1-декабрдан тарта Кыргыз өлкөсүнө кирүүдө милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат, бул коронавирустун жаңы Омикрон штаммын жайылтпоо аракети.
Кыргызстанда учурда 17 тоо-лыжа базасы иштейт.
Бишкекте 1 аптада айдоочулар тарабынан 5194 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Саясатчы Максат Кунакунов 29-ноябрда УКМКга суракка чакырылды.
1-декабрда президент Садыр Жапаров ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узартууга жол ачкан мыйзамга кол койду.
Түштүк Корея кыргыз студенттери үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйттү, ал 36 орунду түзөт.
Кыргызстанда кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн.
10-декабрда Бишкекте орус тили мугалимдеринин эл аралык форуму өтөрү айтылды.
2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө жакыр үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн азыркыдай 77 тыйын эмес, 50 тыйындан төлөп башташары маалымдалды.
Таалайбек Усубалиев коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
1-декабрда "Азаттык" партиясынын лидери Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды.
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыгып, 24 жаштагы кыз жабыркады.
1-декабрда Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстан жарандары тарабынан сабалганын Баткен районунун акими билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин балдары үчүн бала бакча ачарын жарыялады.
Кыргызстандан ЕАЭБдин аймагынан тышкары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди.
Элвира Сурабалдиева кайра шайлоо өтө турган Бишкектин Биринчи Май районунан парламент депутаттыгына ат салыша турганын билдирди.
Министрлер кабинети Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын 47,7 гектар жер тилкесин мыйзамдаштырды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаңы жылдык башкы балатыны орнотуу иштери башталды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.