырга башкача текст жазбайсызбы” деп калды. Угуп эле “бийлей турган ыр го, буга башкача текст жазыш керек” дедим. Бир иниме барып “кел, ушул обонго ыр жазабыз” деп түнү менен отурдук. Ал дүкүлдөтүп музыка ойноду, мен болсо ошол жерден эле “туфлиң тык-тык, жүрөгүм дүк-дүк, каякта жүрөсүң, сен шүмшүк?” деп жаза бердим. Кайра ырдап көрсөм окшошту. Мени көптөр “шүмшүксүң, ээ” дей беришчү. Анан акын Гүлжамила Шакировадан “шүмшүк деген сөз адабий тилде кандай мааниде колдонулат?” деп сурадым. “Ийгиликке жеткен, көк бет, өжөр адамдын бир түрүн шүмшүк деп айтат” деди. Анда ырдай берсем болот турбайбы дедим. Кийин эже ырды угуп жактырды. Ушул ыр менен тойлорго чыга баштадым, эл бийлеп укмуш кабыл алды. Мени баккан ыр болду.
– Ишиңиз көп экен, үй-бүлөгө, жакындарыңызга көңүл бура албай калбайсызбы?
– Ишенесизби, үйгө келгенде балдарым мени Америкадан келгендей тосуп алышат. Эки уулум эле эмес, бир жаштагы кызым ыйлап аркамдан ээрчийт. Жумушум бүтпөй кеч калганда кызымдын бакырып ыйлаганын эстейм. Кыз бала башкача сезим берет экен. Мурун командамдагы кыздарды катуу урушчумун. Алар “кыздуу болгондон кийин жумшарып калдыңыз” деп калышат. Тойлордо “Ыйлаба, кызым” деген ырымды ырдап жатканда аталар кызын кучактап ыйлашса, мен дагы кызымды элестетип өзүмчө мукактанып кетем.
Жумушума байланыштуу ата-энемдин жанында боло албасам дагы, камкор баламын. Атамды Меккеге жөнөттүм, апама дайыма тынчсызданып ден соолугун сурай берем. Өткөндө ооруп калганда бутунун тырмагын алып берип, карап жатсам “душманыма дагы сендей бала каалайм” деп мени кучактап алып ыйлады. Үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Баарын камсыздайм, бир жакка жөнөп жатканда муздаткычтарды азык-түлүккө толтуруп кетем, эч нерседен кем кылгым келбейт. Үй-бүлөңдү ачка отургузуп коюп, өзүң тайраңдап жүрө берсең болбойт да. Баланын каалоосун аткарсаң, аны кайрап жүрүп отурасың, мен ушуну кыла алам деген ишенич менен чоңоёт. “Сенден эч нерсе чыкпайт, сен баланчадай боло албайсың” дей берсек баланы басынтып, мокотуп салабыз. Атам мени дайыма көтөрмөлөчү, кийин устаттарым “агымга каршы сүзгөн балык бол”, “шамалга каршы бол” деп мени такшалтышты.
– Маегиңизге рахмат,өзүңүз айткан жогорку кабаттарга көтөрүлө бериңиз.
Динара Акимова