– Жарандык авиация агенттиги чарбалык субъект эмес, андыктан №1 бортту качан алмаштыруу керектигин аныктай албайт. Президенттин учагы эскиргендиктен анын учууга жарамдуулугун жана учуу коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын көбүрөөк чыгым талап кылынат. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет,- дейт Настаев.
Өлкө жетекчисин ташыган учакты жаңылоо керектиги көптөн бери айтылып келе жатат. 2018-жылы парламент депутаты Таабалды Тиллаев №1 борт техникалык жактан эскиргенин, ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздугу үчүн жаңы учак сатып алуу зарылдыгын айтып чыккан. 2019-жылы бул учак Орусияда бузулуп калып, ал кездеги президент Жээнбеков Бишкекке катардагы каттам менен учуп келген.
Кыргыз президенттерин ТУ-154 учагы ташыйт. Ал 1993-жылы чыгарылган, 28 жылдан бери колдонууда. Кыргызстанга алынып келингенине 15 жыл болду.