Айпери Медет кызы, балбан: “КАНЧА КЫЙНАЛСАМ ДАГЫ МАКСАТЫМА ЖЕТТИМ”

Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айпери Медет кызы биздин маек төрүбүздө. Балбан кыз менен спорттогу сапары, кыйналган күндөрү, жеңиши тууралуу баарлаштык. “Олимпиададан кийин аябай кыйналдым, тамакка табитим тартпай, уктай албай калдым” дейт спортчу.

Анкета:

Туулган жылы – 1999-жыл, 30-март

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, 1-Май айылы

Салмагы – 76 килограмм

Бою – 173 сантиметр

Билими – Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган

Машыктыруучусу – Нурбек Изабеков

Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү, Азия оюндарында коло медаль, Дүйнө кубогунда коло медаль, Алматыда лицензиялык турнирде алтын медаль, Дүйнө чемпиондугунда коло медаль, Олимпиада оюндарында 5-орун, U-23 Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү жана башка

– Салам, Айпери, жеңиш кут болсун! 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугун жеңдиң. Бул жеңиш сага кандай келди?

– Саламатсыздарбы, рахмат. Бул чемпиондук мен үчүн абдан оор өттү. Буга чейин Олимпиада оюндарына, Ослодо өткөн чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катыштым. Машыктыруучум Нурбек Изабеков “бул жылды Ослодогу чемпиондук менен жабабыз” деген эле. Бул жылды алтын менен жабам деген тилегим Ослодо орундалбай калганда “23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна барайын” деп агайга айттым. Ал “болду, эс алышың керек” деди. Эмнегедир жан дүйнөм ушул чемпиондукка барууну самап туруп алды. Ослодон келип бир күн эс алып эле машыгууну баштадым. Машыгуу учурунда эле күйүгүп абдан кыйналып жаттым. Чарчап калгандыктан ушундай абалда болдум окшойт. Тамчылатма укол, укалоо алдым, бирок 100 пайыз өзүмө келе алган жокмун. Адатта эки маал машыгуу өткөрсөк, бул жолу ден соолугума байланыштуу бир маал эле машыгып жаттым.

– Канчалык кыйналсаң да максатты орундатууга аракет кылыптырсың да...

– Белградда ар бир өткөргөн беттеш мен үчүн оор болуп жатты. Жарым финалда америкалык балбан кызды 8:0 эсебинде жеңдим. Эртеси бүт денем, манжаларыма чейин ооруп калыптыр. 7 жыл күрөшүп мындай кыйналган учур болгон эмес. Финалдык беттештин алдында башым ооруп, шалдырап турдум. Агай “эшикке чыгып таза аба жутуп кел” деди. Эшикте 15 мүнөттөй отуруп “Айпери, ушунча келдиң, эми 6 мүнөт чыдап кой” дедим өзүмө. Килемге чыкканда акылымда ыкма жасайын деп эле жаттым, чарчаганымдан денем кыймылга келбей жатты. Болгон күчүмдү жыйнадым. Жеңгенде ошол жерге эле жатып алгым келди. Эптеп агайга жетип желекти алдым, сүйүнүп чуркайын деп ойлоп жаттым, бирок чуркаганга күчүм жетпей койду. 76 килограммдагылар акыркы чыгабыз да, биздики бүтөрү менен эле сыйлык тапшыруучу бөлүк башталат. Мени шаштырып жатышты, колу-бутум титиреп кийине албайм. Назира Марсбек кызы (ред.: балбан кыз)кийинтти. Сыйлыгыбызды алып мейманканага келгенде эле мурдум канап баштады. Денем ысып, ооруп жатты. Канча кыйналсам дагы бул жылды алтын медаль менен жабам деген максатымды ишке ашырдым.

– Азыр ден соолугуң жакшыбы?

– Буюрса, жакшымын, Анталияга эс алууга кетип жатам.

– Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда 3:3 эсебинде акыркы секунддарда жеңишти алдырып жибердиң. Эмнеден катачылык кетип калды?

– Ослого мен дагы, машыктыруучум дагы алтын алабыз деп барганбыз. Тилекке каршы, коло алып калдым. Эстониянын балбан кызын 3:1 эсебинде жеңип жаткам, 1 мүнөт калганда кармап коём дегеним эң чоң катачылыгым болду. Андан көрө ыкма жасашым керек эле, кармайм дегеним үчүн денем каршы кыймыл жасоого даяр болбой калды. 24 секунд калганда бутума кирди, 6 секунд калганда 2 упай алып койду. Бул мен үчүн чоң сабак болду.

