Табышмактуу, сырдуу, дүйнөнү таң калтырган катаал мыйзамдары менен белгилүү Корея Элдик Демократиялык Республикасына саякатты сүйгөн туристтер да кыйынчылык менен барышат. Кол башчысы диктатор, социализм режими сакталып калган, өзүнүн өзөктүк куралы менен дөө-шаа мамлекеттерди сестентип турган Түндүк Корея тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Борбор шаары – Пхеньян
Аянты – 120 миң 540 чарчы чакырым
Калкынын саны – 25 899 347 (2021-жыл)
Өлкө лидери, жогорку кол башчы – Ким Чен Ын
Валютасы – Түндүк Корея вону (100 вон = 9,42 сом)
Мамлекеттик тили – Корей тили
Мамлекеттик башкаруу формасы – Бир партиялуу парламенттик республикаТАРЫХЫ
Корея Элдик Демократиялык Республикасы – Корей жарым аралынын түндүк тарабында жайгашкан. Түштүк тарабынан Түштүк Корея менен, түндүгүнөн Кытай, түндүк-чыгышынан Орусия, батышынан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи менен чектешет. Калкынын 99 пайызы корейлер. Ошондой эле калктын басымдуу бөлүгүн атеисттер түзөт.
Корей мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы биздин заманга чейинки IV-III кылымга туура келет. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Корея мамлекети Япон империясынын карамагында болуп келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин көзөмөлүндө болгон түндүк тарабы Түндүк Корея, АКШнын көзөмөлүнө кирген түштүк тарабы Түштүк Корея болуп экиге бөлүнүп кеткен.
Өлкө 1948-жылы Ким Ир Сен тарабынан негизделген, ал бийликте 1994-жылга чейин турган. Ал каза болгондон кийин бийлик анын уулу Ким Чен Ирге өткөн. 2011-жылы Ким Чен Ир каза болгондон кийин анын ордун уулу Ким Чен Ын ээлеген.
Түндүк Кореядан көмүр, коргошун, вольфрам, цинк, магний, темир, алтын, жез сыяктуу кен байлыктар казылып алынат. Жаратылышы бай, эмен, жаңгак, сибирь арчасы сыяктуу өсүмдүктөр өсөт. Жырткыч жаныбарлардан жолборс, леопард, аюу, сүлөөсүн жана карышкырлар жакшы корголуп сакталган. Аталган өлкөдө 15-апрель – Күн күнү катары белгилүү, жарандар бул күнү Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүн белгилеп, анын сүрөттөрүнө сыйынышат.ТҮШТҮК КОРЕЯ МЕНЕН МАМИЛЕСИН ЖАКШЫРТУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ
Экинчи дүйнөлүк согушта Япония советтик аскерлерге жеңилип, Корей жарым аралын АКШ менен Советтер Союзу экиге бөлүп алышкан. Түндүк Корея Совет өлкөсүнүн, Түштүк Корея АКШнын карамагына өткөн. Түндүк Корея 1950-жылы көбүрөөк аймакка ээ болуу максатында Түштүк Кореяга аскерлери менен бастырып кирген. “Корей согушу” аталып калган бул тирешүүдөн соң бир эл биротоло экиге бөлүнүп, толугу менен мамилесин үзүшкөн. 2018-жылы Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин көп жылдык тыныгуудан кийин жолугуп, эки өлкөнүн мамилесин жандантууга аракет кылышкан. Бирок 2020-жылы Түндүк Корея жол башчысы мындан ары эч качан түштүк кореялыктар менен сүйлөшүүгө барбаарын айтып, кошунасын өзөктүк куралы менен коркуткан. Диктатор Ким Чен Ын телеберүүдөн Түштүк Корея бийлигин ачык сындап, аларды Түндүк Кореядан качып барган активисттерди кабыл алганы үчүн айыптаган. Диктаторду качкын активисттердин Түштүк Кореяда аны жамандап кагазга жазып, шарга байлап учурган жоругу кыжырданткан.ТУРИСТТЕР ЭРКИН ЖҮРӨ АЛБАЙТ
Чет элдик туристтер өлкө аймагында өз алдынча каалагандай жүрө алышпайт. Туристти бийлик тарабынан бекитилген атайын гид коштоп жүрөт. Гид уруксат берген жерлерди гана сүрөткө тартууга болот. Эске салсак, 2016-жылы 23 жаштагы америкалык студент Түндүк Кореяга туристтик команда менен барып, мейманканадагы плакатты жулуп алгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок АКШ бийлигинин кийлигишүүсү менен ал бошотулуп, өз мекенине кайтып келгенден көп өтпөй каза болгон. Мунун себебин туугандары ал түрмөдө жатканда оор шарттан улам ооруп калганы менен түшүндүрүшкөн.ТҮНДҮК КОРЕЯ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Лунара Бекиева