Кыргызстанда багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылды. Бул тууралуу 17-ноябрда Министрлер кабинети маалымдады.
– Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Министрлер кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген,- деп айтылат маалыматта.
Багуучусунун биринен айрылган ар бир баланын пенсиясынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып – 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып – 2000 сомго чейин жогорулатылат.
Багуучусунан айрылган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.
Лунара Бекиева