15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашоочулар менен жолугуп, анда көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшөт деп билдирген. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев көмүрдү ташып келүүгө министрлик өкмөттөн унааларды сураганын, буга байланыштуу бааны 3 миң сомго түшүрүү реалдуу экенин айткан эле. Көмүр жетиштүү экенин, аны ташып келүү көйгөй жаратып жатканын айтат Бекмурзаев.
Аталган даректе кардарлардын узун кезеги пайда болду (16-ноябрга карата). Бир адамга 1,5 тоннадан гана көмүр сатылууда.
Көмүрдү 3 миң сомдон сатуу реалдуу болсо, анда буга чейин бааны негизсиз кымбаттатып элди эзип келген деп кимдир бирөөлөр жазага тартылышы керекпи? Президент өзү айткан “көмүр мафиясы” жоопкерчилик тартабы?
Лунара Бекиева