Футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттештерин жыйынтыктады. “Ак шумкарлар” 11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында Сингапур курамасына каршы беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алышты. Беттештеги алгачкы голду оюндун 3-мүнөтүндө коргоочу Айзар Акматов жаратса, экинчи голду 9-мүнөтүндө чабуулчу Эрнест Батырканов жаратты.
Ал эми 16-ноябрда Бахрейн курамасына каршы оюнда 4:2 эсебинде Бахрейн утуп алды. Кыргыз курамасынан голдорду Валерий Кичин 16-мүнөттө киргизсе, экинчи голду 24-мүнөттө Одилжон Абдурахманов киргизди.
Динара Акимова