АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башталышы)

– Эмнеге мынча капасың?

– Капа болгон жокмун, болгону тынчсызданып жатам. Мындан ары эмне болот?

– Хм, мен сени бир нерсеге зордогондой болбоюн. Жолукпайм десең...

Сулуу аялдын жүрөгү зырп эте түштү. Мына ушундай бир күн келерин билип жүргөн. Оо, Аскар Жусупов эмне деген ысым?! Бул депутаттын төшөгүндө жатуу эмес, жанында жүрүүнү кыялданган канча аялзаты бар. Ушул адам үчүн баарын садага чапкан. Үй-бүлөсүн дагы. Дүрт эткен кумар оту, бийлик, Аскардын харизмасы бардыгы биригип келип Альфияны учуруп барып кайда таштап салганын өзү да түшүнбөй калган убак болду. Андан да жаманы – алгачкы ысыктык тарап бара жатканын сезгени эле. Кырктын кырынан өткөнү менен, али да дымагы күч, сулуу аял болчу Альфия. Жөн эле көптүн бири болуп калып калуу мүмкүн эместей сезилди. Чылымын күйгүзүп терезени тиктеп турган эркекти кызгана карады. "Эмнеге эркектерге Кудай баарын берип койгон? Өзүнөн 10 жаш улуу болсо да энергиясы, күч-кубаты, келбети баары жайында. Ал эми аялдардын убагы өтүп кетет. Эртең эле керилген сулууну жандап басып кетиши турган иш". Оюна ушул келгенде тамагына бир нерсе тура калгандай болду. Чындыкты моюнуна алгысы келбей башын чулгуду. Анын жан азабын кайдан билсин, аялдын жанына келген эркек акырын шыбырады.

– Кабатыр болбочу, баары жакшы болот.

Көп айтат ушул сөздү. Бирок бул жубатуу эмес, актанууга окшоп турду. Ого бетер жүрөгү сыйрылды, көз жашын көрсөтпөйүн деп башын жуурканга ката берди. Эңилип аялды жубатайын деп бара жаткан эркек аялдын баш жагында турган телефонго СМС келип, телефону жарк эте күйүп калганын көрдү. Телефондун фонунда турган бойго жеткен кыздын сүрөтүн көрүп калды.

– СМС келди, телефондогу кыз ким?

Аял жууркандан башын чыгара калып телефонун ала койду.

– Ал эмне деген сөз?- деди жактырбай. Аялдын чырт эткен үнүнө эркектин ого бетер куйкасы куруша түштү. “Эмне деген калк аялдар? Эмне каалашат? Канча берсең да аз. Эми эмне болду буга? Менин маселем эле аздан бетер, эптеп эле менден алайын дешет. Менден баарын талап кылышат. Сүйүү, акча, мамиле... Баарын мен беришим керек. Үйдөгүм деле ошондой”.

Кыжырланып кетти. Тез туруп кийинип алып чыгып бара жатты.

– Мен кеттим,- деди күңк эте.

Аял үн катпады. Тиги чыгып кеткенден кийин телефонуна келген билдирүүнү окуду. Күйөөсүнөн экен. “Операциядан чыктым. Сен качан келесиң? Айсулуунун туулган күнү, унутпа!”

Унутпа” деген нерсе ага кекетип жаткандай сезилди.

– Барчы ары! Унутпа имиш.

ххх

“Туулган күнүң менен, кызым! Уйкучу, тез туруп ашканага кел”. Айсулуу керебетинде жатып атасынан келген куттуктоону окуп жылмайып алды. Атакеси! Бул жолу эмне сюрприз жасады болду экен? Кызыга чуркап чыкты. Адатта атасы бөлмөнү шариктерге толтуруп, жыты аңкыган укмуш гүлдөрдү алып койчу. Анын бири жок. Таң кала туруп калды.

– Ата?

Анвар жылмайып кофесин иче берди. Чарчап турганы көрүнүп турат.

– Ии?

– Мен сени сюрприз жасап жатты экен десе...- деди кыз. Эмнегедир улутунуп алды.

– Чоңоюп калбадыңбы, бул жолу шарик-марик таккым келген жок. Бирок өзгөчө белегим бар. Так сендей чоңоюп калган кызга...

Анвар телефонду столдун үстүнө койду.

– Вау, Айфонбу бул? Ата, чын элеби?

– Болгондо да эң акыркысы!

Кыйкырып жиберген кыз кубанычтан жүзү албырып кетти. Телефонду ала калып өпкүлөп жиберди.

– Рахмат, атаке!

– Туулган күнүң менен, кызым! Сени жакшы көрөм. Аябай, аябай жакшы көрөм!

Анвар кызын кучактап маңдайынан сүйдү. Кызынын айдын сыныгындай сулуу жүзүнө тиктеп туруп сыймыктанып кетти. Айсулуу Альфия экөөнүн жалгыз кызы. Альфия ал-бул деп жооткотуп жүрүп төрөбөй койду. Апасындай сулуу кыз, бирок андагыдай муздак сулуулук эмес. Кимге болсо жылмайып жылуулук бере турган, жүрөгү мээримге толгон өзгөчө кыз. “Кызык, бул кыз кимге окшоп мынча жароокер, баарына түшүнүү менен караган кыз болуп калды? Мендей кекчил эмес, апасындай алсыз эмес, демек, чоң энесин тарткан окшойт. Ыраматылык апам бакпадыбы, болгон тарбияны чоң апасы берди”. Анвар ушинтип ойлоно берчү. Жаркырап чын дилинен сүйүнгөн, эч жасалмасыз кызынын маңдайына өөп ушул ойго жетеленди.

– Апам кайда?

– Командировкада, бүгүн келмек.

Атасы аялынын кайда жүргөнүн билбеш үчүн ушинтип жалган айтты. Башында жалган айтуу оор эле, азыр...

– Анда экөөбүз тамак ичели, ээ, ата?

Ушул учурда эшик ачылып Альфия көрүндү.

– Салам!- деди ал көңүлсүз гана.

– Апа, карачы атам мага эмне сатып берди.

Телефонун кубана булгалап сүйүнгөн кыздын жүзүнө деле караган жок. Өзүнүн маселеси кокодон болуп жаткан жаны кызына да бир нерсе деп жылуу сөз айта албады.

– Аа, телефонбу?- деди суз гана. – Баса, туулган күнүң менен! Бүгүн ооруп турам, экөөбүз эртең майрамдайбыз...

Ошентти да өз бөлмөсүнө кирип кетти. Анвар менен Айсулуу кандайдыр бир ыңгайсыздыкта калышты. Атасы капа болбошу үчүн кыз кайра жарк эте берди.

– Атаке, азыр экөөбүзгө сонун омлет жасайм.

– Макул, кызым, мен душка түшүп кайра келгиче жасай бер.

Атасы чарчаңкы болчу. Ал өз ишин мыкты билген хирург эле. Бул заманда чыныгы кесипкөйлөр бааланбай калбадыбы. Кудуң-шудуң менен иши жок Анвар мамлекеттик ооруканага чакан маянага иштеп келе жатканына көп болгон. Түнкү нөөмөттөн кийин кушеткада уктагандыктан болгон жери ооруп калган экен. Чыгып кызы экөө тамак ичкенден кийин кызынан сурап калды.

– Бүгүн машыгуу барбы, кызым?

– Ооба, атаке, сен ишенбейсиң, бизде азыр Питерге кетүү үчүн сынак болуп жатат.

– Сен барчудайсыңбы?

– Татьяна Ларова “баарыңарда мүмкүнчүлүк бар” дегенден башка эч нерсе айта элек. Питер, элестетиңиз! Балким, эмки жылы ал жакка окууга тапшырып калсам, бул сынак жардам берет.

– Кызым, кесип тандоо тууралуу ойлоно элекмин дедиң эле...

– Мен балерина болом да, ата, ушунча жыл окугандан кийин андан башка тандоо деле жок го...

– Хм, балет – чоң искусство. Ал жолго түшсөң көп курмандыкка барууңа туура келет. А мен сени жөнөкөй эле кесип менен жөнөкөй эле адамды тандап бактылуу болушуңду каалайм.

– Сиздей жөнөкөй адамдыбы?

Күлө сүйлөгөн кыз атасынын эң талуу жерине тийгенин сезген жок. Кайдан билсин ал өмүр бою Альфия күйөөсүнүн жөнөкөй экенин мээсине ургулап айтып келе жатканын. Анвардын өңү өзгөрүлө түштү.

– Эмнеге, кызым? Жөнөкөй адам менен тынч, бактылуу жашоону каалабайсыңбы?

– Жок, ата, антип айткым келген жок. Болгону мен балерина болгум келет. Училищеде бизге башка кесиптин ээси болосуң деп эч айтышпайт да. Мен бул кесипти тандай турганым ачык деп ойлогом. Мен сен каалаган кесипти тандайм, ата.

Кызы эмнеге атасы минтип сурданып, жини келип кеткенин түшүнбөй алаңдап калды. Адатта атасы катуу тон менен да сүйлөчү эмес. Өзү да байкабай талуу жерине тийип алганын кайдан билсин курган кыз?

– Айсулуу, кызым, сен эч качан мен каалаган да, апаң каалаган да кесипти тандаба. Өзүң жүрөгүң менен танда. Эгер балерина болууну кааласаң, тоскоол болбойм. Болгону жакшы ойлон.

ххх

Аскар Жусупов машинесин айдап бара жатты. Айдоочусун көп учурда жанына албайт. Эсине эмнегедир Альфиянын телефонунан көргөн кыздын элеси келе калды. Ушул элес-булас көргөн сүрөт эсине кылт эте түшө калып жатканына таң калды. “Ким болду экен? Ким бул?” деп жатты анын тынчы жок көңүлү...

ххх

– Сенин атаң жөнөкөй адам эмес.

– Хм, билем анан?..

– Ошого жараша артыңдан сөз ээрчитпей жүрүшүң керек. Азыр деген мурунку заман эмес, интернет деген бар. Бирөө ушундай адатыңды көрүп-билип телефонуна тартып алса сен эле эмес, бүт баарыбыз өлдүк.

Эркин апасынын сөздөрүнө башын чайкады. Ойлонуп кетти. “Апам өзүн жашап жатам деп ойлойт, ээ? Өмүр бою күйөөсүнүн көлөкөсүндө бүрүшүп жашады. Жашоо өз алдынча болгондо гана таттуу экенин кайдан билсин? Ай апам, ай”.

Ойлонгону менен апасына айта албады. Тарбиясы башка. Балалыгын чоң атасы менен чоң апасынын жанында өткөрдү. Ата-энеге каяша айтылбайт бул үйдө. Кемчилиги да көрүнбөш керек. Көрсөң да көрмөксөн болушуң керек. Сиңирип коюшкан бул ойду.

– Макул, апа, жок дегенде тамак ичип алгыча мээмди жебей тургулачы.

Апасы үн катпай калды. Бирок унутуп калды окшойт, кайра эле сүйлөнө баштады.

– Баарыбыз анын намысын ойлонушубуз керек. Сен, карындашың дагы...

Эркин чайнап жаткан тамагын токтото калды.

– Наргизага эмне болуптур?

– Ай, билбейм, саксайган бир орусту ээрчитип алыптыр жанына. Эки жолу көрдүм узатып келгенин. Атаң көрсө...

– Аа, мындай эле болсо керек, көңүл бурбаңыз. Бир аз ээрчишип, анан сонуну тарайт, дайым эле ошондой го.

– Кантип бурбайм, атаңдын аброю...

– Уф, 10 мүнөттүн ичинде атам тууралуу канча сөз айттыңыз, апа? Болду да эми, жетет. Мээни жей бербеш керек. Жок дегенде өз үйүмдө тамакты Эркин катары жей аламбы? Аскардын баласы эмес, Э-р-к-и-н катары өзүм менен өзүм боло аламбы?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА