УКМК: ЖАЛАЛ-АБАДДА ОПЕР КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАРАНДЫ КЫЙНООГО АЛГАН ДЕП АЙЫПТАЛУУДА

Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 4 кызматкери кылмышка шектелип жатат. УКМКнын маалыматына таянсак, аларга карата козголгон кылмыш иши учурда тергелүүдө.

Кармалгандар жарандардын бирин кыйноого алган деп айыпталышууда. “Кыйноо фактысы далилденди” деп айтылат маалыматта.

12-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы жана 3 опер кызматкерине алардын кылмышка шектелип жатканы боюнча кабарлама жиберилди. Аларды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемесине камакка алуу чечими чыккан. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан