Айгерим Саматова, актриса: “ЧӨНТӨГҮ КАЛЫҢ ЖИГИТТЕР КЕЛИШИМДҮҮ КӨРҮНӨТ”

Актёр Нурбек Юлдашев менен чогуу “Кыска тамашаларга” тартылып таанылган актриса Айгерим Саматова менен бир аз обу жок маек курдук. Айгерим айымды “Кыска тамашалардан” тышкары “Кайнене” тасмасынан да көрүп калгансыз, Тикток аркылуу да жакшы таанысаңыздар керек. Элге күлкү тартуулап жүргөн жайдары кыздын күлкүсүнүн артындагы кайгылары, апасына болгон таарынычы тууралуу да сөз болду.

– Салам. Айгерим деген ким?

– Салам. Айгерим Таластын кызы. 1996-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда төрөлүп, ошол жакта чоңойгом. Бишкекте Маданият жана искусство университетинин драма актёру бөлүмүн аяктагам. Учурда актрисамын, бойдокмун, күйөөм жок, жигитим жок (күлүп).

– Учурда канча жумушта иштейсиз?

– Кооперативде PR-адис болуп иштейм. Мындан тышкары бала бакчада музыкалык жетекчи, хореограф болуп иш алып барып жатам.

– “Кыска тамашалардын” актрисалары Динара, Айдина, Насипа жана сиз. Кимиси мыкты?

– Ар ким өзүнчө мыкты. Мен да өзүмчө мыктымын. Аларга караганда жаштыгым, аракетчилдигим менен мыктымын.

– Аталган долбоор болбогондо эмне кылмаксыз?

– Эмдигиче күйөөгө тийип, 2 баланын энеси болмок болушум керек.

– “Кыска тамашалардагыдай” какчыңдаган келин болосузбу?

– Болочок кайненем окуса кантет (күлүп)? Андай болбойт болушум керек. Мен жашоодо уялчаакмын. Азыртадан эле ошондой аял болбоюн деп өзүмдү даярдап жатам. Анткени ошол образдын үстүндө иштеп жүрүп ошол мүнөздүн канча бир пайызы менде калыптанып баратыптыр. Кээде кармап кетет ошол мүнөз. “Жөн, сен кызсың да” деп өзүмдү токтотом.

– Тентек кыздан кыйын ырдайсызбы, аны Тиктокто шылдыңдаганыңызды көрдүм?

– Кыйын ырдасам Тиктокту эмдигиче жармакмын да. Демек, ал менден кыйын ырдайт. Кыйын кыз бирок ал, бир чети баа берем. Ал кыз тууралуу угуп, тааныгандан кийин оюм өзгөрдү. Ага чейин жөн эле койсо болмок, өзүн шылдың кылып жатат дечүмүн. Анткени эл шылдыңдай берет эмеспи. Мен деле шылдыңдадым, менин Тиктоктогу образым ошол да. Бирөөнү туурагым, жинине тийгим келе берет.

– “Мурдума тыгып алайынбы?” деген кызды да шылдыңдаптырсыз.

(Күлүп) Жасалма экени билинип калгандай го. Билбейм, балким, өзү ушундай. Ал кызды жакындан тааныбайм да. Ашыкча жасалмаларды көрсөм денем титиреп, шылдыңдагым келе берет.

– Ырчы Алтынай Жайнакова менен эфирге чыгып, айтыша кеттиңиздер. Жеңилип калгандай болдуңуз?

– Ооба, жеңилдим. Ал эжени утканга деле көңүлүм жок болчу. Алтынай эжеге жетиш үчүн 2 жолу кайра төрөлүш керек го. Ал менден сулуу, менден бай, мага караганда көптү көргөн. Ошон үчүн теңелбей эле коёюн.

– Ырчы Анжеликадай эл оозуна көп алыныш үчүн эмне кылыш керек?

– Хайп жөнүндө план жазыш керек.

– Шоу-бизнесте орун табуу үчүн таланттуу болуу жетиштүүбү?

– Талант эмес, кошомат кылууну жакшы билиш керек. Негизи бул дагы чоң талант экен. Кошоматты жакшы жасай алгандар ийгиликтүү болушарын кийин билдим. Миң талантың болуп, кошомат кыла албасаң анчалык көтөрүлө албайсың. А мен кошомат кыла албайм. Кылгандарды жаман көрөм.

– Жашоодо канча бет кабыңыз бар?

– Эки. Ата-энемдин алдында такыр башка адаммын. Туура жүргөн, чечкиндүү, күчтүү кызмын. Алар ыйлаганымды такыр көрүшө элек. Алардын көзүнчө ашыкча сүйлөбөйм, күлбөйм, күлдүрбөйм. Досторумдун арасында жаагым басылбайт, оозум жабылбайт, күлө да, күлдүрө да берем.

– Үйдөн эмнеге ачыла албайсыз?

– Үйдөгүлөр мени созулган жакшы кыз деп кабыл алышат. Ошого татыктуу болоюн деп жарылгым келсе да чыдап, өзүмдү токтотуп турам. Ошон үчүн үйгө барганда көпкө турбайм, ачылып кетпейин деп. Алар менен конокко да барбайм.

– Жигиттин чөнтөгү калың болсо келишимдүү көрүнөбү?

– Ошондой экен. Статусу бийик, чоң кызматта отурган, чөнтөгү калың жигиттер келишимдүү көрүнүшөт. Кыздарга өзүнө ишенген эркектер жагат да, “мен кылам, колумдан келет” деген. Акчалуу эркектерде ошол нерсе бар болгону үчүн бизге жакса керек. Эмнегедир акча сүйлөтөт дегенге ишендим.

– Боюңуз узун болгондо эмне кылмаксыз?

– Жалгыз турганда өзүмө узун эле көрүнөм. Бою узундар жаныма келип калса эле башкача болуп калат.

– Күлкүчүсүз. Көп күлгөн адамдын артында кайгы көп болот дешет...

– Кошулам. Менде да таарыныч бар. Ошону күлүп жашырсам керек. Кабакты түйүп жүрсөм жашоом такыр татаалдашып кетет го.

– Кандай таарыныч?

– Апам менен атам мен төрөлгөндө эле ажырашып кетишкен. Апам өз жашоосун куруп кеткен, мен тай жагымда калгам. Атамды сүрөттөн гана көргөм. Апам менен ортодо 17 жыл такыр байланышкан жокпуз. Кийин жолуктук. Мен жакшы кабыл алдым. Моралдык жактан да, каржылык жактан да жардам бердим. Анын башка балдары бар. Баккан жагыма көп тартам. Таята-таенемди ата, апа дейм.

– Таарынычты жеңе алдыңызбы?

– Жок. Бала кездеги таарыныч кала берет окшойт. Психологдорго бардым. Ички органдарымдын соо жери жок. Уйку безим, боорум, ашказаным, өтүм ооруйт, башымда нервдик чыңалуу бар экен. Анализдеп келсек, баары балалыктан калган таарынычтан улам экен. Бардык оору таарыныч, кек сактоодон башталат тура. “Муну жең, аракет кыл” дешти. Бирок айтыш оңой, кылыш кыйын экен. Апамды кечирдим же кечирген жокмун дей албайм. Өкүнүчүм бар. Балачагым ата-энем менен өткөндө, балким, азыр баары башкача болмок дей берем.

– Баары жакшы болсун! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
KaGaH
2021-12-06 10:11:53
Мындайларды орустар шкура деп коюшат
-10
ZHaziko
2021-12-06 16:19:29
Жакшы маек болуптур ачык айкын. Таластыктарда ушулнерсе бар как есть журушот кошомат жок. Бул сапатты баалай билген адамдарда аз
+2
Mirnar
2021-12-06 17:03:37
Сонун кыз Алтынай Жайнакова сенин тырнагындын учунада арзыбайт.
+7
Erlan_95
2021-12-06 19:21:01
Тарс турс суйлоп салган кыз экен)). Эзилип нары жагынан, бери жагынан чыкпай
+5
kun-nuru
2021-12-08 10:34:29
Бактылуу бол
+2
ChagyIgan7
2021-12-09 10:11:28
Магада бай балдар жагат
0
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан