– Азыркы ааламдашуу, пандемия шарттарында жемкорлукка каршы күрөшүү маселелери актуалдуу бойдон калууда. Анткени алар дале болсо мамлекеттик мекемелер менен коомдук турмуштун туруктуулугуна коркунуч жаратып келет. Ушул тапта мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин өркүндөтүү маселеси, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу, жемкорлук көрүнүштөрүнө катыштыгы барларды расмий кызматтарга жолотпоо, бул маселелерди чечүүгө коомчулуктун катыштыгын кеңейтүү, калк арасында коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу чаралары артыкчылыктуу багыт катары каралууда. Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат,- деп айтылат кайрылууда.
Президент Башкы прокуратурага "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгууга тапшырма берилгенин билдирди.
Лунара Бекиева