21-кылым өкүм сүрүп жатканына карабай өлкөбүздө мектеби, электр жарыгы, суу түтүгү, ооруканасы, бала бакчасы жок айылдар бар. Алардын бири – Жумгалдын Кең-Суу айылы. Ушундай шарттагы айыл эли эмне менен тиричилик кылып жан багышат? Айылы менен айылдын тургуну Айгүл Арстанова тааныштырды.
Кең-Суу айылы Нарындын Жумгал районунун борбору Чаектен 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кабак айыл өкмөтүнүн курамына кирет.
Кожолуктун (түтүн) саны – 18
Элдин саны – 119 адам
Айылдын аянты – 175 чарчы чакырым
Окуучулардын саны – 20
КЕҢ-СУУ АТАЛЫШЫ КАЙДАН ЧЫККАН?
– 3-4 кылымдан бери эле ата-бабаларыбыз жашап келе жаткан айыл. Айылдын ортосунан өзөн агып өтөт. Өзөндүн да, айылдын да аталышы Кең-Суу. Илгери суу жайылып, кенен акчу деген кептер бар.
Айылдагы үйлөр өзөндү бойлой аркы, берки өйүздөрдө жайгашкан.
“МАЛ МЕНЕН ТИРИЧИЛИК КЫЛАБЫЗ”
– Айылда мектеп, электр жарыгы, суу түтүгү, ФАП, клуб, айылдык китепкана, бала бакча, дүкөн, мончо, ал тургай сыртта иштеп жүргөн бир да мигрантыбыз жок. Уюлдук телефондор бирде тартса, бирде тартпайт. Кээде 3-5 күндөп тартпай калган учурлар болот.
Электр жарыгы Союз кезинде да болгон эмес. Тоолордун коюнундагы чакан айылга электр чубалгыларын, мамыларды алып келип орнотуу өзүн актабайт дешкен окшойт. Ошентип мурун чырак менен отурсак, 2017-жылдан бери күн панелдери колдонулуп келе жатат. Ал 3-4 бөлмөнү жарык кыла алат. Бирок андан бери айрымдарыныкы сынып, керектен чыгып, кайра эле чыракка өтүшкөн.
Сууну өзөндөн ичебиз. Айыл райондун борбору Чаектен 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдун 3 чакырымдайы таштак жол. Мал сатып, керектүүлөрдү сатып алып келүүгө Чаекке базарга барууга туура келет. Айыл менен Чаектин ортосуна каттаган маршруттук такси жок. Айылдагы унаасы барлар ошол жакка барып калса, ошолор менен барууга туура келет. Барып келгенге жол киреге 400-500 сом кетет.
Айылда ФАП жок болгондуктан бирөө-жарым ооруп калса коңшу айылдагы ФАПка, төрөп калса Чаекке алып барабыз. Катуу жамгыр жааганда жолго таштар кулап, аны тазалагыча жол убактылуу жабылып калат.
Ар бир үй-бүлөгө үлүш жер 10-50 сотыхтан бөлүнгөн. Ошол жерге жүгөрү, картошка, беде жана башкаларды эгебиз. Айылда 4-5 гана жеңил унаа бар, бирок бир да трактор жок. Андыктан жерди атка соко кошуп айдайбыз. Короого алма, өрүк тигип, помидор, бадыраң, болгар калемпири, пияз, көк чөптөрдү айдайбыз. Алар калыптагыдай эле бышат.
Чакан айылда иш жок, болгон тиричилигибиз мал менен байланышта. Анткени кийим-кечек же азык-түлүк, көмүр алабызбы, мал сатууга туура келет. Алды дегендердин 300дөй кою, 10-15тей жылкысы бар. Малы аз дегендерде 15-30 чакты кой, 2-5ке чейин уй, жылкысы бар.
“МЕКТЕПТЕ 4 ЭЛЕ ОКУУЧУ КАЛДЫ”
– Айылда мектеп жок. Окуучу балдарыбыз ар кайсы жактагы туугандарында жүрүп окушчу. 2015-жылы тиешелүү мекемелердин уруксаты менен айылдашыбыз Токтожума Стаханов өз үйүнүн 2 бөлмөсүн мектеп кылып ачкан. Анда башталгыч класстын окуучуларынын баарын бириктирип 1 класста окута баштаган. Окуучулардын бири 1-класс болсо, дагы бири 2-3-класс дегендей. Минтип окутуу абдан кыйын. Анткени үй тапшырмалары, жаңы темалары башка. Бирок ушул жылдын 30-ноябрында мектеп жабылды. Анткени 4 эле окуучу калды. Эми алар чоң класстын окуучуларына кошулуп, коңшу айылдагы мектепке барып-келип окушат. Негизи 2020-жылдан баштап жогорку каласстын окуучуларын мектепке бекер алып барып-алып келгенге атайын маршруттук такси бөлүнгөн. Бензин жана башка керектүүлөрү менен айыл өкмөт камсыздайт.
Айылда 4 бөлмөдөн турган 7 жылдык жаңы мектептин курулушу 2017-жылы башталып, бирок каражаттын жоктугунан бүтпөй турат. Эмки окуу жылга чейин бүтүрөт деп жатышат, буюрса.
Айта кетчү нерсе, Токтожума агайыбыз тууралуу режиссёр Ибадылла Ажибаев “Мугалим” деген даректүү тасма тарткан. Ошол тасма бир нече кинофестивалга катышып, баш байгелерди жеңип алган. Тасмадан кийин агайга "Эмгек сиңирген мугалими" наамы ыйгарылган.
“ТАБИЯТ КОЮНУНДА ӨЗ МЭЭНЕТИ МЕНЕН ЖАШАГАН ЭЛБИЗ”
– Айыл эли ынтымактуу, Нооруз майрамын белгилеп, тушоо, сүннөт тойлорду өткөрүп турабыз. Айылдын тегерегинде карагат, чычырканак, жапайы алма, ит мурун, долоно өсөт. Терчүсүн терип, кыям кайнатабыз. Чөнтөк телефон жакшы тартпагандыктан социалдык тармактар менен деле ишибиз жок. Кыскасы, табият коюнунда, табигый азыктар менен азыктанып, өз мээнетибиз менен жан багып келе жаткан элбиз.
Канымжан Усупбекова