– Ата-энең, бир туугандарың тууралуу айтып берсең.

– Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Атам мал чарбачылыгы менен алек, апам орус тили мугалими. Эжекем мурун жеңил атлетика менен машыкчу, азыр эки баланын энеси. Байкем көк бөрү ойнойт. Бөбөктөрүмдүн дагы спортко кызыгуусу бар. Дайыма машыгууда жүргөндүктөн үйгө бир жылда бир эле жолу барам.

– Үйдө баарыңар спортко жакын экенсиңер да, спортко болгон алгачкы кадамың кандайча башталды?

– Мен спортко кичинекей кезимден эле жакын болчумун. Кошуналарым эркек балдар болгондуктан алар менен чүкө ойночумун. Мектептен тарагандан кийин балдарды чогултуп алып, суу жээкке барып аларды бири-бири менен күрөштүрүп, өзүм дагы алар менен күрөшчүмүн. Кээде тойлордо дагы күрөшүп калчумун. Кийин эле мектепке Дүйшөн агай (ред.: машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров) келип кыздарга машыгуу залы ачыларын айтты. Мен ошондо аябай кубангам. Ошондон көп өтпөй зал ачылды, машыгып баштадык.

Мен чоң ата-чоң апама жакын болчумун. Аларды ата, апа деп, өз ата-энемди Салтанат апа, Медет ата деп аттарын кошуп айтчумун. Чоң ата-чоң апам ооруп калган учурда мен машыгууларды, залга барганды токтоттум. Окуйм, дарыгер болом деп чечкем. Анан Дүйшөн агай мектепте иштеген атамдын агасына, апама “Айперини күрөшкө алып келгиле, анда шык бар” деп айтып жатып, анан кайрадан күрөштү баштагам.

– Олимпиада оюндары тууралуу сөз кылбасак болбос, челлендж боюнча дагы ар кандай пикирлер айтылды...

– Олимпиада оюндарынын алдында Эстонияда эл аралык сбор өткөрдүк. Негизинен, жакшы даярдандык, жакын калганда телефонумду өчүрүп, “мени туура түшүнгүлө” деп баары менен, керек болсо ата-энем менен дагы байланышты үздүм, социалдык тармактардан четтедим. 5:30да туруп, 6да көнүгүү жасап, эртең мененки тамакты ичип, саат 8де килемге кирип жаттык. Ар бир спортчу эле Олимпиадага алтын алам деп барат. Менин дагы максатым алтын медаль болчу. Жарым финалда америкалык балбан кызга жеңишимди тарттырып жибердим. Бул жеңилүүм үчүн мен эч кимди күнөөлөбөйм, “челлендж болбогондо сен жеңмексиң” деп жатышат, бирок мен ошого жеткирбей эле эки упайды алып койсом болмок да. Нурбек агай челленджди упай берет деген жакшы ниети менен басты. Убакыт бүтүп, америкалык балбан кыз бакырганда кулагым тунду, “ушу менен Олимпиада бүтүп калдыбы?” деп дендароо болуп жаттым. Бул дагы Кудайдын буйругу экен.

Олимпиададан кийин аябай кыйналдым, тамакка табитим тартпай, уктай албай калдым. Менин эле эмес, машыктыруучумдун эмгеги, элдин ишеничи, айтор, ойлонбоюн десең дагы ойлонот экенсиң. Машыктыруучум өз бала-чакасын таштап, жакшылыгыбызды, кайгыбызды бөлүшүп экинчи ата-энебиз, керек болсо курбубуз болуп ар дайым биздин жаныбызда жүрөт. Мисалы, менин салмагымда залда кыздар жок болгондуктан, агай мени менен жалгыз иштегенге туура келет. Ушунча мээнетин жумшап жаткан машыктыруучумдун, дайыма жакшы сөзүн айтып алдыга жылуума себеп болгон элдин ишеничин актагым келет.

– Ийгиликтер али алдыда. Максаттар орундала берсин, маегиңе рахмат!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ChagyIgan7
2021-11-22 12:55:54
Окарочка!
-6
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-22 13:59:13
Алтын кыз
+5
Jaka1978
2021-11-23 07:10:40
молодеееец
+3
Jaka1978
2021-11-23 07:10:52
молодеееец
+3
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан