Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: “ЫРЛАРЫМДЫ АТАКТУУ ЫРЧЫЛАР САТЫП АЛЫШТЫ”

Кыргыздын атактуу режиссёрлорунун бири Эрнест Абдыжапаров обондуу ырларын аукционго койгону белгилүү болду. Маек төрүбүздүн коногу кинонун кандай кыйноо экенин, аукциондогу обондуу ырларын кайсы атактуу ырчылар сатып алышканын, Манас дүйнөсү жана башкалар тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Эрнест байке? Жаңылыктарыңыздын бири обондоруңузду аукционго койгонуңуз болду. Идея кайдан келип чыкты?

– Саламатсыңар, негизи композиторлор ырларын сатышат. Ырчылар жакшы ырларды издеп жүрүп сатып алышат. Мен эзели ырларымды сатып көргөн эмесмин, өзүмдү обончу деп деле эсептечү эмесмин. Ырларым деле элге кокусунан жайылып кеткен. “Айыл өкмөтү” тасмасына өзүмдүн “Жол”, “Саратан” деген ырларымды пайдалангам. Тасма чыкканда ырлар популярдуу болуп кетти. “Эл жакшы кабыл алса дагы кошуп көрөйүн” деп “Боз салкынга” дагы коштум. “Апаңдын тилин алып үйдөн чыкпай калдыңбы?” деген ырыма Элина секирип бийлеп чыга калат эмеспи. Ал ыр хит болуп кетти. Ошондон улам “колумдан келет турбайбы” деп обондорумду элге тартуулай баштадым. Көп обон чыгардым, бирок жоголгону жоголду. Телефонго обонду жаздырып коюп таппай калган учурлар көп болду. Учурда 60ка жакын обонум бар. Өзүм ырдайм деп катып жүрчүмүн, бирок ырды таратканга да убакыт керек экен, көп тарабай калды. Атактуу ырчылар ырдаса ыр бат тарайт экен, мисалы, Гүлнур Сатылганова "Нандын жыты", Асылбек Өзүбеков "Кино, кино", Съездбек Искеналиев "Саратан" сыяктуу ырларды хит кылышпадыбы. Аукциондун идеясы ушундай чыкты. Жакшы шоу болду. Баалары 10 миң сомдон 30 миңге чейин болду. Бул символикалуу баа десем болот. Эң негизгиси, мындан ары бул ырлар баркталып, багылып, менин капчыгымда жата бербей, элге жетет деп ишенем.

Баш-аягы 9 ыр саттым. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова эки ырымды сатып алды, бирөөнү белекке бердим. Бир бизнесмен 4 ыр сатып алып, бирөөнү ырчы Тамгага белекке берди. Өзүм аябай жакшы көргөн ырды Тамга алды, буюрса, ырдап чыгат деп ишенем. Кызыктуу болду, дагы уюштурам деп ойлонуп турам.

– Тамаша-чынга аралаштырып “аукциондон түшкөн акчага карыздарымды жабам” деген экенсиз...

– Ии, ооба (күлүп). “Боз салкын-2” тасмасын элдин акчасына тартканбыз. “Байытабыз, антебиз, минтебиз” деп акча алганбыз да. Алар акчаларын сурап жатышат. Карыз экеним чындык, бирок журналисттердин бири “бул акчаны эмнеге коротосуз?” десе шашкалактап кеттим окшойт, “карыздарымды жабам” дептирмин (күлүп).

– Чоң сумма карызсызбы?

– Чоң эле. Тасманы 3 миллион 700 миң сомго тартканбыз. Миллион сомду элден чогултканбыз, аны биринчи беришибиз керек, калган акчасына деле үлүштө отургандар бар, аларга таратып берүү керек.

– Кино кээде байытса, кээде карыз да кылып коёт экен, ээ?

– Режиссёрдун жашоосу ушундай. “Уурунун махабатын” тартканда үйүмдү күрөөгө коюп тарткам. “Кекечти” тартканда дагы ошондой болду. Кинодо бирде бар, бирде жок болуп эриш-аркак болуп жүрө бересиң. Дайым эле жашыл түс күйүп турбайт. Кандай күн болбосун, тасмалар тартылып элге тартууланып жатат, мен сүйгөн кесибим менен алекмин. Бирде төө минесиң, бирде жөө жүрөсүң, кандай болсо да мен үчүн кино тарткандан артык бакыт жок.

– 2010-жылы сиздин концертиңизге баргам, ырдоо стилиңиз өзгөчө, кантип калыптанганына кызыгып калдым эле?

– 2010-жылы төңкөрүш болорун билбей датаны белгилеп алган экенмин, концертиме эл келбей калган (күлүп). Спорт сарайынын жетекчилери "концерт койбо, биз ижара акчасын доолабайбыз" десе болбой
70 миң сомду санап берип, билет сатып алган жүз кишиге концерт бергем. Артка чегингим келген эмес.

Музыка дүйнөсү чексиз да, джаз, рок-н-ролл, попса жана башкалар. Ал эми кыргыздарга келсек, Рыспай Абдыкадыров кыргыздын нукура ырларынын стилин түзүп кеткен. Классикалык мыкты үлгү. Мен жаш кезимден музыка дүйнөсүнө аралашып калдым, эстрадалык топто жүрдүм. А бирок баары бир комуздун күүлөрү менен калыптанып өскөм. Ошондуктан ырларым батыш менен кыргыздын ыргактары менен жуурулушкан.

70-жылдары рок популярдуу эле, обондорумдун стили батышка таасирленип чыгышы мүмкүн. Джаз менен кыргыздын нукура өзөгү айкалышкан обондор келип чыгат. Обон джаз болгону менен, аны “бул кыргызча эмес” деп эч ким айта албайт. Өзөгү кыргыздыкы, айылдын жыты жыттанып турат.

– Режиссёр болбой калсаңыз, музыкант болот белеңиз?

– Кээде ошондой ой келет. Комуз, гитара, пианино, аккордеон, чоор, барабан, ооз комуз сыяктуу музыкалык аспаптарды жакшы ойнойм.

– “Сагымбай манасчы” чыктыбы, мурун “Саякбайды” тарттыңыз, манасчылардын бейнесине көп көңүл бурат экенсиз, себеби эмнеде?

– Сүрөткер бир нерсе жаратам десе ал сөзсүз бир нерседен азыктанат. Бири китептерден, бири бирөөнүн тагдырынан таасирленет. Мен кичинемден кыргыздын түпкүлүгү, санжыралар, “Манасы” менен азыктандым. Эң биринчи тасмам – “Менин пирим Алмамбет” болгон. Мындан кийин да манасчыларды тартсам деген ниетим бар. Манас дүйнөсүнө сүңгүп киргеним кыргыздын түпкүлүгүн изилдегим келгенден болсо керек. “Сагымбайды” тартып бүттүк, азыраак жерлери калды.

– “Манастын” өзүн тасма кылып тартканга белсенет белеңиз?

– “Манасты” көркөм тасма кылып тартам деп эч эле айтпайм. Анткени өтө чоң жоопкерчилик. Эл өзү “Манасты” кино катары көргөнгө даяр болгондо, жапа тырмак “тартабыз” деп мамлекет киришкенде тартсам керек. Ошондо да “мен тартам” дей албайм, “мага ишенип тапшыра аласыңарбы, мен тартып көрөйүн” деп, эл макул болсо анан тартышым мүмкүн. “Кана акча, мен тартат элем?” деп айта албайм. “Саякбайды” деле тартам деген жокмун, мага ишенип тапшырышты, жан дүйнөм менен сүңгүп кирип тарттым. “Сагымбайды” болсо касиеттүү бир келин “сиз Сагымбайды тартат экенсиз” деп бир ооз эле айтып кеткен эле. Анан тартып калдым.

– Сагымбай манасчынын ролуна Аскат Сулаймановду тандап алдыңыз, окшоштугу барбы?

– Ооба, манасчыны Аскат Сулайманов аткарды. Роль үчүн көптөрдү карап көрүп, издедик. Өңүнүн окшоштугу эмес, бул жерде ийкемдүүлүк жана образды туура берүү биринчи планда болчу. Образ кандай болду аны эл айтат го, бирок тасма ошол учурду жакшы чагылдырып берди деп айта алам. Сагымбай манасчынын образы элге тартууланганы жатат, бул дагы чоң керемет.

– “Боз салкындын” уландысы болгон “Боз салкын-2” тасмасы кайрадан кинотеатрларда коюлуп жатат, билишимче...

– "Боз салкын" тасмасы тартылганына 15 жыл болуптур. Көптөгөн өтүнүчтөрдөн улам "Боз салкын-2" тасмасына киришкенбиз. Буюрса, элдин үмүтүн актайбыз деп турабыз. Тасма жаңы жылдык окуяны камтыгандан улам элибиз 2022-жылды ушул тасма менен тосушат деген ойдобуз. Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Келип көрүп кетиңиздер.

– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА