6-ДЕКАБРДАН – 12-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Көптөн бери жакшы маяналуу жумуш издеп жүрсөңүз анда бул аптада сизге ийгилик жылмаят. Иммунитетиңиз жогорулайт, ооруга чалдыксаңыз деле бат айыгып кетишиңиз күтүлөт. Үй жаныбарын сатып алууну көздөп жүрсөңүз аракет кылыңыз, убагы келди. Алыскы шаарга барууну пландап, бирок каражат тартыштыгынан барбай калышыңыз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чыгармачылык чымындарыңыз ойгонуп, оптимизм менен кубанычтуу маанай жаралат. Сүйүү сезимдеринин кучагындагыларга түгөйлөрү жагымдуу белек кылышы мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр балдары менен убакыт өткөрүүдөн ырахат алышат. Алар менен чогуу киного, оюн-зоок жайларына барып, өзүңүздөгү камкордук, жоопкерчилик сезимдериңизди күчөтөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жаңычылдыкка умтулуп, эскиден арылууга аракет кыласыз. Бош убакта үйүңүздү иреттеп, керексиз эски буюмдарды ыргытыңыз. Ошондо сергип, жаңы идея, пландарга киришесиз. Көп жылдан бери чогуу жашаган үй-бүлөлүү түгөйлөрдүн мамилелери чыңалып, майда талаштарды чоң чырга айлантып алуулары мүмкүн. Айрымдар түгөйүнүн таң калтырган жоруктарын угушат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Алыс туугандардан кабар алып, чогуу айылдап, ортодогу сууп бараткан мамилени бекемдөөгө ыңгайлуу апта. Буга чейин талашып-тартышып келген адам менен тил табышып компромисске барышыңыз мүмкүн. Табият коюнунда эс алууну жактырсаңыз барыңыз, сейилдеңиз. Апта аягында айрымдар өзүн начар сезип дарыгердин кеңешине муктаж болушу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада кирешеңиз көбөйүп, материалдык абалыңызды бекемдеп аласыз. Насыяга тиричилик буюмдарын сатып алууну көздөп жүрсөңүз аракетти баштаңыз. Буга чейин бүтүрө албай келген кагаз иштериңизди, документ чогултууларды аягына чыгарып жеңилдей түшөсүз. Аптанын экинчи жарымында кыз-жигиттердин ортосунда түшүнбөстүктөр орун алышы ыктымал.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ыр чыгарсаңыз же сүрөт тартсаңыз сизге өзгөчө эргүү келип, жараткан эмгегиңиз шедеврге айланышы ыктымал. Чачыңыздын түсүн же жасалгасын, кийинүү стилиңизди өзгөртсөңүз болот. Аптанын экинчи жарымында үй-бүлөлүк маселелерди чечүү менен алек болосуз. Унаа башкарууда сак болуңуз. Мүмкүн болсо алыскы жолго өз унааңыз менен чыкпай турганыңыз туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Убактыңыздын көбүн эс алууга жумшаңыз, балким, эмгек өргүүсүн алып ден соолугуңузга кам көрүп бир сыйра дарыгердин кароосунан өтөсүз. Жагымсыз окуяларды эске салган адам менен жолугуп калышыңыз мүмкүн. Ал адам менен баарлашууда ичиңиздеги таарыныч, кегиңизди чыгарып аласыз. Жалгыз бойлордун болочок түгөйү менен таанышуу кыялдары ишке ашпайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жакындарыңыз, кесиптештер, айтор, адамдар менен баарлашуу сизге кубаныч тартуулайт. Ал адамдардын маселесин же көйгөйүн чечип берген адамына айланышыңыз ыктымал. Социалдык тармактан таанышуудан абайлаңыз, алдамчылардын кылтагына илинип калышыңыз мүмкүн. Чакырылган кече, отуруштардан баш тартпаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көңүл ачууну кийинкиге жылдырып, сиздин катышууңузсуз бүтпөй турган жумуштарыңызды убагында бүтүрүп алыңыз. Көптөн бери жаңы өнөр үйрөнүүнү каалап, мисалы, ашпозчулук же тигүүчүлүктү үйрөнгүңүз келип жүрсө киришиңиз, анткени аптада сизге ийгилик жылмаят. Жумушуңузда кызматтан көтөрүлүп же маянаңыздын көлөмү көбөйүшү күтүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Саякатка чыгуу, жер көрүүгө болгон каалооңуз күч алат. Эгер убактыңыз жана каражатыңыз болсо жолдомо алып, эс алууга камына берсеңиз болот. Айрым студенттер башка окуу жайга которулуп, же дипломдук ишин ийгиликтүү баштап алышы күтүлөт. Эс алуу күндөрү түнкү клуб жана башка ызы-чуулуу жайларга баруудан карманыңыз. Жашооңузда пайда болгон жаңы адамдарга өзгөчө көңүл буруңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Психологиялык китептерди окуп, психологдун кабыл алуусуна жазылып өзүңүздү тереңден изилдөөнү каалап башташыңыз мүмкүн. Бул нерсе сизге кемчиликтериңизди бир сыйра карап чыгып, өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөгө өбөлгө түзөт. Конок күтүүнү пландабай туруңуз, анткени жагымсыз окуялар орун алышы мүмкүн. Дем алышта жалгыз эс алыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Достор жана өнөктөштөрүңүз менен болгон мамилеңиз активдешет. Жаңы, эмоционалдуу сезимдерди каалап турсаңыз түгөйүңүз менен үлпөт тойго, романтикалык кечеге, киного барыңыз. Аптанын экинчи жарымында документ толтурууда ката кетирип, убакыттан уттуруп коюшуңуз мүмкүн. Жаңы виртуалдык да, реалдуу да таанышуулардан этият болуңуз, жагымсыз окуяга кабылып калышыңыз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан