ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО: ОППОЗИЦИЯ КАЙРА ШАЙЛОО ТАЛАП КЫЛУУДА

28-ноябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өттү. Бирок добуштарды автоматтык түрдө эсептөө системинен алынган алдын ала маалыматтарды жарыялоодо техникалык ката кетип, БШК туңгуюкка кептелди.

АЛДЫДА КИМДЕР БАРАТАТ?

Электрондук эсептөөгө күмөн жаралганы үчүн добуштар кол менен саналууда. 2-декабрь күнү саат 12:00гө карата БШКга протоколдордун 64,27 пайызы келип түштү. Ага ылайык, алдыда 6 партия баратат. “Ата Журт Кыргызстан” (15,92 пайыз), “Ишеним” (13,44 пайыз), “Ынтымак” (12,45 пайыз), “Альянс” (7,52 пайыз), “Ыйман нуру” (6,76 пайыз) жана “Бүтүн Кыргызстан” (6,42 пайыз) партиялары 5 пайыздык босого чегин ашып өтүштү. Алдыга озуп чыккан партиялар шайлоо салыштырмалуу таза жана адилеттүү өттү деп жатышат. Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы “добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгына жараша пикир билдиребиз” деп турат. Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланууга тийиш.

БИР КАТА БОЛБОГОНДО...

Добуш берүү 20:00дө аяктап, алдын ала жыйынтык БШКнын сайтынан онлайн көрсөтүлүп жаткан. Бул процессте БШКнын адиси автоматтык эсептөөчү урналардан алынган алдын ала жыйынтыкты сайтка жарыялоодо жаңылып (ред.: БШК ушундай деп жарыялады) сандарды эки жолу көбөйтүп алган. Мындан улам жалпы пайыздык көрсөткүч 100 пайыз менен чектелбей, 160 пайызга чейин чыгып кетти. Бул катачылыкты оңдоодо сайттын иши убактылуу үзгүлтүккө учурап, маалымат жаңыланганда сандар, тагыраагы, партияларга берилген добуштардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кескин азайып кетти. Баштапкы таблодо 5 пайыздык босого чегин ашып өткөнү көрсөтүлгөн айрым партиялар жаңыланган маалыматтан кийин жеңишке илинбей калганын билишти. Ушул жагдай бир катар партияларда жана шайлоочуларда “шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды” деген күмөн жаратты. Ушул эле күнү “Ата Мекен”, “Азаттык” жана башка партиялардын лидерлери жана тарапташтары БШК имаратынын алдына барып шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо жарыялоону талап кылышты. БШК "кайра шайлоо өткөрүүгө зарылдык жок, сервер так иштеп жатат" деп, аны далилдеп берерин убадалап жаткан учур.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2 округда "баарына каршы" деген пункт 1-орунга чыкканына байланыштуу аларда кайра шайлоо өткөнү жатат.

СЫН ПРЕЗИДЕНТКЕ ТИЙДИ

Нааразы тарап шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратты деп президентти сындап жатат. 30-ноябрда президент Садыр Жапаров расмий жыйынтык жарыялангыча тараптарды сабыр кылып турууга чакырды.

– Бийлик шайлоо процессине да, БШКнын ишине да кийлигишкен жок. БШК тараптан добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Адистин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. УКМК териштирүү иштерин баштады, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз,- деди президент Жапаров.

УКМК факты текшерилип жатканын маалымдады.

БШК: «ДОБУШТАРДЫ ЧОГУУ САНАЙЛЫ»

1-декабрда БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы тараптар, талапкерлер менен жолугушту. Ал шайлоо жыйынтыгын бурмалоо болбогонун аныктоо үчүн БШКнын маалымат базасын бардык партиялардын атайын IT-адистери менен бирге текшерип чыгууну сунуштады.

– Бардык партиялар адисин сунуштасын. Комиссия түзүп баарын текшерип чыгалы. Мен добуштар уурдалбаганы анык экенине толук ишенем. Кол менен саноонун жыйынтыгы менен электрондук эсептөөнүн жыйынтыгында олуттуу айырма болбойт,- деди ал. Добуштарды кол менен саноонун кеч бүтүшүн Шайлдабекова "кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча протоколдор серверге автоматтык түрдө эмес, кол менен киргизилип жатат, ошондуктан убакытты талап кылууда" деп түшүндүрдү. Жыйынга катышкан талапкерлердин арасында шайлоону жараксыз деп табуудан башка жол жок дегендер да болду. Алардын бири 28-ноябрдагы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан Клара Сооронкулова.

– Кандай болгон күндө да БШКнын ишине күмөн жаралып калды. Добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы кечигип жатат. Орто жолдо бюллетендер бурмаланбайт деген кепилдик жок. Абалдан чыгуунун бир гана жолу бар – бул шайлоону жараксыз деп таап, кайра шайлоо жарыялоо,- дейт “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова.

Добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде толук жарыяланмакчы. Көпчүлүк ошол жыйынтыкты күтүп жатат. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "эгер кол менен саноонун жыйынтыгы добуштарды автоматтык урнада эсептөөнүн жыйынтыгынан кескин айырмаланбаса, анда шайлоо өттү деп эсептелиши керек болот" деп эскертти.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан