БАШКЫ ПРОКУРАТУРА 3 ДЕПУТАТТЫ КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТУУНУ СУНУШТАДЫ

Парламент 1-декабрда экс-спикер Асылбек Жээнбеков, депутаттар Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигенов боюнча депутаттык комиссия түздү. Буга чейин Башкы прокуратура аталган 3 депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш жиберген. Мөөнөтү бүтүп бараткан парламент бул абалдан депутаттык комиссия түзүү менен чыгып кетүүнү чечти. Депутат Аккулу Бердиев “убагында Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусуна кезекке туруп, анын иш бөлмөсүнө кирип чыкканы үчүн өздөрүн бактылуу сезген депутаттар азыр кайда?” деп суроо салды. Ушундай эле пикирди депутат Алтынбек Сулайманов дагы айтып КСДПнын депутаттарын сындады. Жыйынтыгында 7 депутаттан турган комиссия түзүлүп, анын курамына Евгения Строкова, Авазбек Абдугапаров, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Тазабек Икрамов, Мамасадык Бакиров жана Эмил Токтошев кирди.

Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” маселеси боюнча учурда камакта.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан