Айдай Өмүралиева: “АВСТРИЯЛЫКТАР МОДА КУУБАЙТ, ЖУПУНУ КИЙИНИШЕТ"

Мекендешибиз Айдай Өмүралиева 16 жылдан бери үй-бүлөсү менен Австрияда жашайт. “Келечегибизди Кыргызстандан көрөбүз, балдарым Кыргызстанга барып оорукана ачып иштетебиз деп кыялданышат”,- деген Айдай айым Австриядагы жашоосу тууралуу айтып берди.

– Саламатсызбы, Айдай? Биз сизди блогер катары, кыз-келиндерди даамдуу тамак жасаганга үйрөткөн рецепттериңизден улам жакшы тааныйбыз. Ашпозчулукка болгон кызыгуу эмнеден башталды эле?

– Саламатсыздарбы, баарыңыздарга, мекендештериме Австрия өлкөсүнөн салам айтам! Кесибим ашпозчу эмес, бул кесипке кызыгуум Австрияда үйдө бекер отурганда башталды. Үйдө күндө тамак жасайм, аны кооздойм, столдун үстүн сервировка кылып, анан тамак-аштарды коём. Бир күнү ошондой кечки тамактардын бирин сүрөткө тартып киргизип койгон элем. Инстаграмдагы окурман кыз-келиндер ал тамактын рецептин сурап кызыгып калышты. Айтор, күндө түрдүү тамактарды жасап жүктөп жүрдүм, учурда баракчамда 300 миңге чукул катталуучум бар. Көбүнө менин рецепттерим, столду сервировка кылганым жагат. Жарнамадан кыйратып деле акча таппайм. Ашпозчулук, блогерлик мен үчүн жөн гана хобби.

– Көп жылдан бери Австрия өлкөсүндө жашайт экенсиз. Кантип барып калгансыз?

– Үй-бүлөм менен 16 жылдан бери Австриянын Линц шаарында жашайбыз. Бул жакта дагы 10 кыргыз үй-бүлө бар. Бири-бирибиз менен тыгыз катташып, жакшылык-жамандыктарда бири-бирибизди колдоп турабыз. Австриянын Маутхаузен шаарында дүйнө элдери өздөрүнүн согушта курман болгон аскерлерине арнап атайын ардак сый такта илчү дубалы бар. Жакында эле ошол шаарга жолдошум кудабыз менен барып, согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин элесине арнап сый такта илип келишти. Алыста жүргөнгө бизде мекенге болгон сүйүү, сезим башкача. Чет жакта жашаганда өз мекениңдин кадырын, ал жалгыз экенин, башка өлкө сенин мекениң боло албасын түшүнөсүң. Кыргызстандагы ар бир кайгылуу окуя биздин жүрөгүбүздөн өтөт, жаныбыз кейийт.

Австрияга 2006-жылы көчүп келгенбиз, ага чейин 2 жыл Чехияда иштедик. Чехияда жүргөндө жолдошумдун Австрияда иштеген достору “келип иштеп кетпейсиңерби” деп чакырышкан. Биз барып 2-3 жыл иштеп, Кыргызстанга кетебиз деп ойлогонбуз. Бирок Австрия биздин туруктуу жашаган өлкөбүзгө айланды.

– Австрияда мынча узак жашап калууңардын себеби эмне болду?

– Биздин 4 балабыз бар, 2 кыз, 2 уул. 21 жаштагы улуу кызымды жакында эле ушул жакта жашаган кыргыз жигитке турмушка узаттык. Улуу кызым гана Кыргызстанда төрөлгөн, калган 3 балам Австрияда төрөлдү. Экинчи балам 15 жашта, жогорку окуу жайда, ортончу уулум мектепте окуйт, ал эми 6 жаштагы эң кичүү кызым бала бакчага барат. Мында көпкө калып калуубуздун себеби – ортончу уулубуз Ыдырыс жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Ушул баламдын дарылануусу, операциясы деп жүрүп калып калдык. Бирок биз да, балдарым да келечегин Кыргызстандан көрүшөт. Балдарым “окуп билим алып, Кыргызстанга барганда клиника ачабыз” деп кыялданышат.

– Ал жактагы башка мекендештер эмне жумуш кылышат, маяналары жакшыбы?

– Алгач мекендештер келери менен окуп, билим алып, тил үйрөнүшөт. Андан кийин социалдык мекемелерде жумуш орундары бар, ошол жакка жайгаштырылат. Мисалы, карылар үйүндө иштесе болот. Жолдошум бир компаниянын күзөтчүсү болуп иштейт. Мен да балдар менен көп жыл үйдө отурган элем, жакында эле бир отелге жумушка кирдим. Учурда бизде карантин болгондуктан кыска мөөнөт менен иштеп жатабыз. Эл вакцина албаса карантин декабрь айынын аягына чейин созулушу мүмкүн дешүүдө. Австриянын валютасы евро, эркектердин маянасы айына 1500 евродон, айымдардыкы 1200 евродон жогору болот. Бирок ошого жараша тамак-ашы да кымбат. Карточка алып бир сутка транспорт менен жүрсөң 5 евро (500 сом) болот, бир нандын баасы 0,50 центтен (50 сом) жогору. Бирок биз нан сатып албайбыз, үйдөн колго камыр жууруп нан, боорсок бышырам. Ошондой эле Австрия өкмөтүнүн элине болгон камкордугу мыкты. Жашы жете элек балдарга жөлөк пул төлөп беришет.

Үч балама Австрия мамлекети жөлөк пул төлөп берет. Улуу балама 180 евро (17 115сом), ортончусуна 135 евро (12 878сом), эң кичүү кызыма 125 евро (11924 сом) алам.

– Баракчаңызга балдарыңыздын кыргызча сүйлөгөн күлкүлүү видеолорун көп жүктөйсүз. Өзүн “мен кыргыз киши” деген балаңыз жүрөбү?

– Ооба, “кыргыз киши” деген ортончу балам Ыдырыс. Балдарым кыргызча акцент менен кыйналып сүйлөшөт. Анткени бул жакта төрөлүп, окуп, эл менен немисче сүйлөшүп көнүп калышты. Бирок биздин үйдүн мыйзамы бар, үйдөн кыргызча сүйлөшөбүз. Балдарым немисче жооп берсе “кайра кыргызча айт” деп кайталатып машыктырып турам. Антпесем бала да, эне тилин бат унутуп коёт, жаңы нерсеге бат көнөт. Азыр балдарым кыргызча оюн жакшы түшүндүрүп калышты.

– Австриянын эли-жери кандай, Кыргызстанга окшош тоолуу өлкө экенин билебиз...

– Мен жайында Австриянын кооз жерлерине барып видео тартып, баракчама киргизип калсам көпчүлүк окурмандарым “жаратылышы, жайлоолору биздикине окшош экен, Сары-Челекке окшош жерлери бар экен” деп жазып калышты. Өзүм да өзгөчө жайкы убактагы Австриянын жаратылышын Кыргызстандын жайлоолоруна окшоштурам. Эли аябай жөнөкөй, такай жылмайып жүрүшөт, мода куубайт, саркеч кийинбейт, кийими тыкан, таза болсо эле көчөгө кийип кете беришет. Мигранттарга мамилеси абдан жакшы, адамдарды улутка бөлбөйт. Тойлору абдан жупуну, чыгымсыз өтөт. Даяр тамактарды столго коюп коюшат, каалаганы барып салып жей берет. Кошумчага деп конверт бербейт, белек бериши мүмкүн гүл же кутуга салынган чакан белек. Челекке отургузулган гүлдөрдү беришет. Ошондой жупуну тойлорун көрүп аябай таң калгам. Жолдошумдун бирге иштеген австриялык кесиптештери бар, жакшы тамак жасаганда дайыма үйгө чакырып коноктоп турабыз. Кыргыз даамдары аларга аябай жагат, айрыкча беш бармак менен палоону тамшанып жешет.

– Өзүңүз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?

– Учурда 40 жаштамын. Балыкчы шаарында төрөлүп-өскөм. Кесибим боюнча инженер куруучумун, бирок турмушка чыгып, кесибим менен 2 жылдай иштегенде эле жолдошум экөөбүз Чехияга иштегени кетип калдык. Кыргызстанда жумуш орундары түзүлүп, алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүсүн каалайм. Балдарыбыз менен мекенибизге кетчү күн алыс эмес болсо керек. Ошол күндөргө жеткирсин!

– Маегиңизге чоң рахмат, алыста аман жүрүңүздөр!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Turdueva
2021-11-29 12:05:20
Кыргыз кишинин апасы турбайбы
+1
meni_kut
2021-11-29 21:03:26
Тамашакой , ошол эле учурда токтоо,Бир сындуу айым.Чет олкодо жашаса адал азыктарды тандаган видеолору бар.Кыскасы идеалдуулукту коп табам бул айымдан.Бар болунуз, уйбулонуз менен аман болунуз..
+2
Margana93
2021-11-30 00:14:48
Мыкты айымсыз
+1
mariolan
2021-12-01 20:23:11
бар болуңуз, мына акылман патриот деп сиздей адамдар айтылат, сиздей айымдар турганда кыргыз улуту жоголбойт
0
surgeon777
2021-12-03 00:25:32
Балдарды кыргызча суйлоткону жакты



0
Arlenchik
2021-12-04 16:25:55
Инстаграм чыкканы суперге кирбей койдунуз, бул жактыда унутпай кирип турунуз)
0
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан