Дайыр Исмадияров, ырчы: «БИЗ ЖАРАШТЫК, БУГА УУЛУМ СЕБЕПКЕР»

“Мен ата мээримине куса болуп, ага таарынып чоңойгом. Балам андайды көрбөсүн дедим” дейт ырчы Дайыр Исмадияров. Буга чейин атасы жөнүндө кеп козгобогон ырчы бул ирет атасы, ага болгон таарынычы тууралуу, муну менен катар жубайы менен жарашканы, уулу тууралуу айтып берди.

– Дайыр, кандайсыз? Гезиттин башкы бети үчүн үй-бүлөңүз менен сүрөткө тарттык. Жакшы жаңылыгыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз.

– Жакшы, рахмат. Жазында Москвага барганда жубайыма “жарашалы” деп сунуш киргизгем. Алар бул аралыкта Орусияда жашашты. Экөөбүз сүйлөшүп, буга чейин кетирген каталарды кайталабайлы деп жарашып, жаңы жашоо баштадык. Жеке жашоону элге жар салган болбойт экен. Андыктан мындан ары үй-бүлөм тууралуу көп чыгарбайм. Кээде гана кызыктуу окуяларды эл менен бөлүшүп турам.

– 3 жылдай эки ажырым жолдо жүрүптүрсүздөр. Жарашууңуздарга эмне себеп болду?

– Биринчи кезекте балам себеп болду. Балам WhatsApp’тан чалып турчу. Өзүң менен бирге чоңойбогон балага мээрим бере албай калат экенсиң. Өзүм да “баламдын биринчи кадамын көргөн жокмун, сонун кылыктарына күбө болбой калдым” деп өкүнүп жүрдүм. Мен да ата мээримине куса болуп чоңойгом. Ошондой болбосун дедим. Көптөр “башкага үйлөнсөң деле ушундай болот. Бир гана чыгымың көбүрөөк болушу мүмкүн” дешти. Жакшылап ойлонуп, “эскинин баарын унуталы, ажырашпагандай жашообузду уланталы” деп сүйлөшүп жарашып калдык.

Жубайым экөөбүз ажырашкандан кийин 1 жыл такыр байланышкан жокпуз. Ага чогуу иштегендери “эмнеге сүйлөшпөй жатасың? Бала чоңойгондо атасын таап алат. Андан көрө ал дагы жардам берсин” деп кеңеш беришкен экен. Ошондон улам байланышып калганбыз. Ал мага “атасы” деп кайрылчу. Ушул мамиле тоңуп калган жүрөгүмдү акырындан эритти окшойт.

Азыр бири-бирибизди аяп, түшүнүшүп жашап жатабыз. Мурда бир нерсе болсо эле кыйкырып баштачубуз. Азыр бирибиздики туура эмес болуп жатса да экинчибиз унчукпай, бири-бирибизге теңелбей калдык. Менин жиним келсе ал тынчтандырат. Анын жини келсе мен жөн гана эшикке чыгып кетем. Ачуубуз тарагандан кийин сүйлөшөбүз. Албетте, идеалдуу жашап жатабыз дей албайм. Үй-бүлөдө ар кандай учур болот. Жарашканыбызга 1 ай болду.

– Эки ажырым жолдо жүргөн аралыкта эмнени түшүндүңөр?

– Бул жашоодо экөөбүздү бири-бирибиздей эч ким түшүнбөйт, эч ким колдобойт экенин түшүндүк. Башкалардын сөзүнө көңүл бурбаш керек экенин түшүнүп, мындан ары бири-бирибизге гана ишенебиз деп чечтик. Экөөбүздү ар кандай нукка бурган адамдар болгон.

– Балаңыз менен кандай мамиле куруп жатасыз?

– Балам 4 жашта, өтө эрке. Мен да эркемин да, ал менден өтүп эркелесе жиним келип кетип жатат (күлүп). Орусияда чоңоюп калгандыктан кыргызча түшүнбөйт. Жиним келгенде кыргызча урушуп коём. Катуу кыйкырсам Жанаранын көзү тостоё түшөт. “Тарбия керек, бирөөбүз уруша турган адам бололу” десем, “мен жаман көрүнгүм келбейт” дейт, “анда мен урушам” дедим. Буюрса, кыргызча үйрөтүп, жакшы тарбия бергенге аракет кылабыз. Балам аябай акылдуу. "Карга баласын аппагым дейт" дегендей, ар бир ата-энеге өз баласы эң акылдуу, эң сулуу, эң ширин көрүнсө керек. Баламдын ар бир кылыгы жагат.

– “Ата мээримине куса болуп чоңойдум” дедиңиз...

– Ооба, атам 24 саат бою мени менен жашаган эмес. Мезгил-мезгили менен келип, кайра башка үй-бүлөсүнө кетчү. Атамдын жашоосу башкача болгон. Анын 3 үй-бүлөсү болгон.

– Атаңыз тууралуу буга чейин сүйлөшпөптүрбүз. Ал тууралуу кенен айтып бере аласызбы?

– Атам сөзгө чечен, кыйын киши болгон. Аны Өзгөн, Кара-Кулжанын көпчүлүгү таанычу. Менин угушума караганда, атам бир тойдо тамашалап тууган байкени сөзгө чаап койгон экен. Ал тууганы бычак көтөрүп келип өлтүрөм дегенде атам кокустан аны өлтүрүп алыптыр. Кокустан өлтүрүп алганы үчүн 8 жылдай абакта отуруп чыккан дешет. Мунун баарын мен туугандардан гана уккам, кандай болгонун так билбейм. Ал кезде биринчи жубайы менен жашачу экен. Кийин ал жубайы менен ажырашып, апама жолугуптур. Апам менен жашап жаткан кезде башка айылда дагы бир аялы менен жашачу. Биз бир ата-энеден 4 балабыз. Жалпы 13 бир тууганбыз. Бир туугандарыма маани берчү эмесмин. Убакыт өткөн сайын бир тууган керек экен деп калдым. Жиндиби, жакшыбы, мамилеге начарбы, тоготпойбу, кандай болсо да тууган керек экен. Азыр бири-бирибизди издеп калдык, алар менен байланыша баштадым.

– Атаңызга көбүрөөк эмне үчүн таарынгансыз?

– 11-классты кызыл аттестат менен бүттүм. “Балам, мен сага жаңы костюм-шым алып келем, акыркы коңгуроого жаңы кийим менен барасың. Мугалимдерге кой союп берем” деди. Ал кезде телефон жок болчу. Атам башка айылда жашачу. 24-май болду, күтүп жатам, атам жок, түн кирди, дагы деле жок. Мектепти бүттүм, дүйнө кезем, баарын кыйратам деп талпынып жаткан баланы бир чаап кулатып койгондой болду. Ал күнү ыйлап жатып уктап калыптырмын. Апам аны көрүп боору ооруду окшойт. Эртең менен турсам 4 костюм-шым, туфли, көйнөктөрдү алып келип коюптур. Таң атпай дүкөнчү курбуларын ойготуп дүкөндөрүн ачтырып кийим алган экен. Ошонун бирин кийип бардым. Кийин сынактарды тапшырып жатканда атам келди. “Бишкекке өзүм узатам” деди. Күнүн, саатын белгилеп алдык. Ошол күнү автобекеттен жолукмакпыз. Бекетке барып апам экөөбүз күттүк, дагы атам келген жок. Бир маалда апам “күтүп тур” деп базарга кирип кетти. Чыгып эле колума акча карматты. Бишкекте 20 күндөй жашаганга жетчү көп акча болчу. Көрсө, апам курбусунан акча алып, сөйкөсүн күрөөгө таштаптыр. Өзгөндөн таксиге отургандан баштап Майлуу-Сууга чейин ыйлап келгем. Ошондо апама “жакшы окуйм, ичпейм, чекпейм, сизди колума көтөрүп багам” деп сөз бергем. Биринчи стипендиямды алганда апама кат жазып, ошол акчаны кошуп почтадан салып жибергем.

– Кийин атаңызга болгон таарынычыңыз тарадыбы?

– Атама көп капа болуп калдым. Мага керек учурларда жанымда болгон жок. Сүйлөшүп эле турчубуз. Бирок көкүрөгүмдө таарыныч бар болчу. 2011-жылы атам оорудан улам каза болду. Биз Бишектен барсак үзүлүп кеткен экен. Бардык балдары өкүрүп киришти, мен ыйлабай эле кирдим. Атамдын муздак денесин көргөндө жетим калганымды сездим. Ошол жерден таарынычтын баары жок болду. Анан көзүмдөн жаш куюлуп өксүп ыйладым. Азыр атамдын мүрзөсүнө барып куран окуп, жаңылыктарды айтып турам.

– Алдыда баары жакшы болсун.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Дайыр Исмадияров: “Мен ата мээримине куса болуп чоңойгом“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-12-06 17:50:43
Кандай жакшы кабар
+6
Turdueva
2021-12-06 19:33:11
Бактылуулук болгула бала учун Ата эне кандай керек зат
+4
Zarema11
2021-12-07 13:20:25
Бул эң жакшы жаңылык. Бактылуу болушсун..
+3
al79mi
2021-12-08 13:09:32
Он же в теме
0
Birimdik5555
2021-12-08 13:54:47
Бактылуу болгула, аялы акылдуу экен чыдап кутту, эмесе бул кыздын деле канчалаган жигиттер колун сурагандыр эле
+1
ChagyIgan7
2021-12-09 10:12:15
Дайыр Кайын журтун уй алып берип анан жараштынго сука эч ким билбейт дединби.Кайнатана ушундай талапикойдунго
-1
ChagyIgan7
2021-12-09 10:12:31
Атанды олгондон кийин жамандабай эле койсон болмок.
+1
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан