29-НОЯБРДАН 5-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада буга чейин жумушта жана үйдө топтолуп калган иштериңизди бүтүрөсүз. Жаман адаттардан арылууга ыңгайлуу апта. Мүнөзүңүздөгү айрым кемчиликтерди байкап, аны оңдогонго аракет кылсаңыз жакшы. Интеллектуалдык деңгээлиңизди өстүрүүгө убакыт жумшап кызыктуу китеп, чыгарма окусаңыз жакшы жыйынтыкка ээ болосуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жеке жашоосуна өзгөртүү киргизүүнү каалап жаткандарга ийгилик жылмаят. Жубайыңыз же сүйүктүү адамыңыз менен буга чейин чечилбей жүргөн көйгөйлөрдү чечип, компромисске барышыңыз күтүлөт. Кайсы бир иш-чарага же жолугушууга чакырылсаңыз түгөйүңүздү ээрчитип алганды унутпаңыз. Эс алуу күндөрү кандайдыр бир кокустук орун алышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада жаңы конушка көчүү же үй чарба иштеринде маселе жаралышы ыктымал. Үйүңүздү иретке келтирип, тиричиликке керектүү буюмдарды оңдоңуз. Аптанын экинчи жарымында бизнестеги өнөктөшүңүз менен пикир келишпестиктер болуп андан кол үзүүнү чечишиңиз мүмкүн. Эс алуу күндөрүн ызы-чуудан алыс, тынчтыкта өткөрүп, энергия топтоп, эс алыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада кызыктуу таанышуу, жолугушуу, пикир алышуулар күтүлөт. Жумуштан колу бошобогон ата-энелер убакыт таап, балдары менен болуп көйгөйлөрүн билип, аларды түшүнө башташы керек. Дем алыш күндөрү ызы-чуудан алыстап табият коюнуна эс алууга чыксаңыз мээңиз сергийт. Жаңы китеп же чыгарма окуп мээңизди машыктырыңыз, кийинки аптада пайдасы тиет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада чоң бурулуштардын, ачылыштардын күбөсү болосуз. Жакын туугандарыңыздын бири материалдык колдоо көрсөтүп киреше булагыңызды көбөйтүп алышыңыз ыктымал. Оңдоп-түзөө иштерин баштаганга ыңгайлуу апта, үйүңүздү иретке келтирип алсаңыз болот. Жакын курбуңузга берген кеңешиңиздин акыбети кайтып ал адамдын көптөн күткөн кыялы орундалат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Иштин кызыкчылыгы үчүн душманыңыз менен тил табышып, компромисске барууга ыңгайлуу апта. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөлүү түгөйлөрдө келишпестиктердин арты чырга айланышы мүмкүн. Түгөйүңүздү ашыкча кызганып, андан себепсиз күмөн санай бергенди токтотпосоңуз ортодогу мамилеге чекит коюлушу мүмкүн. Үйүңүздү жайлуу кылууну пландасаңыз, үйдөгү эмеректерди алмаштырып, жаңысын сатып алсаңыз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Убактыңыздын көбүн жумушуңузга арнап, үй-бүлөлүк маселелерди чечүүгө жетишпей калууңуз ыктымал. Фермерлердин, соодагерлердин иши ийгиликтүү болуп, кирешеси көбөйөт. Аптанын экинчи жарымында чөйрөңүздөгүлөр менен сырдашууну чектеңиз. Жыйынтыгында ушак, интрига, түшүнбөстүктөрдүн курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жан дүйнөңүздөгү “бурганакты” чыгарганга, сырларыңызды төккөнгө жакын адам издеп каласыз. Эбегейсиз пландарыңызды ишке ашырууда досторуңуз жардамга келишет. Аптанын экинчи жарымында каржы иштерине сак болуңуз. Уурулардын же алдамчылардын кылтагына илинип калуу коркунучу бар. Берилген ар бир жумушка жоопкерчилик алуудан коркпоңуз, ар бир баштаган жумушуңузду ийгилик коштойт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жумушуңуздагы жашыруун сырлар белгисиз адамдар тарабынан сизге жетип, абалды туура түшүнө баштайсыз. Бир сөздү айтарда ойлонуп айтыңыз, кокусунан чыгып кеткен сөз баарлашкан адамыңыздын жүрөгүн жаралашы мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүүнү пландап жүрсөңүз курорт, санаторияга барсаңыз туура болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Студенттер үчүн ийгиликтүү жума. Жаңы нерсени өздөштүрүү, билимди тереңдетүү үчүн атайын ийримдерге катышсаңыз сиз ойлогондой жыйынтык берет. Сырыңызды эч кимге айтпаганга аракет кылыңыз, айтылган нерсенин баары сизге каршы иштеп калышы мүмкүн. Берилген тапшырманы убагында аткарыңыз болбосо жетекчиңиздин астында кадырыңыз түшүп калышы ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз, жумушуңузда орун алмашуулар болуп карьералык тепкичтен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Карыз алуу жана берүүдө абайлаңыз, жакындарыңыз менен мамилени бузуп алуу тобокелдиги бар. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрүңүз. Буга чейин катып жүргөн каражаттарыңызды алып чыгып чоң буюм сатып алышыңыз күтүлөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Түгөйүңүз менен буга чейин айта албай жүргөн маселелериңизди айтып, чечишип алсаңыз болот. Баш кошууну пландагандар үлпөт тойдун датасын белгилеши ыктымал. Сүйүктүүсүнүн колун сурагысы келген балыктарды да ийгилик коштойт. Аптанын экинчи жарымында жетекчилик менен келишпестиктер болуп урушуп кетишиңиз мүмкүн. Эс алуу күндөрү ата-энеңиз менен болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан