Кыргызстандын "Улуттук энергетикалык холдинги" билдирүү жасап, маалыматты тастыктады. Анда Казакстан менен товар алмашуу боюнча келишим бар экени айтылат. Кыргызстан суунун ордуна Казакстандан кышкысын электр энергиясын алганын билдирет мекеме. 9-декабрда Кыргызстандын Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу агызылбаганын, келишимге ылайык, электр энергиясы кайтарылып жатканын, ал электр энергиясын Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтери өндүрүп жатканын маалымдады. Казакстандан 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр жарыгын алуу, аны жай мезгилинде кайтаруу тууралуу келишим бар экени белгиленди.
– Кыргызстан 2021-жылдын июнь-август айларында Казакстанга 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын кайтарып берди,- дейт министрлик. Суунун ар бир метр кубу электр энергиясына айлантылып жатканы кошумчаланды. Парламент депутаттары ушул маселе боюнча министрлер кабинетинен так маалымат угууну талап кылышууда.
Лунара Бекиева