ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН КУРМАНДЫКТАРЫНЫН КӨБҮ – АЯЛДАР

Үй-бүлөлүк зомбулук физикалык, сексуалдык, психологиялык же экономикалык зомбулуктун бардык түрлөрүн билдирет. Ал үй-бүлөдө, үйдө, чогуу жашаган же ажырашкан жубайлар же жолдоштор ортосунда болуп, зомбулукка кабылган адам менен зордукчу бир жерде жашап жашабаганына байланыштуу эмес. Ал жынысына карабастан, жабыр тарткан адамды да зомбулук көрсөткөн адамды да камтыйт, анын ичине балдарга жана улгайган адамдарга карата жубайлар ортосундагы зомбулук дагы кирет.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары көбүнесе аялдар. Өлкөбүздөгү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу белгилүү мекендештерибиздин пикирлерин угуп көрдүк.

“ЗОМБУЛУКТАН КОРГОНУУ ҮЧҮН КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮП АЛГАН”

Мухайё Абдураупова, адвокат, Ош шаарынын тургуну:

– Мындан эки жыл мурун 29 жаштагы Гүлжан Пасаңова Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) боюнча күйөөсүнүн өлүмү үчүн айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылды. Сот аны энелик укугунан ажыратып, балдарын маркумдун туугандарына берүү чечимин чыгарган. Гүлжан күйөөсүн кокустук менен өлтүрүп алган, ага чейин 7 жыл бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келген. Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалган Гүлжан соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Анын денесинде көк ала тактар менен кошо түрдүү тырыктар бар экени тастыкталган. Гүлжан өзү да күйөөсү менен жашаган 7 жыл аралыгында андан зомбулук көрүп келгенин айткан. Бирок тергөө да, шаардык сот да бул фактыны эске алган жок. Анын жашы жете элек 2 баласы күйөөсүнүн туугандарына берилди. Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип жаткан Гүлжан Пасаңованын ишин адилет карап, кылмышка барууга түрткү болгон жагдайларды эске алуусун өтүнүп, эл аралык “Адилеттүүлүк үчүн” Жордж жана Амаль Клунинин фонду Ош облустук сотуна кайрылган. Ош облустук сотунун соттук коллегиясы Гүлжан Пасаңованын иши боюнча доо-арызды карап, мурунку шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Мындан тышкары айыпталуучуга карата мунапыс колдонуп келиндин жаза мөөнөтүн үч жылга кыскарткан. Учурда биз БУУнун астындагы аялдарга карата дискриминацияга каршы комитетине даттанууну жөнөттүк.

“ЭНЕСИНИН ТОКМОК ЖЕГЕНИН КӨРҮП ӨСКӨН КЫЗ ЗОМБУЛУК КАДИМКИ КӨРҮНҮШ ДЕП ЧОҢОЁТ”

Назира Айтбекова, алпаруучу:

– Үй-бүлөдө энесинин атасынан токмок, таяк жегенин көрүп өскөн кыздын аң-сезиминде “үй-бүлө деген ушул турбайбы, бардык аялдар токмок жеп чыдап жашашы керек экен” деген ой калыптанып калат. Күйөөнүн кол көтөрүүсүн кадимки көрүнүш деп эсептейт. Эркек балада ушундай, атасы апасын урганын көрүп өскөн бала кийин өзүнүн аялына кол көтөрүп, ал жоругун нормалдуу көрүнүш катары эсептейт. Коомчулук бул нерсени “үй-бүлөдө казан-аяк кагышат” деген шылтоо менен актайт. Эгер мындай сценарийди өзгөртүүнү кааласак, кызым кийин төпөш жебесин десек, балдарга зомбулукту көрсөтпөй тарбия беришибиз керек. Ар бир адам “мен бактылуу жашоого, сүйүүгө татыктуумун” деп жашашы зарыл. Өзүн басынтканга, кемсинткенге эч качан уруксат бербеш керек.

“МОЮНУНА ДӨҢГӨЛӨК ИЛИНИП КОРДОЛГОН АЯЛДЫН ОКУЯСЫНАН УЛАМ ЫР ЖАРАТКАМ”

Чолпон Талипбек, ырчы:

– 2020-жылы моюнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аялдын окуясы мага катуу таасир берди. Биздин коомдо “аял киши үйүндөгү көйгөйдү сыртка алып чыкпаш керек” деген тар ой калыптанып калган. Мындай стереотиптүү ой-пикирлерден көп аялдар жабыр тартат. Мен аталган окуядан таасирленип биринчи жолу кыргыз тилинде “Барба” деген ыр жаздым. Кордолгон аялга “кайра кайтып барба, бир кылган катасын экинчи жолу да кайталайт, күйөөңдүн курмандыгы болбо, өзүңдү биринчи кезекте сүй, эл эмне дейт деп коркпо” деп айткым келген. Ырым менен аял зомбулукка чыдап жашабашы керек, ден соолугун, өзүн ойлошу керек деген ойду угармандарыма жеткире алдым деп ойлойм. Чыныгы сүйүү бар жерде зомбулукка орун жок. Зомбулукка, психологиялык басымга чыдап жашабоо керек. Кордук көргөн аялдар эмнени күтүшөт, өмүрүнө кол салуунубу же оорукчан болуунубу? Биз үй-бүлөдө балдарыбызга жакшы мисал болуп, мыкты тарбия беришибиз керек. Ошондо аялды сыйлаган, барктаган балдар чоңоёт.

“КЫЗБЫ, ЭРКЕКПИ, БИЛИМ АЛЫП, КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУШУ КЕРЕК”

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты:

– Балдарга, аялдарга карата зомбулук көйгөйлүү маселелердин бирине айланды. Адам өлүмүнө жеткирген окуяларга күбө болуп жатабыз. Учурда биз үй-бүлөлүк зомбулуктар жөнүндө катаалданткан мыйзамды киргизели деп коомдук талкууга коюп жатабыз. Бирок аталган маселени жалаң гана жаза түрүндө деп чече берсек, өз жыйынтыгын бербейт. Албетте, адам күнөөсүн сезип, аны моюндаш үчүн адекваттуу жаза болушу керек. Бирок бул үй-бүлөлүк маселе болгондуктан көпчүлүк жабырлануучулар тосмо арыз жазып берип, жоопкерди актаган окуялар аз эмес. Айрым зомбулук көргөн айымдар материалдык жактан күйөөсүнөн көз каранды болушат, өзү иштеп кете албайт. Зомбулук кылмыш экенин коомго сиңирүү үчүн жалпы маалымат каражаттары, укук коргоо органдары, коомчулук өзү да аралашыш керек. Маселени тереңинен карасак, эркекпи, кызбы, билим алып окуп, кесипке ээ болуусу шарт. Ошондо ой жүгүртүүсү өзгөрөт, зомбулукту кадимки майда үй-бүлөлүк маселе катары карабай калат.

«АЯЛДАР ЭРКЕКТЕРДЕН КЫЙЫН ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕП КОЮШТУ»

Урмат Борченов, алпаруучу:

– Менин байкашымча, учурдун эң кыйын балдары – апасынын балдары. Анткени аларды апасы баккан, тарбиялаган, чоңойткон. Атасы ичип, балдарын таштап же башка нерсе кылып жүргөнүн айтышат көбү. Бир мезгилде үйдө бекер отурган эркектер көбөйүп кеткен. Азыр деле аялдардын коомдо орду эркектерге салыштырмалуу алда канча алдыда. Баласына, жубайына зомбулук көрсөткөн эркек өзү балалыгында сүйүлбөй калган, жетиштүү мээрим албай калган болуш керек. Андай эркектер менен өзүнүн тилинде, муштумдун тили менен гана сүйлөшпөсөң түшүнбөйт деген ой пайда болот.

“ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК АЯЛГА КҮЧ КОЛДОНБОЙТ”

Эрназар Акматалиев, спортчу:

– Зомбулук тууралуу жаңылыктарды акыркы учурларда интернеттен көп окуп калдым. Бул мени кейитет. Чыныгы эркек алсыз аялга күч колдонбойт. Терс окуяларга көбүнчө эркектер мас абалында барышат экен.

Андыктан баарын дени сак жашоого үндөйм. Аракечтик бекерчиликтен чыгат, андыктан иштөө, кайрымдуулук иш жасоо, ыктыярчы болуу, спорт менен машыгуу керек.

“КРИЗИСТИК БОРБОРЛОРГО КАЙРЫЛГАН АЯЛДАР ЧОҢ ОКЕАНДЫН КАНЧА БИР ТАМЧЫСЫ ЭЛЕ”

Зарина Турукманова, Талас шаарындагы “Маана” кризистик борборунун жетекчиси:

– Бизде Талас шаарында укук коргоо органдары зомбулуктун саны өткөн жылдарга караганда азайды деп айтып жатышат. Мунун себеби – жубайлар урушуп, аялы күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазганда күйөөсү мамлекетке айып пул төлөйт. Ошол айып пулду күйөөсү төлөбөй, кайра аялы төлөгөн окуялар бар. Аял киши “ошондон көрө ал акчага балдарыма азык-түлүк, кийим-кече алганым артык” деп укук коргоо органдарына экинчи кайрылбай коёт. Укук коргоо органдарына, кризистик борборлорго кайрылган аялдар чоң океандын канча бир тамчысы эле, реалдуулукта зомбулук көргөндөр оголе көп. Көпчүлүк зомбулук көргөн айымдар аны ачыктабайт, жашырып, чыдап жашашат. Зомбулук менен күрөшүүдө таасирдүү жыйынтык бере турган жолду тандашыбыз зарыл. Болбосо кайгылуу окуялардын аягы суюлбайт.

Лунара Бекиева

 

Бул материал «Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү» кампаниясынын алкагында USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалда көрсөтүлгөн ой-пикирлер USAID'дин, АКШнын өкмөтүнүн же FHI 360 уюмунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Monsterbek
2021-12-15 14:29:43
Аялдарга зомбулук кылаардан мурун эркектер биринчи "Менин апама атам кандай мамиле кылаарын мен каалайт болчум?" деген суроону бериш керек! Аялды урган эркекти барып жалпы эркек урса да аздык кылат!
0
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА