«ЫМЫРКАЙ КЕЗИНДЕ КЫЗДЫН ЭМЧЕГИН СЫКПАҢЫЗ». Балдар гинекологунан энелерге кеңеш

Жашоодо "уят, эл укса эмне дейт?" деп жүрүп кээде алдын алууга боло турган ооруну өтүштүрүп жиберген учурлар бар. Кыз баланы жаш кезинен балдар гинекологуна көрсөтүп, саламаттыгына эртелеп кам көрүү жокко эсе. Бекеринен "эненин дени сак болсо, улуттун дени сак болот" деп айтылбайт. Төрөлгөндөн тарта кызга кантип кам көрүү керек? Энелер эмнелерге маани бериши зарыл? Бул жаатта балдар гинекологу Бактыгүл Абдраманова кеңеш берди.

ПЕДИАТРДЫН МИЛДЕТИ

– Ымыркай жаңы туулганда төрөт үйүндө неонатолог врач анын жыныстык органдарын текшерип, алардын туура жайгашканын, же патология бар же жок экенин аныктайт. Эне үйүнө чыккан соң жашаган жериндеги эмканага педиатрга убак-убагы менен алып барып турат. Ошондо ал ымыркайдын жыныстык мүчөлөрүн да карап, байкоого милдеттүү. Себеби энеге билинбеген оору врачтын көзүнө көрүнөт.

ЭМЧЕГИН СЫГУУГА БОЛБОЙТ!

– Туулганына 2-3 сутка болгондо айрым ымыркай кыздардын бир же эки эмчеги тең шишип калат. Үрпүнүн тегереги кызарып, ачык же киргилт өңдөгү суюктук чыгышы мүмкүн. Бул – кыздын организминде гормоналдык кайра түзүлүү жүрүп жаткандыгы. Медицинада бул жыныстык криз делет. Кыз курсакта кезинде гормондор энесинен өтүп турса, туулгандан кийин гормондор канча бир өлчөмдө энесинин сүтү аркылуу берилет. Ага карабай ымыркайда ал жетишсиз болот. Айрым апалар элден “шишиген эмчекти сыгып таштаса кийин кыздын колтугу, жука чурайы жыттанбайт экен” деген сөздөрдү угуп алышып ымыркайдын эмчегин сыгып салышат. Сыкканда бактерия кирип кетсе эмчеги ого бетер шишип, оорутат. Анан баланы врачка алып келип, дарылатууга аргасыз болушат. Эмчеги шишип калса тийбеш керек, өзү акырындап калыбына келет. Арык жана ара төрөлгөн кыздарда жыныстык криз болбойт.

КЫЗГЫЛТЫМ СУЮКТУК КЕЛСЕ...

– Жаңы туулган айрым кыздарда 2-5 күндө жыныстык кынынан өңү агыш же кызгылтым 5-8 тамчыдай суюктук бөлүнүп чыгат. Энелер коркуп “кан келип жатат” деп бизге алып келишет. Бул да жыныстык криздин белгиси, коркпой табигый көрүнүш катары кабыл алуу кферек. Эч нерсе кылуунун кереги жок. Болгону акырын жууп коюу керек.

ЖУУНТКАНДА...

– Жуунтарда энеси колун самындап жууп, анан ваннадагы сууга тосуп же сууну чуурутуп куюу менен кызынын жыныстык мүчөсүн алдынан артты көздөй жууганы туура. Арт жагынан алдыны көздөй жууганда көтөнү жагындагы микробдор жыныстык кынына кирип кетип, сезгентет. Аарчыганда сүртпөй, сүлгүнү акырын басып кургатуу керек. Сырткы жыныстык органдарды жышкыч менен жууганга болбойт. Антсе кызартып, оорутуп, жыныстык органдарынын былжыр челине зыянын тийгизет. Балдар самынын 1 күндө 1-2 ирет көтөнүн жууганга колдонсо болот. Чоң аялдар колдончу интим гели эч качан кичине кыздарга колдонулбайт.

Заңдаган сайын көтөнүн жуу талап кылынат. Балдар үчүн чыгарылган нымдуу салфетканы жуунтканга шарт жок учурда гана колдонуу керек.

КУМДА ОЙНООДО АБАЙЛАШ КЕРЕК

– Жайында, сууга түшүү сезонунда кыздар кум жээкте ойноп жатып, жыныстык органына кум киргизип алган учурлар абдан көп. Жыныс кынына 2-4 даана эле кум кирип кетсе да ачыштырып, өйкөп оорутат. Кан аралаш күлгүн суюктук келип башташы мүмкүн. Апалары алып келгенде текшерип, мазок алабыз, канга, мите курттарга анализ тапшыртабыз. Анткени жыныс кынына арткы тешиктен чыккан мите курттар кирип кеткен учурлар да болот. Биз жыныс органын кумдан тазалап, фурациллин аралашмасы менен жууйбуз.

КИЧИНЕ ЖЫНЫСТЫК КЫНДЫН ЭРИНДЕРИ ЖАБЫШЫП КАЛСА...

– Айрым энелер ашыкча эле таза болуп кызынын жыныс органын кайра-кайра жууп же нымдуу салфетка менен сүртө беришет. Минткенде ал жердеги табигый май сымал зат (смазка) улам жуулуп кете берет. Андай зат жыныстык органдарды бактериялардан коргоп турат. Ал жуулуп кете бергенде жыныстык органдын былжыр чели сезгенип, жыныстык кындын эриндери биригип, жабышып калат. Бул синехия дарты деп аталат. Дарт кызды жуунтпай, карабай, кечке памперс кийгизип койгондо да жаралат. Кыздын организминде эстроген гормону жетишсиз болгондо да жабышат. Синехиянын даражалары бар. Жеңил түрүндө курамында эстроген гормону бар дары май жазып беребиз, аны 10-20 күн сүйкөгөндө жабышкан жыныстык эриндер ачылып, ажырайт. Андай дары май климакс болуп, жыныстык мүчөлөрү кургак тартып калган аялдарга да жазылып берилет. Бирок ымыркайларга абдан аз дозада колдонулат.

Орточо түрүндө кол менен акырын тартып же аспап менен тилип ажыратабыз. Оор түрү бул кыз синехия менен 7 айдан 1 жылдай же андан көп убакыт жүрүп калганда болот. Жыныстык эриндер толук жабышып, катуу тартат. Заарасы чыкканга ийненин көзүндөй жер гана калат да, заара ошол жерден сызылып чыгып калат. Мындайда наркоз берилип, анан скалпель менен тилинип ажыратылат.

ЖАРАКАТКА КАБЫЛСА...

– Кыздар велосипед тээп же башка оюн ойноп жатып жыныстык органдарын катуу уруп алганда, жыгылып бир нерселердин үстүнө отуруп калганда 5-8 тамчы кан келген учурлар болот. Андан көп келбейт. Андай учурларда энелери бизге алып келет. Көбүнчө жыныс кынынын оозундагы былжыр чели айрылып кеткен болот. Кыздык чел кабыктын биртке жери айрылып кеткени абдан чанда кездешет. Биз текшерип, фурациллин аралашмасын жазып беребиз. Ошону менен жууп, тазалап турушат. Эмчектерин оорутуп алгандарды алып келсе эмчектерин УЗИден өткөртөбүз. Айрымдарда жаракаттан улам жаңы өсүндү жаралып калышы мүмкүн, биз аны байкоого алып турабыз. Бирок адатта ал өзү жок болуп кетет. Эгер жок болуп кетпесе маммологдорго жиберебиз, алар дарылашат.

Бала деген бала да, чанда кездешсе да кыздар ойноп жатып жыныс кынына шуру, топчу, тыйын сыяктуу чакан нерсени салып жиберген учурлар кездешет. Жыныстык кыны кызарып, оорутуп, кан аралаш суюктук келе баштайт. Эгер салынган нерсе узакка жүрүп калса суюктук, ириң көп бөлүнүп чыгып оорутат. Гинекологго алып барганда ал текшерип, ичтеги нерсени медициналык кыпчуур менен алып чыгат. Анан сырткы жыныстык мүчөсүн жууп, дары май менен майлайт. Жууп, майлоо процедурасын апасы үйүндө улантат.

Кызды балдар гинекологуна текшертүү керек...

• Эгер сырткы жыныс органдарынын түзүлүшү кадимкиден башкача болсо;

• Жыныс кынынан суюктук акса. Мисалы, жыгымсыз жыты бар саргыч, жашыл же күрөң же кызгылтым суюктук акса;

• Сырткы жыныс органдары жаракатка кабылса, кызарып калса же кыз аларды тырмаса;

• Ичинин төмөн жагы ооруса, эмчеги жаракатка учураса;

• Заара ушатканда оорутууну сезсе, ыйлап жиберип жатса.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА