Харассмент же болбосо сексуалдык ыдык көрсөтүү деген эмне? Бул сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз жана орунсуз “тийишүүлөр” – комплименттер, тамашалар, ымдоо-жаңсоолор, көз караштар, кадыр-баркка шек келтирген сөздөр, жыныстык катнаш менен алектенүүгө сунуштар, ошондой эле кармалап, кучактоо.
АЛА КАЧУУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОН
18 жаштагы Бурулай Турдали кызы жана 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү эсиңиздеби? Чырактай курагында мыкаачы жигиттердин колунан каза тапкан 2 кыз харассменттин курмандыгы болгон. Мындай кейиштүү жыйынтыкка кириптеген сексуалдык ыдык көрсөтүү көйгөйүнө бөгөт коюу үчүн “Супер-Инфо” гезити 5 жумалык челлендж жарыялайт. Эгер сиз харассментке кабылсаңыз WhatsApp`тагы 0770882719 номерине окуяңызды жазып жөнөтүңүз. Окуялар анонимдүү болоруна кепилдик беребиз. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчаңызга #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештегдерин колдонуп окуяңызды жазсаңыз болот. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленип жатат.
Сексуалдык ыдык көрсөтүү катары сексуалдык подтекстке ээ болгон бардык жүрүм-турум эсептелинет:
АГРЕССОР КҮНӨӨЛҮҮ
Көп учурда ар түрдүү кысымдар (уят тамашалардан тартып күчкө салып кучактоо, жыныстык катнаш менен алектенүүнү сунуш кылуу) аркылуу жигиттер жана чоң эле эркектер (сейрек учурда кыздар жана аялдар) өздөрүнө көңүл бурдурууга, таасир калтырууга, айлана-тегеректегилерге «кыйын» көрүнүүгө, таанышууга, мамиле баштоого жана жыныстык катнашка жетүүгө аракеттенишет. Агрессорлор көпчүлүк учурда өздөрүн ушундай алып жүрүшөт. Аларга башка бирөөлөрдүн чегин бузуу, өзүнүн бийлиги менен күчүн көрсөтүү, мажбурлоо, жыйынтыгында жазасыз калуу ырахат тартуулайт.
Агрессорлор мындай жүрүм-турумун көп учурда тийишип жаткан адамдын кийими, жүрүм-туруму же алгачкы тийишүүлөргө унчукпай койгону менен түшүндүрүшөт. Бирок “өзүн башкача алып жүргөн” жабырлануучу күнөөлүү эмес, ар дайым АГРЕССОР күнөөлүү болуп саналат.
Абдан көп учурда агрессор социалдык абалын пайдаланып (жетекчи–кол астындагы кызматкер, окутуучу–студент), курмандыгына кысым жасоо үчүн колдоно ала турган реалдуу бийлиги жана таасири болот. Же болбосо бул адам жөн гана физикалык жактан күчтүүрөөк. Ошондуктан бардык учурларда жабырлануучунун “жок” деп баш тартуусу оңой болбойт. Анткени окуусунда, ишинде, атүгүл, ден соолугуна байланыштуу келип чыкчу көйгөйлөрдөн коркот.
Андан сырткары, курмандыктын жүрүм-турумуна жаш-курактагы айырмачылык “кыз киши каршылык көрсөтпөш керек” деген гендердик стереотиптер, элге билинип калуудан коркуу, мындай жагдайларда өзүн кандай алып жүрүүнү билбестик да таасир этиши мүмкүн.
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Көчөдө бейтааныш адамдардын орунсуз тамашаларына жана ачык эле сунуштарына эч кандай жооп бербестен, өтүп кеткен жакшы. Көп учурда мындай адамдар жооп бергениңди жабышууну улантууга шылтоо катары кабыл алышат.
Эгер асылып жабышуу улана берсе, артыңдан ээрчип алса, кол салганга аракет кылса – жарык, эл көп жерге барганга, мисалы, дүкөнгө кирип кеткенге аракеттен. Күбөлөр болгон жерде ал адамга артыңдан ээрчип алганын, асылганын, жабышканын токтотушун токтоолук менен жана ишенимдүү түрдө угуза айтуу зарыл. Күзөтчүлөргө же милицияга жардам сурап кайрылгандан уялбаш керек. Андай адамдар сенин уялып, унчукпай каларыңа ишеними күч болот, ошондуктан көпчүлүк учурда жазасыз калышат.
Эгер тааныш адам тараптан коркунуч туулса, дароо кетип калганың же аны менен жалгыз калбаганың оң. Анткени коопсуздугуң маанилүү. Зарыл болгондо далилдериң болуш үчүн, колуңдан келсе анын асылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды (күнүн, убактысын, ордун, окуяны, күбөлөрдү) белгилеп жазып койгон жакшы.
Эгер сезим-туюмдарыңды ажыратып тааный албай жана андан ары эмне кылышты билбей турсаң, болгон окуя тууралуу жакындарыңа айтып бергениң туура. Көп учурда кеңеш алып жатканда өз сезим-туюмдарыңды жакшыраак иликтеп-талдап, түшүнүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Жакындарыңдан конструктивдүү реакция болбоорун билсең, бушайманга салган көйгөйүңдү ишенген адамыңа, мүмкүн болсо, тажрыйбасы мол адам менен талкуулаганга аракет кыл. Же болбосо жогоруда көрсөтүлгөн номерлерге чал. Ал жерде тажрыйбалуу психологдор иштешет. Алар менен каалаган жагдай тууралуу анонимдүү түрдө сүйлөшө аласың.
КӨЙГӨЙ ТУУРАЛУУ АЧЫК АЙТЫШ КЕРЕК
Сексуалдык ыдык көрсөтүү жеке чектерди бузуп, коопсуздук сезиминен ажыратат. Ал жөнүндө айтып, жардам суроо ыңгайсыз жана кемсингендей туюлушу мүмкүн. “Айланамдагы адамдар колдобойт, айыпташат же шылдыңдашат” деп коркуп, “унчукпай койгон жеңил жана туура” деген ойго келүүгө аргасыз кылат . Бирок харассментте экинчи адамдын макул эместигине карабай өз кызыкчылыгын таңуулап, артынан түшүп алган адам күнөөлүү болуп эсептелет. Ошондуктан сенин реакцияң ал адамга ыңгайсыздыкты, уялууну же коркууну жаратканы адилеттүү деп саналат. Адамдар көйгөй тууралуу канчалык көбүрөөк айтышса, ага көбүрөөк көңүл бурулат. Демек, харассмент учурлары азыраак болушуна шарт түзөт. Анткен менен ал жөнүндө айтуу керек же керек эместигин ар бир адам өзү гана чечет.
“КҮТҮЛБӨГӨН ЖЕРДЕН АЛ КИШИ БАСА КАЛДЫ"
Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган кыз-келиндердин WhatsApp номерине келген окуяларынан:
– Кичине кезимде апам мени чоң атамдыкына калтырып кетчү. 6 жаштагы тестиер кыз элем. 45 жаштагы кошуна киши бар болчу. Ал кечинде телевизор көргөнү келчү. Бир күнү адаттагыдай кино көрүп отурганбыз. Бир маалда баары бөлмөдөн чыгып кетишти. Мен кинону акырына чейин көрүү үчүн калып калдым. Күтүлбөгөн жерден ал киши мени баса калып, сексти имитация кылды. Оозумду жаап алган эле, колун тиштеп, түртүп качып кеттим. Аябай корктум, уялдым. Ортодо эч нерсе болгон жок, бирок бул окуя менин психикама, интимдик жашоомо аябай доо кетирди. Бул окуя тууралуу эч кимге айткан эмесмин. 20 жылдан кийин бөлөлөрүмө айтып берсем, көрсө, ал киши аларды да кармалаптыр. Алар да уялып эч кимге айтышкан эмес экен.
Мектепте окуп жүргөндө 5 жигит мени сөгүп салган, коркконумдан эч нерсе деп айта албай туруп бергем. Үйгө келип алсыздыгыма кейип катуу ыйлагам. Бир жолу коомдук транспортто мени бир киши катуу сөгүп жатса, эч ким болушпай койгон. Ушундай учурларда кыз болуп төрөлгөнүмө өкүнүп кетем.
Миржан
“АТАМ КУРДУУ КИШИ ТИЙИШИП...”
– Тиш доктурлар үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп турат. 2019-жылы кезектеги конференция Жалал-Абад шаарында өткөрүлүп калды. Биздин облустан стоматологиялык уюмдун жетекчиси, мен жана биздин облустун башка районунун дарыгери болуп барып калдык. Биз ар башка мейманканаларга жайгашканбыз. Конференциянын илимий-практикалык бөлүгү аяктагандан кийин кечинде майрамдык сый тамак болорун айтышты. Конференциядан чыгып кетип баратканда ошол жетекчи “сага бөлмөмдү көрсөтсөм болобу?” деди. Укканыма таң калып, эч нерсе дебей кетип калдым. Уктап жатсам түнкү саат 12де чалды, телефонду алган жокмун. Таң атканда башка кесиптешим чалып “жарым сааттан кийин мейманкананын жанында чогулуп жолго чыгабыз” деди. Мейманканага жеткенде мага тийишкен киши экөөбүздү бөлмөсүнө чакырды. Жанымда кесиптешим болгондуктан эч нерсе кыла албайт деп ойлоп чогуу бардык. Такси келгенде кесиптешиме “чемодандарды машинага салып кел” деди. Мен коркконумдан дароо кесиптешимди ээрчип жөнөдүм. Тиги акмак колумду кармап “күтө турчу, сага бир нерсе айтышым керек болчу” деди. Кесиптешимди карасам ал “бат эле кайтып келерин” билдирди. Аны менен жалгыз калганда “эмнеге телефонду албайсың?” деп кармалап, тийишип баштады. Колго чаап, эшикти көздөй чуркап баратсам кесиптешим келип калды. Үйгө келгенден кийин аябай жаман болдум. Атам курдуу киши болчу, анын мындай ыплас жоругуна башка кыздар да туш келбеш үчүн бул окуя тууралуу ачык айткым келген. Бирок үлпөт тоюма даярдык көрүп калгандыктан убакыт болгон жок. Турмушка чыккандан кийин ал окуя унутулуп калды. Сиздердин бул долбооруңарды окуп башымдан өткөн окуяны жазууну туура көрдүм. Балким, ал киши өзү тууралуу окуп уялып калаттыр.
Айсанат
Динара Абдыкадырова