Жолуксак кандай жакшы” деп кыңылдап ырдап жүргөндөрдү көп эле көрсөңүз керек. Аталган ыр тойлордун хити болуп жаткан учур. Көрсө, ыр 2020-жылы дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптаган маалда жаралган экен. Эмесе, ырдын жаратуучуларына сөз берели.
Гүлбүбү Байбугуева, акын: “ЫРГА ҮЧ ОБОНЧУ ОБОН ЖАРАТКАН”
– “Жолуксак кандай жакшы” деген ырым башында башкача өңүттө жазылган. Ынтымакта, таарынышпай жүрөлү дегендей маани эле. Ага Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев обон чыгарган. Аягына чыгара албай калдыбы, же эмне болду билбейм. Кийин Алмаз Эсенгул уулу деген жигит сурап, ал дагы обон чыгарган.
Ыр коронавирус пандемиясы башталганда, эки жыл мурун жазылган, бирок, башында айткандай, башкача өңүттө эле. Оорунун айынан бири-бирибиз менен көрүшпөй үйлөрдө отуруп калбадыкпы, ошондогу буулугуп, толгонуулардан келип чыккан ыр болду. Обончу Мамарасул Мавлянов экөөбүз Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгында чогуу иштешип калып, ал бул ырды жактырып, сөздөрүн кайра жазып берүүмдү суранды. Обонго туура келгендей кылып жазып бердим. Ырчылардын көбү эле “ырдайт элек” деп сурап калышты. Мамарасул “Гүлназ Чыныбек кызы деген ырчы сурап жатат, берип коёлу” деп калды. Аранжировкасын жакшы жасатып, жакшы ырдап чыкты. Тез эле популярдуу болуп кетти.
Кайсы жерге барбайын ушул ырды угуп калам, кээ бир тааныштарым телефонунун рингтонуна коюп алышкан.
Табиятымдан эле “мен” дебеген адам окшойм, ушуга чейин “бул менин ырым” деп деле айткан эмесмин. Жакында мени жакшы билгендер “өзүңүздүн үнүңүз дагы жакшы, сиз ырдап бериңизчи” деп кайра-кайра сурангандан бир жакшылыкта ырдап койдум. Бул ырдын жакшы жери – бир куракка тиешелүү эмес. Жаштар, карылар, орто жаштагылар, айтор, баарына тиешелүү мээримдүү ыр.
Өзүм тууралуу айтсам, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсүмүн, 40тан ашык обондуу ырлардын авторумун. Ырларымды көп эле ырчылар ырдап жүрүшөт, арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисттери да бар.
Өмүрүмдө расмий эки жерде иштедим. Союз учурунда дүкөндө иштедим, ал кезде соодага кызыгып кетип, чыгармачылык артта калыптыр. Кийин Союз кулаганда Нарын мамлекеттик коругунда музей башчысы болуп иштедим. Азыр пенсиядамын. Өзүмө “Пенсияга чыгып алып чыгармачылык менен алек болом” деп сөз берчүмүн. Айткандай эле азыр эмгектенип жатам. “Теңир тоо жаңырыгы” деген топту негиздегем. Тилеги жакшы, элге жаккан ырдын автору болгонум үчүн сыймыктанам.
Мамарасул Мавлянов, обончу: “ЖАКШЫ ЧЫГАРМА ЖАЗУУ ҮЧҮН ЭРКИНДИК КЕРЕК”
– Ырга обондун жаралганына бир жылдай болду. Өзүм ырдап социалдык баракчама жүктөп койсом ырчы Гүлназ Чыныбек кызы “ушул ыр ата-энеме жагыптыр, мен ырдап чыксам болобу?” деди. Макулдугумду бергем. Гүлназ жакшы ырдады, ыр ийгиликтүү болуп элге алынып кетти. Көп ырчылар сурашты, көптүгүнөн ысымдарын деле билбей калчу болдум. “Ырдай бергиле” деп коём. “Ырыңызды сатыңыз” дегендер да бар, “ыр сатып көргөн эмесмин, жакшы чыгарма элдики, жакса авторун атап ырдай бергиле” дейм. Обондун жаралганы боюнча айтсам, акын Гүлбүбү Байбугуеванын ыры жагып, өзүнө кайрылгам. “Ушул ырыңызга обон чыгарат элем, биринчи куплети жакты, калган куплеттерин кайра жазып бересизби?” десем тез эле жазып берди. Обон оңой эле чыгып кетти, жөнөкөй, бирок жүрөккө жакын ыр болду. Өзүм аккордеон менен ырдайм. Обончулук тууралуу айтсам, окуучу кезде эле обон чыгарып баштагам. Бир топ жыл обончулугума көңүл бурайын дебеген экем, 2009-жылы чыгармачылыкка киришейин деп чечтим. Чыгармаларымды карап чыгып оңдоп, элге тартуу кылып жатам.
Жакшы чыгарма жазуу үчүн адам эркин болушу керек экен. Учурда 30дан ашык обон чыгардым. Көбү элге сиңди, кээ бири ырчылардын талашына түштү. Өткөндө 7-ноябрда жеке концертимди бердим, жакшы өттү. Эми Ош шаарында да концертимди берсем деп турам. “Жолуксак кандай жакшы” азыр популярдуу болуп жатат, өзүм да ушул ыр менен жакшылыктарга көп барам. Ал тургай чет өлкөдөн ушул ырымды суранып чалгандар бар.
Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “ЗАМАТТА ХИТ БОЛУП КЕТКЕН БИРИНЧИ ЫРЫМ БОЛДУ”
– “Жолуксак кандай жакшыны” обончу Мамарасул Мавлянов өзүнүн баракчасына аккордеон менен ырдап чыгарып коюптур. Аны апам көрүп калыптыр. “Ушул ыр сага жарашат, сурап көрбөйсүңбү?” деди. Ичимден бул ырды майын чыгара албасам керек деп тайсалдап, бирок апамдын көңүлү үчүн “макул” деп койгом. Кийин апам дагы сурады, “шылтоо айтканча автордон бир сурап көрөйүнчү” деп агайдын телефонун таап сурадым. Ильяз Абдыразаковго барсам бош экен, анын студиясынан ырды жаздырмай болдук. Жолу шар кетти. Ырды жаздырып жатканда баягы шектенүүлөрүм жоголуп, жыргап ырдадым. Даяр болгондо алып кечке угам десеңиз, эч тажабайм (күлүп). “Мен деле ырдай алат экем го мындай ырларды” деп толкундангам. Агайга жөнөттүм, агай болсо ырдын сөзүн жазган Гүлбүбү Байбугуева эжеге жөнөтүптүр. Ал менин, обончунун, өзүнүн атын гүл менен кооздоп монтаждап туруп, жеке баракчасына салып коюптур. Анан эле жайылып кетсе болобу. Ырдын презентациясын кыла элек, эч жерге ырдай элек болчумун. Ырдап-ырдай электе хит болуп кеткен биринчи ырым болду. Тез арада кыргыз элине, чет өлкөлүктөргө чейин тарап кетти. АКШда эмгектенген классташым ырды угуп алып ошол күнү бардык кыргыздардын кабарын алып жолугуп чыгыптыр.
«ЖОЛУКСАК КАНДАЙ ЖАКШЫ»
Сөзү: Гүлбүбү Байбугуева
Обону: Мамарасул Мавлянов
Чыныгы жүздөр менен
Чыры жок сөздөр менен
Жаркырап күлүп турган
Жайнаган көздөр менен
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Сагынган жүрөк менен
Эң жакшы тилек менен
Кучактап бекем кысып
Кубаттуу билек менен
Көрүшкөн кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы
Амандык болсун дешип
Бөксөлөр толсун дешип
Байырлап башыбызга
Бак-дөөлөт консун дешип
Бар болсок кандай жакшы
Бар болгон кандай жакшы
Бар болсок кандай жакшы
Өйдөдө өбөк болуп
Ылдыйда жөлөк болуп
Туугандар жай турмушта
Жакшылык себеп болуп
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы
Нуржамал Жийдебаев