21-ноябрдын таңында Кыргыз жергеси океандын ары жагында намыс талашып жүргөн алтын кызын тосуп алды. UFC уюмунда 6 жолу чемпиондук курун коргогон кыргыз мушкери Валентина Шевченко эки жылдан бери мекенине келе элек болчу. Бул сапар өлкөдө бир айга чукул болорун, Ысык-Көлгө барарын билдирди. Мушкер көп күттүрбөй күйөрмандары менен жолугушту. Аны көрүп туруп "канчалык бийик болсоң, ошончолук жапыз бол" деген сөз эсиме келди. Убактысы болсо ар бир күйөрманына көңүл бургусу келип турганы анын көздөрүнөн көрүнүп турду.
КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ БОЛГОН САПАРЫ ЖАНА БИШКЕК
– Мекенге болгон бул сапарды биз көпкө пландадык, негизи сентябрь айында келмекпиз, шартка байланыштуу жылып калган. Мына акыры өз үйүмдөмүн. Жергеме келгениме кубанычтамын. Кыргызстан – менин мекеним, күч-кубат алган жерим. Эки жыл мурун алган демим менен наамымды ийгиликтүү коргоп жатам. Дагы да ошончо күч алып кетем деп ойлойм. Келгениңиздерге ыраазычылык. Кыргызстан, алга!
Биздин өлкө аябай уникалдуу, ак көңүл эли, жакшы адамдары, ажайып жаратылышы бар. Ашканасы тууралуу айтпай эле коёюн, тамактарын аябай жакшы көрөм. Бишкек мурункудан кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери – эски шаар, борбор ошол бойдон экен.
Менден көбү "сага эмне мотивация берет?" деп сурашат. Мага мотивацияны силер бересиңер. Ушундай жолугушуулардан кийин ар бир беттешти жеңгим келет. Кыргыз элине көбүрөөк кубаныч тартууласам дейм. Бул мен үчүн өтө маанилүү.– Спорт жолунда сиз үчүн эң оору эмне болду?
– Эгерде адам профессионалдуу түрдө машыкса жана машыгууну сүйүп турса, анда эч кандай оорчулук болбошу керек.
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Алдыдагы планым – мындан ары да талыкпай машыгып чемпиондук курду коргоону улантуу. Ар бир беттеште жөн эле мушташып койбостон, өзгөчө чеберчиликти, мыкты техникалык тарабымды көрсөткүм келет.
– Турмуш куруу оюңузда барбы?
– Ар бир нерсенин өзүнүн боло турган убактысы бар. Эгер кыз 21 жашта турмушка чыккысы келсе, бул анын жеке тандоосу, башка куракта турмуш кургусу келеби, бул дагы жеке тандоо. А күйөөгө 40 жашта эмес, керек болсо 60 жашта тийе берсе болот. – UFC уюмунда кыргыз мушкерлери чыгышы мүмкүнбү?
– Жашоодо баарын жасоого мүмкүн. Башкысы, талыкпай машыгып, аракет кылыш керек. Кыргызстанда ММА боюнча мыкты мушкерлер бар. Эң негизгиси, каалоо керек. Буюрса, алдыда UFC уюмунда мырзаларды эле эмес, кыргыздын кыздарын дагы көрө алабыз.
– Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан Рафаэль Физиев тууралуу эмне дейт элеңиз?
– Рафаэль азыр жаш, көп түйшүк тартып жатат десе болот. Күн сайын машыгат, балким, өзүн издеп жүрөт. UFC уюмунда күч сынашуу кыйын. Жоопкерчилик өскөн сайын көп ойлоносуң. Айрым учурда жаштар ачууга алдырып жиберишет. Менимче, Рафаэль эмоцияга алдырып койду.ТАСМА ТАЛААСЫ ЖАНА ХЕЛЛИ БЕРРИНИН СЫНГАН СӨӨКТӨРҮ
– “Сокку” (“Bruised”) тасмасынын тартуу иштери башталганча актриса Хэлли Берри менен эки айдай даярданганбыз. Албетте, бул өтө чыңалыңкы иш экен, күнүнө 5 сааттан машыгып жаттык. Тартуу иштери 5 күн болду, ар бир күнү бирден раундду тартып жаттык. Жумушубуз таңкы саат беште башталып, кечки саат он экиде аяктап жатты. Мен үчүн бир аз оор болду.
Физикалык жактан чарчап калат экенсиң. Чынын айтканда, кайсы учурда жаракат аларын эч ким билбейт, баары күтүүсүздөн болот, анткени бул спорт. Хелли Берринин сөөктөрү тартуу учурунда сынган. Анын жаракат алып калганына карабастан тартуу иши жакшы аяктады. Кошумчалай кетсем, тасмадагы финалдык беттеш алгачкы күндөрү, ал жаракат алганга чейин тартылган.
ЭЗЕЛКИ АТААНДАШЫ АМАНДА НУНЬЕС ТУУРАЛУУ
– Мен Аманда Нуньестин жакшы же начар формада болушун күтпөшүм керек. Биз экинчи ирет кездешкенде ал өтө мыкты формада болчу, бирок ал беттеште мен жеңгем. Аны менен беттеш сөзсүз болушу керек. Бирок ал менден качып жаткандай таасир калтырууда. Качан болбосун беттешүүгө даярмын деп айтып келем, тагыраагы, UFC уюму бул беттешти өткөрүүнү кайсы убакта кааласа мен ошол учурда аны менен беттешүүгө даярмын.
Динара Акимова