Нурсултан, Зульфия, тиктокерлер: “24 СААТ ЧОГУУБУЗ, БИРИ-БИРИБИЗДЕН ТАЖАБАЙБЫЗ”

Көпчүлүк интернет колдонуучулар “кыш келип калды, бул жуптун үйүнүн курулушу бүттүбү?” деп кабатырланышат. Жубайлар Нурсултан менен Зульфия көбүнчө курулуш иштери учурунда видео тартып жүктөп Тиктокто белгилүү. Экөө кесиби боюнча актёрлор экенин, Чүй облустук театрында эмгектенишерин билчү белеңиз? Кызыктуу маалыматтарды маектен кенен окуй аласыз.

– Кандайсыңар, Нурсултан, Зульфия? Үй бүтүп калдыбы?

Нурсултан: – Жакшы, кош келипсиздер. Үйүбүздүн 80 пайызы бүтүп калды.

Зульфия: – Курулуш иштерин Нурсултан жасап жатат. Мен жанында жардамчымын. Жардамчы болгондо кандай? Аял киши сынга кыйын экенбиз. Түшүнсөм-түшүнбөсөм деле “ай, мындай кыл” деп жанында жүрө берем. Ошентип жатып, буюрса, бүтөрүнө аз калды.

– Жакшы экен. Эмнеден улам Тикток тарта баштадыңар?

Н.: – Экөөбүз видеолорду көрүп отуруп жубайлардын чогуу Тикток тартканын көрүп калдык. Анан “кел, биз деле элдин күлкүсү үчүн аракет кылып көрөлү” деп тартып баштадык.

З.: – Биз башында вайн тарткыбыз келген. Тартсак окшошкон жок, көп көрүлгөн да жок. Кийин Тикток тартып көрөлү деп алгач Кубик Калыков менен Асел Турдалиеванын “Куттан кабар жок” деген ырына видео тартып жүктөсөк, көп көрүлдү. Бизде кызыгуу пайда болду. Анан куудулдардын сатираларына пародия тартып жүктөп туралы дедик. Анткени сатиралар сахнада бир жолу эле ойнолуп, актуалдуу болсо деле көп тарабай калат.

– Видеолоруңар көп көрүлүп кетет деп күттүңөр беле?

З.: – Күткөн эмеспиз. Кесибибиз боюнча да актёр, актрисабыз. Ошондуктан өзүбүздү алаксытып тартып туралы дегенбиз. Жыйынтыгы биз күткөндөн жакшы болду. Азыр Тикток кошумча киреше булагыбыз болуп калды.

– Бир видеоңор 6 миллионго жакын көрүлүптүр...

З.: – Ооба, ал видеону экөөбүз курулуш иштерин жасап жүрүп эле “ушул жерден видео тартып койбойлубу” деп телефонду унаанын үстүнө коюп тартканбыз. Эртең менен турсак көрүү миллиондон ашып кетиптир. Азыр 6 миллионго жакындап калды. Мынчалык көрүлөт деп күткөн эмеспиз.

– Комментарийлерди окуйсуңарбы?

З.: – Мен окубайм. Бул киши ар бир комментарийди уйкудан калып түнгө чейин окуп чыгат.

Н.: – Жакпаса келип мага жолугуп, бетиме айтсынчы деп ойлой берем.

З.: – Башында бир ирет апам аябай жини келип бизге келиптир, “кана, телефонуң? Жаман комментарий жазып жатат, жооп бербейсиңерби” деп күйүп алган. “Апа, алар жаза беришет” десем, “кенебейт го” деп таң калган. Азыр баарыбыз көнүп калдык. Бизге 10 пайыз эле жаман комментарий жазылат, калгандары жакшы жазышат.

– Экөөңөр кайдан табышып калгансыңар?

З.: – Кесибибиз аркылуу табышканбыз. Мен анда студент болчумун, Нурсултан театрда иштечү. Бул мага Фейсбуктан достошуу сунушун жөнөткөн. Көңүл бурган эмесмин. Сүрөттөргө лайк басып, комментарий жазып жүрдү. Бир күнү театрда жүрсөм бирөө “кандайсың?” деп өтүп кетти. Бул бала ким эле деп 3 күн ойлондум. Анан Фейсбукка сүрөт жүктөсөм лайк басып калды. Ушул бала го деп жакшылап сүрөттөрүн карап чыктым. Биздин кесип оор, аны түшүнгөн адамга турмушка чыкпасаң окуганың бекер болуп калат. Ошондуктан актёр экенин билип, "вариант" экен деп койдум. Бул ага чейин эле мен жөнүндө маалымат топтоп койгон экен.

– Нурсултан, сиз анан "вариант" экениңизди билдиңизби?

Н.: – Өзү деле "вариант" болчу (күлүп).

– Кийин мамилеңер кандай уланды?

З.: – Ошентип таанышып, 2 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2019-жылы кокус орус кыз алып албасын деп тийип алгам. Азыр 1 балабыз бар, ал бир жаштан өтүп калды. Экөөбүз тең Чүй облустук театрында иштейбиз. Күндүз жумуштабыз, анан өзүңүздөр Тиктоктон көргөндөй, кыш, жай дебей курулуш иштери менен алекпиз. Экөөбүз 24 саат чогуубуз, бирок бири-бирибизден тажабайбыз.

Мен мурда актёрлорго такыр ишенчү эмесмин. Cөз айтканда “эгер мени менен ойноп жатсаң тим эле кой” дегем. Бул “сен мага жагасың” деди. “Чын эле жактырганыңды далилде” десем, “Караколго барып келели, апамдар менен тааныштырам” деди. Ошондо ишенип, сүрдөө пайда болгон. Апам менен тааныштыргандан кийин эле үйлөнөбүз деди. Анда 3-курста болчумун. “Тийсем окууну бүтпөй калам. Бир жыл коё туралы. Экөөбүз тең театрдын адамыбыз, айлыгыбыз эч нерсеге жетпейт. Бир жылга театрды таштап, Орусияга иштеп кел” деп көндүрүүгө аракет кылдым. Мен эле эмес, апам да, кайним да Орусияда болчу. Алар да чакырып калышты. Анан бул кетти. Окууну бүтүп жатканда экөөбүз сүйлөшүп, Караколдон Нурсултандын чоң энеси, кайнатам келип, бул жактан менин ата-энем болуп чогулуп, мага сөйкө салынды. Анан бул мага билет алып берип, мен Сахалинге учуп кеттим. Ошол жактан кайненемдер көшөгө тартып салт-санаасын кылып, нике кыйдырып, кичине тойчук кылып баш кошуп алдык. Экөөбүз Орусияда 1,5 жыл иштеп келдик. Ошол жактан акча чогулттук. Ата-эне, бир туугандарыбыз жардам берип ушул үйдү алып калдык. Менин байкем 50 пайызын чыгарып берди.

Баары өз убактысында шартка жараша болуп жатат. Бойдок кезде “күйөөм сонун көйнөк кийгизип, Лимузинге отургузуп алып кетиши керек” деп кыялданчумун. Азыр деле айтып жүрөм. Билбейм, качан кийгизет. Бирок ак көйнөк кийгизем деп сөз берген.

– Бири-бириңердин кайсы сапатыңарды жактырдыңар?

З.: – Сайраганын дебейсиңби (күлүп).

Н.: – Жүрүм-туруму, ачык-айрымдыгы жакты. Көп сүйлөөрүн билген эмесмин.

З.: – Жаңы үйлөнгөндө жарым саатта бир сөз сүйлөчүмүн да. Азыр, тескерисинче, бир маселени жарым саат сүйлөйм (күлүп).

Н.: – Ошонусу болуп калды (күлүп). Башкысы жаңылган жокмун. Өзүмө татыктуу жубайды таптым.

З.: – Жашоодо бир жакшыга бир жаман, бир узунга бир кыска, бир жоошко бир бышык туура келет экен. Бою кыскасы, жаманы мен, бул жоош, көп сүйлөбөйт. Негизи Кудай теңдеп эле кошкон экөөбүздү.

– Тиктокту жабыш керек деген пикирлер айтылып келет...

З.: – Жабылып калса турмушубуз токтоп калбайт. Тиктокко чейин деле жашаганбыз. Бирок бул Инстаграм, Фейсбукка окшогон эле тиркеме да. Тикток учурдун талабы болуп жатат. “Балдарым жаман видео көрүп жатат” дешет. Жок, бул ата-эненин колунда. Ата-эне өзү кандай видео көрүп, лайк басып, комментарий жазса, ошого окшош видеолор чыгат. Ошол телефонду баласына берет да. Жабылсын дегенге каршымын. Анда башка тиркемелер да жабылышы керек. Билинбегени менен Тиктоктон көп адамдар нан таап жешет.

– Маегиңерге рахмат. Үйдү эрте бүтүрүп, кирип алгыла.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
“Үйүбүздү жумуштан кийин өзүбүз эле салып алдык”,- дейт Тик-Ток жылдызына айланган жубайлар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ChagyIgan7
2021-11-22 12:56:48
Фу бесит ушулар
+3
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан