ЖОГОРКУ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА 1 ЖЫЛ ЛИЦЕНЗИЯ БЕРИЛБЕЙТ

Кыргызстанда жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүгө 1 жылга тыюу салынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 24-ноябрда жарыяланды.

Чечимдин максаты – Кыргыз өлкөсүндө медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Учурда өлкөдө 22 ЖОЖ медицина кадрларын даярдайт. Анын ичинен 5 окуу жай мамлекеттик, калганы менчик окуу жайлар.

– Акыркы 5 жылдын ичинде 12 жылдык билим базасында 5 жылдык окуу мөөнөтү менен англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн "Дарылоо иши" программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылды. Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда (5 арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес. Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген,- деп айтылат маалыматта.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан