Жалал-Абад шаарында кичи автобустарда жол кире 15 сом болот, шаардык кеңеш чечим кабыл алды.
15-ноябрда кечке жуук Чүй облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Республикалык “СПИД” борбору 19-21-ноябрь күндөрү жарандарды ВИЧке карата акысыз текшерүү акциясын өткөрөт.
Башкы прокуратура: Баткен облустук курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталды.
Кара-Суу районунун Кожокелең айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ишке киргизилди.
Өлкөдө 2021-жылдын 10 айында 299 миң тонна эт өндүрүлгөнү расмий маалымдалды.
Элчибек Жантаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды.
15-ноябрда депутат Дастан Бекешев шайлоодогу үгүт ишине байланыштуу УКМКда сурак берди.
16-ноябрда Бишкек-Ош трассасынын Кара-Суу районундагы тилкесинде 3 унаа сүзүшүп, 8 адам каза тапты.
Бишкекте сасык тумоо, пневмония менен ооруган балдар көбөйүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алыш күндөрү да иштөөгө өткөнүн мэриядан билдиришти.
Өлкөдө 15 жаштан өткөн жарандар коронавируска каршы эмдөө ала башташат.
ИИМ: Экстремизмди жайылтуу менен алектенген 63 сайт аныкталды.
Күчүнө кирген жаңы мыйзамдын талабына ылайык, 15-ноябрда Кыргызстанда 13 министрликтин статс-катчылары кызматтан бошотулушту.
УКМК тарабынан кармалган “Дордой-Дыйкан” базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков мамлекетке 100 миллион сом кайтарганы айтылды.
Бишкек ЖЭБине кышында 1 миллион 650 миң тонна көмүр керектелсе, учурда анын 180 миң тоннага жакыны келип түшкөн.
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев кызматтан бошотулду.
“Түндүк электр” ишканасы 16-ноябрдан тарта карызы төлөнө элек 4600дөн ашык абоненттин электр жарыгын өчүрөрүн жарыялады.
Депутаттыкка талапкердин тууганы Бишкекте добуш сатып алууга шектелип кармалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.