ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ КОЛ САЛУУ БОЛДУ

1-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. “Ата Мекендин” лидери Бишкекте мейманканалардын биринин тамактануучу жайында отурган маалда бет капчан белгисиз адамдар келип аны ур-тепкиге алышканы айтылды. Текебаевдин айтымында, алар 3 кичи автобуста 70тей болуп келишти. Уюшкан топ Текебаевге 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыкпа деп эскертип, телефонун алып кетишкен. Саясатчы бул окуяны “өлкөдө саясий терроризмдин башталышы” деп баалады.

"Силердин дооруңар бүттү. Жапаровдун бийлигин эл тандаган, ага каршы чыкпашыңар керек. Шайлоонун жыйынтыгын таанышыңар керек" дешти. БШК, президент өзү “шайлоонун расмий жыйынтыгын күтөлү” деп жатса, булар шайлоого чекит койгону келишиптир,- деди Өмүрбек Текебаев.

Көп өтпөй Текебаевге кол салууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалганы маалымдалды. Коомчулук бийликтен “буюртмачы” ким экенин аныктоону талап кылып жаткан учур. Факт боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА