ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

БОЙГО БҮТҮҮДӨН САКТАНУУ
I. Бел сууну тышка түшүрүп сактануу
Жыныстык байланыш бүтөргө аз калганда, тагыраак айтканда, бел суусу түшөрдө эркек “алигисин” аялдын жан жеринен сууруп алып, уругун сыртка таштайт.
Бул ыкманы көбүнчө эрки күчтүү эркектер колдонушат.
Бирок айта кетчү нерсе, эркек бел суусун сыртка таштаганда деле урук чыгаруучу каналда спермалар калып калышы мүмкүн. Эгер эркек кайрадан жыныстык катнашка барса, анда спермалар аялдын жыныс кынына түшүп, бойго бүтүүсү мүмкүн. Ошондуктан спермалар чыгып кетсин үчүн эркек заара кылып, анан кошулуусу зарыл.
Кээ бир эркектер үчүн бел сууну тышка таштоонун зыяндуу жактары бар. Анткени эркек дене кумарына толук канбай калат. Аял да канбай калуусу мүмкүн. Оргазмга жетпей калуу адатка айланса, нерв системалар бузулуп, аял “муздак аялга”, эркек “жыныстык жактан шал эркекке” айланышат.
Айтылган ыкманы колдонуу үчүн эркек алгач аялды оргазмга жеткирип, анан бел суусун тышка таштаса болот.
Ал эми аялын дене кумарына жеткизүүнү жакшы билбегендерге жана тез бүтүргөн эркектерге бул ыкма жарабайт.

II. Аялдар колдонуучу жөнө­көй ыкма
Кээ бир Азия жана Күн батыш өлкөлөрүнүн аялдары жөнөкөй сактануу жолун колдонушат. Жыныстык катнаш бүткөндөн кийин аял чочоюп отуруп, сөөмөйүн жыныс кынынын ичине терең салып, андагы эркектин спермасын сыдырып алып салат. Эркектин бел суусу түшкөндөн 3-5 мүнөткө чейин илээшкек болот. Ошондуктан сөөмөй же ортон менен сыдырганда бел суу чогуу бойдон сыртка жылмышып чыгып кетет. Бирок бул сактануу жолу өтө эле ишенимсиз болуп эсептелет.
Күндөрдүн биринде бизге кеңешке бир келин кайрылып калды. Анын сактануу ыкмасы өзүнчө кызык экен. “Кошулгандан кийин чочоюп отуруп, терең дем алып, ичимди өзүмө карай катуу тартам. Кайра демимди чыгарганда ичимди сыртка түртүп ыйынып койсом, эркектин бел суусу жан жеримден түшүп калат”,- дейт ал.

III. Кычкыл эритмелер
Аялдар боюна бүтпөшү үчүн төшөк катнашынан кийин кычкыл эритмелердин бири менен жыныс кынынын ичин жууп салуусу кажет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
rysik79
2011-07-15 12:57:43
сыртына агызган жагат мага
0
Mr.boss
2012-11-06 20:55:44
Al maga Ichine do kontsa tygyp agyzgan ollo jagat)))
0
admin_media
2013-01-25 09:35:18
Bek0101,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
0
kyrgyzmyn-94
2013-06-01 09:33:54
Мага жакпайт
0
kyrgystan17
2013-12-09 00:59:57
tordun toruno toguw kerek owondo rahat bolot
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан