Концертке келиңиз
“Супер-Инфо” гезити жылдын мыктыларын тандап, ар жылы супер концерт өткөрүп келет да. Быйыл концерт 4-5-декабрда коюлмакчы. Концерт Улуттук филармонияда, кечки саат 18:00дө башталат. Быйылкы концерттин былтыркыдан өзгөчөлүгү бар. Андай өзгөчөлүк сахна жасалгасында, сценарийинде, алып баруучуларында, жадакалса жылдын мыктыларын тандоодо да байкалат.
КОНЦЕРТТЕ 8 АЛПАРУУЧУ
Буга чейинки концерттерибиздин тизгини 4 алпаруучуда болуп келген болсо, бул ирет алпаруучулук белгилүү 8 инсандын моюнунда. Алар жалпыга таанымал КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, популярдуу ырчы Кенже Дүйшеева, мегажылдыз Мирбек Атабеков, куйкум тамашасы менен элдин көңүлүн көтөрүп, шаңдуу маанай тартуулай алышкан Эрмек Нурбаев, Чыңгыз Мырзаев, Бакыт Байсариев жана “Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүлөрү Бегайым менен Жамиля.
“ЭЛДИН СҮРҮ БИР, АНАН ЖОЛДОШУМДУН СҮРҮ БИР БОЛУП ЖАТАТ”
Концерт алдында алпаруучулук милдетти моюнга алган Кенже Дүйшеева менен ырчы Мирбек Атабековго бир нече суроо менен кайрылдык.
– Кенже эже, 2009-жылы сиз “Жылдын супер ырчы айымы” наамын жеңип алгансыз. Бул жылы талапкерлердин арасынан кайсы ырчы мырзаны “Супер” деген атка татыктуу деп эсептейсиз?
– Албетте, баары өз-өзүнчө татыктуу. Бирок ошондой болсо да, мен Ильяз Абдыразаковго жан тартам. Бул бала көптөн бери шоу-бизнес жаатында тытынып иштеп, талантын көрсөтүп келет. Анын ырдаган ар бир ыры хит.
– Алпаруучулук сунушту укканда кандай ойдо болдуңуз?
– Бир ишиң болбой жатса, артынан сөзсүз жакшы кабар келет дегенге мен аябай ишенем. Бул сүйүнүчтүү кабарды уга элегимде Алматыда элем. Бир ишим жүрбөй, маанайым чөгүңкү болуп, аябай капа болуп жүргөм. Ошол күндөрдө силерден сунуш алып калдым. Кубанганымдан тез эле макул болгон экем. Кийин ойлонуп, ушундай чоң жоопкерчиликти алып кете аламбы дедим. Бирок буга чейин концерттерди алып барып жүргөн тажрыйбам болгондуктан, өзүмдү соороттум.
– Учурда кандай даярдык көрүп жатасыз?
– Биринчиден, өзүмдү моралдык жактан даярдап жатам. Кандай гана кырдаал болбосун, сабаттуу чыгып кетүү керек да. Анан чоң ишенич артылган соң сырткы келбетиме да көңүл бөлүүдөмүн. Бул жыл менин мүчөл жылым. Жыл башталарда эле сахнага кызыл кийим кийип чыгууну эңсеп келгем. Буюрса, жыл аягында, “Супердин” концертинде ишке ашканы турат.
– Сахнага чыгарда чочулоо сезими да болобу?
– “Ушундай концертти алпаруу сунушу түштү” деп жолдошум Талгатка кайрылганымда, ал “мен сени колдоп отурам” деген. Эми мага залда топтолгон элдин сүрү бир, анан Талгаттын сүрү бир болот окшойт. Андан сүрдөп, туура эмес бир нерсе сүйлөп албасам болду деген чочулоо сезими бар.
– Мирбек, үч жыл катары менен жеңүүчү аталып келдиң. Бул жылы “Супер ырчы айым” деп талапкерлердин кимисин көргүң келет?
– Менде ар жылы “жеңсем экен” деген толкундоо сезими жашаган. Андыктан талапкерлерге бул же тигил жеңет деген сөз катуу тиерин жакшы билем. Жакшысы, атын атабай эле коёюн. Татыктуусун эл баалап, таразалайт.
– Алпаруучулук жаатта канчалык тажрыйбаң бар?
– Алгач 2007-жылы Назира Айтбекова менен бирге Алихандын жеке концертин алып баргам. Толкундоо сезими, албетте, болгон. Бирок шеригим күчтүү болгондуктан, жөлөп-таяп алып чыгып кеткен. Андан бери бир нече жолу ал “баш кийимди” кийдим. Такшалган эле алпаруучумун дебейинби (күлүп).
“КӨРҮҮЧҮЛӨР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАКШЫ СЕЗИМГЕ БӨЛӨНҮШӨТ” Жылдын супер концертинин режиссёру Канат Култаев бул жылдагы концерттин өзгөчөлүгүн баса белгилеп өттү:
– Бул жылдын өзгөчөлүгү, биринчиден, баарыңыздарга маалым болгондой эле концерт жылдагыдай Спорт Ордосунда эмес, филармонияда өтөт. Ал жер ырчылар үчүн да, көрүүчүлөр үчүн да шарты жогорку деңгээлде. Филармониянын сүрү күчтүү, бул өзгөчө талапкерлерге тиешелүү. Андыктан алар мурункудан да аракетин күчөтөт дейм.
Сахна жасалгасы боюнча айтсак, көптөгөн жаңылыктарды киргизип жатабыз. Ал азырынча сюрприз боюнча калсын. Бирок бир нерсени айтып кетейин, көрүүчүлөр декабрдын 4-5де ал жерден Жаңы жылдык жакшы сезимге бөлөнүшөт.
Негизги басымды телевизиондук съёмкага буруп жатабыз. Жаңы жыл босогону аттап кирерде супер концертке кош келиңиздер!
ЖЕҢҮҮЧҮНҮ КАЛЫСТАР ЧЕЧЕТ. АЛАР КИМДЕР?
Негизи, жаңылыкка бай концерт болот десек адашпайбыз. Буга далил дагы бир мисал. Жыл сайын “Супер сулуу” сынагынын жеңүүчүсү СМС добуштун негизинде жыйынтыкталчу болсо, быйыл андан башкача. 10дон ашык сулуунун кимиси баш байгеге татыктуу экенин супер концерттин жүрүшүндө калыстар тобу чечмекчи.
Баса, калыстар демекчи. Буга чейин жылдын суперлери www.super.kg сайтынан жүргүзүлгөн тандоо жана СМС боюнча аныкталса, бул жылы алдыңкы үчилтик сайттан жүргүзүлгөн сурамжылоодон аныкталат. Ал эми жеңүүчүнү калыстар тобу чечишет. Калыстар тобу ар кайсы тармактын өкүлдөрү. Мисалы, саясат, шоу-бизнес, искусство, окурмандар арасынан, www.super.kg сайтынын активдүү колдонуучулары жана башкалар. Калыстардын ысымдары концертте гана жаңырмакчы.
Кулагыңызга күмүш сырга:
СААТ 18:00ДӨ БАШТАЛАРЫН УНУТПАҢЫЗ!!!
Эстен чыга электе айтып калалы. Концертке келүүчүлөрдүн кулагына күмүш сырга: концерт 18:00дө башталат. Жарым саат кечигип башталат десеңиз, жаңылышасыз. Бир мүнөт эрте эмес же кеч эмес, сааттын жебеси туптуура 18:00дү какканда сахнанын көшөгөсү ачылат. Жылуу, жумшак отургучта, жакшы маанайга бөлөнүп, концерт көргүңүз келсе, кечикпей келиңиз. Баса, билетти ошол күнү алам деп жүрө бербеңиз. Анткени ал күнү өз баасынан кымбат алып калышыңыз ыктымал. Билет баасы – 400 сом. Аны филармониянын кассасынан жана “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынан алдын ала сатып алсаңыз болот.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg