БИР БҮРКҮМ. КЫЗ АЛА КАЧКАН ЖИГИТ КАРМАЛДЫ...

  • ӨКМ: 11 айда өрт кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп катталды.
  • Бишкек мэриясы: Быйыл Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында майрамдык фейерверк атылбайт, себеп – экологиялык абалды ого бетер начарлатпоо.
  • Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалды.
  • 20-декабрдан тарта Екатеринбург-Тамчы аба каттамы ачылат.
  • Кербен жана Кара-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланды.
  • Социалдык фонд: Пенсияларды көтөрүүгө 2022-жылга 770 миллион сом каралууда.
  • “Унаа” мамлекеттик ишканасы Ички иштер министрлигинин карамагына өттү.
  • Баткендин Исфана шаарында 32 жаштагы келин уурулук кылмышына шектелип кармалганы маалымдалды.
  • Улуттук статистика комитети: Өлкөдө 9 айда 28 965 киши каза тапты.
  • БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдарынан 5 пайыздан ашык добуш алган талапкерлерге күрөөгө койгон акчасы кайтарылып берилет.
  • Жалал-Абад шаарында 8-декабрь күнү 17 жаштагы кызды ала качкан 27 жаштагы жигит кармалды.
  • 8-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 848 миллион метр кубду түздү.
  • Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн 7-декабрда 71 миллион 300 миң доллар сатты.
  • 2020-жылы жарык дүйнөгө келген ар бир бешинчи ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөнү расмий маалымдалды.
  • "Түндүк электр" ишканасы карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгын өчүрөт.
  • Милициянын кайгуул кызматы: Автоунаалардын алдынкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөндөргө 5500 сом айып салынат.
  • Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкери бирөөнү 135 миң долларга алдап кеткен деп шектелип, издөө жарыяланды.
  • Бишкекте 3-декабрь күнү 2 мектеп окуучусун ит тиштеп алып, окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
  • Бишкектеги жаңы конуштарда документи жок 7227 үй бар экени айтылды.
  • Түркиянын Измир шаарында 6-декабрь күнү Кыргыз жараны төрөттөн көз жумду.
  • БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов отставкага кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан