NETFLIX КЫРГЫЗСТАНДА ТАСМА ТАРТТЫ

Netflix стриминг кызматы Кыргыз өлкөсүнөн тасма тарткандыгы тууралуу Бириккен Улуттар Уюму аркылуу билдирди.

Долбоордун алкагында өлкөгө Нидерландыдан тасма тартуучу топ келген. Netflix компаниясынын буюртмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасма тартылды. Кыргыз өлкөсүндө улуттук салбуурун оюну чагылдырылган. “Өткөн жылы “Кыргыз туризм” командасы эл аралык деңгээлдеги журналисттер менен биргеликте БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында бүркүтчү тууралуу бир катар постторду чыгарып, бул темага кызыгууну жаратып, демилгенин башаты болгон. Фильмди экранга чыгаруу 2022-жылга пландалууда, тасма 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт. Биздин эпизодду миллиарддан ашык көрүүчүлөр көрө алат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан